Айтматов.«Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт» деген ушу. Акындык эркелик менен кекселик кандай жуурулушуп жатат. Жалпы казак менен кыргыздын төкмө акындары Сүйүнбай менен Катаган, Жамбыл менен Токтогул, Тоголок Молдо менен Үметалы, Кенен менен Алымкул коюнколтукташып, эки элдин биримдигине, төкмөчүлүк өнөрүнө данакер болушкан.
Жамбыл менен Шабдандын өз ара өтө сыйлашып, акыреттик дос болушканы эки элдин достугунун тарыхый күбөсү.
Шаханов. Ооба, Шабдан баатыр орус армиясынын полковниктик чини менен дворяндык наамын алган, бирок бул даражасын кимдир бирөөлөрдөй өз кызыкчылыгына керектебей эл мүдөөсүнө жумшаган. Анан калса да ал кыргыз менен казак өнөрпоздорун бирдей сыйлап, кадырлап, өзү даңкы таш жарган бийликте турган манап болсо да кичи пейил, колу ачык, жоомарт адам экен.
Ушул жагдайда сырдашып олтурганда президент Аскар Акаев айткан мындай бир аңгемелер эске түшөт…
Казактын Жети-Суусун ыр менен терметкен Жамбыл айылдын тоң моюн, болуш, бийлерине таарынса «бир боор кыргызыма, Шабданыма кеттим» деп Ала-Тоонун күңгөйүн бет алып жөнөчү экен. Бир күнү Чоң Кеминди жайлаган Шабдан манап генерал-губернатор Колпаковскийдин тез кел деген буйругунан улам тачанкасын чектирип, жанжагына жигит-желдеттерин коштой жөнөй бергенде, эшигинин алдына Жамбыл келип, атынан түшүп жатыптыр дейт.
– Токтогула! Колпаковский жарым падыша болсо да, Жамбылдан улуу эмес. Сапарга эки-үч күндөн кийин Жакеңди жөнөтүп койгон соң деле жөнөйбүз,– деп Шабдан акын досуна атайы алты боз үй тиктирип, айылындагы өңчөй жакшыларды түгөл калтырбастан чакырыптыр. Ошондо Жамбылга «Манасты», «Суранчы баатырды» таң аткыча ырдатып, черлерин жазышкан экен. Шабдандын апасы Баалы байбиче: «Кулунумдун мырзалыгы кичине наристе кезинде эле көзгө түштү. Үч жашка толгуча эмчегимди жалгыз өзү эмбей, коңшу-колоңдун өзү теңдүү балдарын ээрчитип келип бирге эмээр эле»,– деп айтар эле дешет уккандар.
Кыргыз менен казакка жоомарт мүнөзү аркылуу атагы кеңири тараган Шабдандын жигит кезинде түшкөн сүрөтүндө төшүнө таккан эки алтын медалы бар. Кийин картайып базары таркаган чагындагы сүрөтүн көргөндөр ошол медалдын бирөө эле калганын баамдашат. Ушунун өзүндө бир сыр жатат. Бир күнү Шабдан үйүндө олтурса кайыр сураган киши каалгасын шыкаалаптыр. Ал – жайын сураса, жашынан жетим калган агайынтуугандары жок бир кембагал экен. Шабдан ага кайыр-садага берейин деп жан жагын кайсаласа, колуна эч нерсе урунбаптыр. Ошол учурда анын бардык байлыгы түгөнүп, жалгыз көк букасы калган кези экен. Ушинтип турганында көкүрөгүндө шыңгыр этип жарашып турган орус империясы берген кош алтын медалдын бирин чечип, алиги кайырчынын алаканына салат:
– Пишпектин базарына апарып акча кыл, же малга айырбашта. Мына бул тилемчилик өмүрүңдү өркүндөтүүнүн камын же,– дептир.
Баяке дегендин оту менен кирип, күлү менен чыккан Седеп аттуу күңү болуптур. Өзүнүн көзү кылый, тили чулдур, үрүп чыгаар ити да жок, эки керегенин башын кошоктоштуруп байлаган алачыгы гана бар бечара, ара-чолодо зээни кейип, ыза болгондо:
– Же эр албады, же жер албады,– деп өзүнүн кейиш түү тагдырын жемелейт экен.
Бир жылы Баяке жакадан кыштоого көчкөндө алиги аял эски журтта жападан жалгыз калып, түнү менен алачыгын карышкыр айланчыктап, чымындай жаны көзүнө көрүнөт. Эртеси бешим ченде эшик алдында олтурса, тээтигиндейден желе жортушуп Шабдан менен Баяке баштаган бир топ салт аттуулар өтүп бара жатышыптыр. Буларды көрө сала жүрөгү жарыла кубанган Седеп:
– Чабдан баатый, максым ичип кетиңиз,– деп чыйылдап кыйкырат. Муну уккан Шабдан жанындагы бий болуштардын жактырбагандарына карабай, атынын башын алачыкка буруптур. Шабдан баатыр Седеп сунган чети сынык идишке куюлган суусундукту ала бергенде:
– Эй, күң, мунуңду баатыр ичпейт. Алып кет ары,– деп Баяке колун кагыптыр.
– Салт боюнча адам даамдан улук эмес. Апкел бери,– деп ат үстүнөн Шабдан максымды тартып жибериптир.