Шаханов.Мухаң Саякбай Каралаевди өзүнүн жеңил машинасына олтургузуп, Алма-Атага алып барып, Казак мамлекеттик университетинин студенттеринин алдында жолугушуу өткөрүп: «Кыргыз менен казактагы могикандын соңку туягы ушу. Көрүп калгыла» – деп «Манас» айттырганы өзүнчө бир кайталангыс тарыхый көрүнүш болгон.
Жазуучу өмүрүнүн соңку жылдарында Ысык-Көлдөгү дачасына тез-тез келип, Манас жөнүндө, Саякбай менен Бөлтүрүк балбанды камтыган чоң эпикалык роман жазууну көздөп, даректерди жыйнай баштаганын журттун көпчүлүгү биле бербесе керек. Бирок тилегине укурук, максатына темир кишен салган тагдыр чиркинге айла жок экен го дейсиң?
Кайсы бир жылы «Жалын» журналында башкы редактор болуп турган кезимде, Луи Арагондун асырап алган баласы Жан Риста мейманга келген. Ала-Тоонун ажайып көрктүү табиятын аралатып, ээн-эркин сырдашып жүргөнүмдө Жан Риста Сизди Луи Арагондун XX кылымдын көрүнүктүү, саналуу перзенттердин бири иретинде зор урматтап өткөнүн эсине алды. Үзөңгүлөш сапарында колтугуңуздан жөлөп таяган кош устатыңыздын алдында өзүңүз да шакирттик парзыңызды өтөдүңүз. Луи Арагон тиги дүйнөгө сапар алганда арбагын эске алып макала жаздыңыз, маркумдун рухуна таазим этүүгө атайы Парижге барып бата кылдыңыз. Ал эми Ауэзовдун бир кездеги идеологиялык жактан карамакаршы, зыяндуу чыгарма деп бааланып, саясаттын өткүр кайчысына тушуккан «Дүрбөлөң заман» романын тоталитардык мезгилдин учурунда арага чоң беделиңизди салып союздук «Новый мир» журналына баш сөзүңүз менен жарыялатып, элге жүздөштүрдүңүз. Ушул зор эмгегиңиз үчүн казак элинин баштагыдан да өзгөчө сүймөнчүлүгүнө бөлөндүңүз.
Болбосо, «өзү жетээрине жетип алган кыз төркүнүн тааныбастык» кылып жүргөндөрдүн эчендерин көрдүк го. Мындай бой көтөрүүчүлүк сизге жат. Кишичиликтин өзүндө улуулук жаткандыгын ушундайда дагы бир ирет далилдеп чыктыңыз.
«Бөтөн журттун босогосун аттаганда канжыгамда жүргөн эки улуттук асылым бар. Алар «Манас» менен Мухтар Ауэзов. Сиз кимсиз, казаксызбы же кыргыз сызбы? – деп сурагандарга мен алды менен ушу эки улуттук кенчибиз тууралуу сөз козгоймун. Булар менин калкымдын символдору» деген терең оюңуздун айкын көрүнүшү эмеспи?
Айтматов. Мындай азаматтыкка азаматтык менен гана жооп кайтаруу, же экөөнүн мага кылган жакшылыгынын жүздөн бир бөлүгүн да актай алганым жок.
Шаханов. Казакстан Республикасынын элчиси болуп кыргыздын касиеттүү топурагын баскан чагымда өзүм менен бир өкүнүч кошо келди…
Айтматов. Ал кандай өкүнүч?
Шаханов. Саякбай Каралаевди көрө албаганым. Көрүнүктүү режиссёрлор Т. Океев, Б. Шамшиев менен М. Убукеевдердин даректүү фильмдеринен анын «Манасты» айтканын эчен ирет көрүп ырахаттандым. Ар бир кыймылына, окуянын өсүпөнүгүшүнө, чиеленишине карай үнү уламданулам кубулуп олтурганына, акындык, айтуучулук дареметине далай ирет куштар болгонуман ушунчалык толкунданып, көзүмө жаш алдым. Канчайым келиниңиз экөөбүз дүйнөдөн эрте өткөн акын досум Жолон Мамытовдун жубайы Меңдини, перзенттери Айгерим менен Азаматты ээрчитип, улуу манасчынын арбагына багыштап куран окуттуруп, бейитине гүл койдук.
XX кылымдын ушул улуу феномени кандай жагы менен эсиңизде калды?
Айтматов.Тагдыр айдап кайсы бир жылы Сакең менен бирге Чүй өрөөнүндөгү айылга барганым эсимде. «Каралаев келиптир» деген кабар туш-тушка желдей тарап кетти. Алыскы жайлоолордон, тоо этектериндеги фермалардан машинага, тракторго жармашып, айтор жөө-жалаңдаган көпчүлүк туштуштан агылды дейсиң. Каралаевдин өнөрүнө куштарлангандардын көптүгү ушунчалык, колхоздун клубуна батпай, жарымы сыртта калды. Муну көргөн Каралаев «Манасты» ачык асман астында, эл ортосунда айтмакчы болду. Саякбай клуб алдындагы секичеге олтурду да, тегеректеген элдин көпчүлүгү малдаш урунуп, жерге олтурушту. Кээ бирөөлөрү машинанын үстүнө чыгып, айрымдары ат үстүнөн улуу дастанга кулак түрүштү. Бир маалда көк жээктен көтөрүлгөн кара булут так төбөгө келди да, ыйын токтото албагандай нөшөрлөтүп жиберди. Бирок Каралаев жамгыр менен жарыша ыр төктү. Үстүмдөгү жаңы костюмумдун сыны бузулат деп кооптонсом керек, өзүм жалгыз клубдун бурчуна барып корголопмун. Карасам өзүмдөн башка эч ким жок. Бирөө да былк этээр эмес. Уялганымдан кайра көпчүлүккө келдим. Үстүнөн төккөн жамгыр өтмө катарынан өтсө да, улуу дастан аякталмайынча ордунан козголгон эч ким болгон жок…