Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



аттуу чыгармаңыздын да көп монологдорун жатка айтаар эле. Окуучусу болгон соң сыймыктанат чыгар, менин да алгачкы балдыркан ырларымдын бир нечесин көркөмдөп, жатка айтчу. Ошол окутуучунун оозунан мындай аңыз кепти укканым бар.

Ауэзов өмүрүнүн соңку жылдарында Оң түштүк өңүрүнө жаңы роман жазуу максатында бат-бат келип турчу экен. Адил Ермеков бир олтурушта Мухаңдын агынан жарыла айткан аңгемесинин күбөсү болуптур.

Мухаң Каныш Сатбаев экөө Ленинградда окуп жүргөндө бир цыган аялга төлгө ачтырышкан экен. Сатбаевдин алаканына үңүлө карап:

– Көптөгөн кыйынчылыкка кез келесиң. Бара-бара ошонун баарын жеңип, атагы алыска кеткен чоң окумуштуу болосуң,– дейт алиги аял.

Ал эми Ауэзовдун колуна келген кезде көпкө ойлонуп туруп калыптыр.

– Сенден да өтө чоң адам чыгат. Даңкың дүйнөгө тарайт. Бирок тагдыр жолуң өтө оор, кыйма-чиймелүү. Эчен ирет өлүмдөн калып, азап чегип жүрүп, зор урматка жетесиң. Үч ирет үйлөнөсүң. Ажалыңды акыры бычактан табасың,– дептир.

Айланасында тегеректеп олтургандарга Ауэзов:

– Өмүр жолумдун өтө кооптуу, кыйма-чиймелүү болгону ырас. Коогалуу жылдары «эл душманы» катарын да атылып кетишим ыктымал эле. Капыстан өлүмдөн калдым. Анын атактуу болосуң дегени да жарым жартылай туура чыкты. Айтканындай зор адам болбосок да, бул күндө атыбызды бир аз журт билет…

Үч никелүү болосуң дегени да айныксыз туптуура келди. Ажалың – бычактан дегени гана чоочуркатат. Кеч калбаганга, түнкүсүн жалгыз жүрбөгөнгө аракет тенем, – дептир.

Чыке, Ауэзовдун Кремль ооруканасында жатып, операция үстүндө көз жумганы баарыбызга белгилүү. Акыры ажалын бычактан тапты.

Айтматов. Эх! Тагдыр десеңчи! Мухаң менен акыркы ирээт 1961жылы ооруканага жатар алдында «Моск ва» мейманканасында жолуктум. Өзү абдан көңүлдүү экен. Үйүнөн ала келген казы-картасы менен ашыкпай чай ичип, ата-баладай ээн-эркин сырдашып түнкү саат бирге чейин олтурдук.

– Кунцево ооруканасына жатканы келдим. Полип деген залалсыз шишик көрүнөт. Күч-кубатым бар кезимде кутулганым жөн чыгар, – деди.

Улуу устаттын жылуу дидарын акыркы ирет көрүп, колунан даам сызып, акыркы ирет кебин эшитип турганымды билсемчи! Эртеси күнү оюмда эч нерсе жок мен Фрунзеге* учуп кеттим…

Шаханов. Мухаңдын француздун атактуу калемгери Луи Арагондун Москвага келгендигинин урматына арнап чай бергенин уккан белеңиз?

Айтматов. Жок. Бирок, экөөнүн өтө жакын дос экенин жакшы билемин.

Шаханов. Мухаңдын өзү да көргөндүн көз жоосун алган кең далылуу адам эле го. Чайга Динмухамед Кунаев менен Каныш Сатбаев да келиптир. Бейиши болгур, калкыбыздын бул эки атуулу тең алыбеттүү, узун бойлуу кишилер эле. Булардын жанында дагы бир бойлуу жигит катышыптыр. Төртөөнүн келишимдүү келбетине, акыл-эсине ыраазы болуп олтурган Луи Арагон сөз арасында:

– Казактардын баарысы ушул сиздердей алыбеттүү келишеби? – деп таңданыптыр.

– Ооба, элибиз ирдүү. Ошолордун ичинен эң эле кортосу мен,– деп Мухаң тамашага чаптырбайбы. Луи Арагон ишенип кайра-кайра таңдана бериптир. Так ушул кезде бөлмөгө ошол кездеги республикабыздын идеологиясын башкарган, улуттук искусствобузга пайдасынан зыяны көп бир бекене бойлуу киши тыкчыңдап кирип келбейби.

– Это исключение,– деген экен ошондо Мухаң, жулуп алгандай.

Ауэзовдун айтылуу «Абай жолун» француз тилине которуп жүргөн Луи Арагондун сиздин чыгармаларыңызга назар салуусуна Мухаң бирден бир себепчи болгону белгилүү.

Бул оюбузду Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавляновдун мындай эскерүүсү бекемдей алат: «Ысык-Көлдүн жакасына салынган кең дачанын төрүндө Мухаң Сократтыкындай калың, нары жазы маңдайын чоң ак бет аарчысы менен кайра-кайра сүртүп коюп эркин сүйлөп олтурду. Сөз адабият менен искусство жаатына келгенде Айтматовду алды менен оозго алып: «Чыңгызга азырынча Орто Азия менен Казакстанда, а түгүл Союзда тең келээр калемгер жок. Мен өзүм Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү комитеттин мүчөсү эмесминби? Не бир макталган чыгармаларды окуп жүрөм. Бирок Чыңгыздын «Жамийласындай» чыгарманы алардын ичинен азырынча жолуктура элекмин.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>