Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Арийне, тартыштыгы көп учурда өмүр сүргөндөрүнөн ар биринин өзүнө таандык жетишкендиги, кемчилиги, же пендечиликтери да болгон чыгар… Бирок, өз улутунун рухий байлыгын жараткан ушул инсандарды унутуу, же сызып таштоого аракеттенүү тарыхка жасалган кыянаттык болор эле. Булардын ортосундагы достук кийинки урпактардын биримдигине айланды.

Кайсы бир жылы Москвада Жазуучулар Союзунда үйүндө Гафур Гулям менен жолугуп калдым.

– Чыңгыз иним, зилзала ушунчалык бүлгүнгө дуушар кылды,– деп кемшеңдеп ыйлады. Апааттан кийин Ташкент үрөй учура кыйрап, бүткүл эл аза күтүп жаткан учур эле. Ооба, улуу адамдын кайгысы кай заманда да улуу болгон эмеспи?

Шаханов. Башкасын кой, достугу – аңыз, ар бир кездешүүсү – майрам сыяктуу эле. Өзбектин көрүнүктүү калемгери Насыр Фазыловдун «Мээрим» аттуу эскерүүсүндө Сабит Муканов тууралуу айтылат. Ошол эскерүүдө мындай бир кызык баян бар.

Ташкенттен мейман болуп келген Айбек досун Сабең машинага олтургузуп алып, чер-токойлуу Ала-Тоонун көрктүү табийгатын көрсөтүп жүрбөйбү? Жол боюнда чөккөн нардай болуп жаткан жумуру кызыл гранит таштын жанына келишип эс алышат.

Айбек агабыз табият өзү жасаган көрктүү ташты айланып көрүп, «Зор экен, кандай керемет!» деп башын чайкай бериптир.

– Жактырып калдыңбы, Айбек? – дейт жанына басып келген Сабең досун сынай карап.

– Жакканда да кандай!

– Анда сага бул ташты белекке берейин. Бир гана мен эмес, жалпы казак калкынын өзүңө мингизген аргымагы деп бил!

Айтылуу «Медеу» капчыгайында жаткан ошол ташты Айбек алдым деп кетет, Сабең баш-оту менен бердим деп калат. Досун узаткандан кийин Сабең скульпторчу Егор Самойловичти ошол кызыл гранитке ээрчитип келип:

«Бул жумуру ташты боорум
Муса Айбекке тартууладым.

Сабит Мукан уулу 3. VI. 1962-жыл»

деп өчпөстөй кылып ташка чегип жаздырат.

Кучагына ойду да, сырды да бүтүндөй сыйдырган, тулку боюнан ашып-ташып жүргөн кайран Сабең ошол күнү чоң бир ишти бүтүргөндөй үйүнө көңүлү жайлана кайтыптыр.

– Не бир колу ачык, жоомартты көргөн элем, бирок тоонун ташын тартуулаган Сабиттин жанында алардын бири да шоона эшпей калды, – деп Айбек агабыз досунун марттыгын көзү өткөнчө оозунан түшүрбөй айтып жүрүптүр.

Айтматов. Ооба, так ушул көрүнүштө эки калемгердин достугу да, азилдешкени да, марттыгы да жатат.

Шаханов. Чыке, биз адабият менен искусстводогу айтылуу инсандарды бир аз эскерип өттүк. Эми накта кара күч ээлеринен да кеп козгосок.

Айтматов. Кыргыз менен казакта далысы жерге тийбеген не бир балбандар өткөн го.

Шаханов. Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып, бир укум жердин чаңын чыгара күрөшүп, 48 медалды жеңип алган Кажымукан Муңайтпасов тууралуу далай уккан чыгарсыз?

Айтматов. Укпаганда… Даңктуу Поддубныйдын шакирти, дүйнөнүн түркүн-түркүн чемпиону аталган Кажекең эмеспи?

Шаханов. Ары барбай эле коёлу, соңку бир жарым кылым аралыгында казак аялы канча миллиондогон уул тапты экен? Бирок, ошолордун бири да күч жагынан ушу Кажымукандан аша албаптыр. Жашыра турганы жок, өзүм Кажымукан туулган жердин перзенти болгондуктанбы, же жаштайымдан ал тууралуу аңыз кептерди көп уккандыктанбы, айтор азыркы балбандардын күрөшкөндөрүнө моокумум канбай койду. Таза салмагы аз, чыныгы балбандардын кармашы кээде көзүмө өзүбек агайындардын бөдөнө уруштурганындай гана сезилет.

Ал эми жарыктык Кажымукандын жөнү башка. Оң түштүк Казакстан облусунун Темирлан селосундагы балбандын музейинде арабага олтурган 20 адамды тиши менен тартып бара жаткан сүрөтү бар. Бул эле эмес, тракторду артынан кармап токтотуп, машинаны көкүрөгүнөн өткөргөн кайышпас кара нардын адам айтса ишенгис тирүү жанда жок балбандык иштери жетишерлик.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>