Айтматов. Мухаң күтүлбөгөн жерден каза болгондо мен Алма-Атага учуп келгемин. Бишкектен Аалы Токомбаев, Сүйүнбай Эралиев баштаган үйүрмө топ келишти. Ошондо Мухаңдын табытынын бир четин көтөргөн Бөлтүрүк балбандын эки ийини бүлкүлдөп, үнсүз ыйлап бара жатканы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Азыр ал да бул дүйнөдө эмес…
Шаханов. Чыке, кең пейил кыргыз элине алгач ирет менин көңүлүмдү бурган сиздин жазда жарк эткен, эч кимге окшобогон жаркын чыгармачылык өзгөчөлүгүңүз болсо, экинчиден оозун ачса жүрөгү көрүнгөндөй, ачык-айрым мүнөзү менен бооруна алган, кыргыздын улуу Манасына, айчыктуу асемденген табигатына, кыйла-кыйла тарыхына өзгөчө куштарлык менен, өзгөчө жакындык менен үңүлүшүмө түздөн-түз таасир эткен Жолон Мамытов болду.
Алгач ирет жаш жазуучулардын Москвада өткөн кеңешмесинде таанышканбыз. Пейили талаадай кең, көңүлүнө жаккан адамга ар дайым боор этин кесип берүүдөн кайра тартпаган кыргыздын ушул бир жоомарт, таланттуу акыны менен акка моюн сунгуча дос болдум. Арийне, эми калган өмүрүмдө андай досту тапмак кайда. Ар бир жолугуубуз өзүнчө бир чакан майрам боло турган.
1969-жылы Жолон экөөбүз Москвадагы М. Горький атындагы эл аралык жогорку адабият курсуна бирге барабыз деп убадалаштык. Ал кезде элибиздин не бир көйкашка калем кайраткерлери, ичинде өзүңүз да барсыз, билим алган бул окууга ар бир республикага атайы бир-бирден гана орун бериле турган. Жолон Кыргызстандын атынан тоскоолсуз өтүп, Москвада жүрдү. Эки-үч күндө бир телефон чалып, «неге кечигип жатасың? Тез кел!» деп ашыктырат. А мен болсом эрксизден тушалып турдум. Себеби, ошол кездеги Казакстан Жазуучулар Союзундагы жетекчилердин бири менин ордума ырларына көркү бап келген сулуу акын келинчекти өткөргүсү келип, орто жолдон кийлигишти. Мен ал кезде Чымкентте турар элем. Курска менин бара турганым туура бир жыл мурун Казакстан Жазуучулар Союзундагы секретарлар кеңешинде чечилген. Жумушумдан биротоло бошонуп, артынып-көтөрүнүп келип, Москвага аттанар күндү болжоп Алма-Атада жаткамын. Ойлобогон жерден чыга калган адилетсиздикке катуу ызаландым. Антпесе кыз балага жол бербөө салтыбызга жат. Ошону менен орун бирөө, талапкер экөө, талаш башталды калды.
Эчендеген жаш акындардын өкүл атасындай болгон, казак поэзиясынын көзү тирүү классиктеринин бири Абдылда Тажибаев менен «Жазушы» басмасынын директору, аты айгине калемгер Илияс Есенберлин болсо менин талапкерлигимди колдоп, Москвага СССР Жазуучулар Союзунун жетекчилерине телефон чалып, кат жазып, көп аракет жасашты.
Акырында эки жактын күчү тең чыкты го дейм, силерге эмдиги кезек келгенче талаша тургула дегендей, СССР Жазуучулар Союзу Казакстанга бөлүнгөн орунду жулуп алып, Монголия Эл Республикасына бере салды. Болгон жагдайды досума телефон чалып айттым. Мага бөлүнгөн орундан айрылып калганымды укканда Жолон ыйлап жибере жаздады. Ошондон кийин ал экинчи курсун аяктаар жылы гана Москвага командировкага барууга жолум түштү. Жатаканасынан издеп таба албай, кат таштап кеткенмин.
Түн ичинде «Россия» мейманканасында жатат элем, каалга кагылды. Ачсам – Жолон. Жанындагы кыяк муруттуу келишимдүү келген кара тору жигит Сүймөнкул Чокморов экенин бир көргөндө эле тааныдым. Кучагыбыз жазылбаган бойдон бөлмөгө кирдик.
«… Элестелип бүт дүйнөгө таркады,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй», –
деп Жолон Сүймөнкулду ыры менен тааныштырып жатты.
Зор мейманкананын мага коңшулаш бөлмөсүндө Илияс Есенберлин жайгашкан эле. Кыргыздын кош перзенти кошоктошуп келишкендерин айтсам, түн бир оокум болуп калгандыгына карабастан, Илекең жаткан төшөгүнөн туруп, арабызга кошулду. Ал жылдары «Алмаз кылыч», «Каар», «Жанталаш» аттуу анын тарыхый үч китептен турган «Көчмөндөр» трилогиясы казак жергесинде сүймөнчүлүккө өлчөөсүз бөлөнүп турган чагы. Орто бойлуу, илбериңки жүздүү, буурул чачтуу, жүрөк кылына тийбесе көрүнгөнгө эле ачыла бербеген алп жазуучу ошол олтурушта тарых дүйнөсүнө эркин чабыттай, тарыхтын биз билбеген не бир катмарын санжырадай төктү. Жолон экөөбүз бирибиз кыргызча, экинчибиз казакча алмак-салмак ыр окудук.