Айтматов. Өз элине эркелеген Момуш уулунун оргу баргы мүнөзүнүн ашыккеми көп болгону менен, бир тууган калкынын улууга ызаат, кичүүгө урмат көрсөткөн салтын унутпай кастарлап өткөн нарктуу инсан.
Шаханов.
Бирдей чыдап ысык менен салкынга,
Жатат алтын көздөн далдаа калыпта.
Качан казып алганыңча күтүүчү,
Чындык кээде окшойт ошол алтынга.
Эртеби-кечпи чындыктын салтанат курары анык. Улуу Ата Мекендик согуштан соң, жарым кылымга жуук убакыт өтүп, Совет өкүмөтү тарардын алдында Нурсултан Назарбаевдин уламулам кат жазып, талап кылганынан улам Москва Бауржан Момуш уулуна «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берди.
Бул кубанычтуу окуяны бардык казакстандыктар чыныгы майрам катарында белгилешти. 1986-жылдагы Желтоксон окуясынын маселелери менен алекте нип жүргөн кезим эле, Горбачев менен болчу жолугу шуу алдынала такталып калгандыктан Москвага учаар алдында казактын бир белгилүү сүрөтчүсүн чакырып алып, боз аргымакчан, колуна найза кармаган Баукең дин сүрөтүн тарттыртып, астына мындай деп ыр жаздым:
Көзү өткөнчө эл мүдөөсүн эки кылбай чече алган,
Арнамыстын ак дайрасын ким алдыңан кече алган.
Бир кызыгы кан майданда кайтпас баатыр аталып,
Күбөлүгүн жарым кылым кеч алган.
Сезим менен шайкеш келген каруу күчү, билеги,
Сендей баатыр перзент табуу ар аялдын тилеги.
Бул чакан сыйлыгымды ошол кезде кол алдымда иштеген Оралжан Масатбаевден Момуш уулунун түндүгүн көтөрүп олтурган уулу менен келини Бакытжан менен Зейнепке берип жибердим. Бул менин зор адамгерчилиги менен кайталангыс мүнөзүнө ыраазы болгон баатырдын өчпөс рухуна деген урмат-сыйымдын жышаанасы эле.
Айтматов. Манастын 1000 жылдык тоюна Талас жергесине бара жатканыбызда Жамбыл шаарынан өтпөдүкбү. Областтын ошол кездеги акими Өмүрбек Байгелдиев өзү баш-көз болуп, шаардын көрүнүктүү жерлерине Момуш уулунун нускалуу сөздөрүнөн эки кабат үйдүн бийиктигиндей кылып кооздоп жаздырып коюптур. Мурда партиянын көнүмүш ураандары менен чакырыктарына көз үйрөнүп калгандыктанбы, мындай көрүнүшкө кадыресе сүйүндүм.
Шаханов. Бишкектеги Казакстан элчилигине бир жолу жаш окумуштуу Ден Приор келди. Маектешүү учурунда ал:
– Быйыл 1996-жылы, сиздин элиңиздин улуу окумуштуусу Чокан Валихановдун кыргыз жергесине саякатка чыгып «Көкөтөйдүн ашын» жазып алганына 140 жыл толот. Бул илимий мааниси бар окуя экендиги талашсыз. Кандай камылгаларыңыз бар? – дегенде чынын айтайын, өтө ыңгайсыз абалда калдым.
Мухиттин аркы бетинде жүргөн азамат Чокандын илимий мурасын кастарлаганы ушунчалык, окумуштуунун илимий эмгектерин, тарткан сүрөттөрүн өзүнчө ой элегинен өткөзүп, Чокан аралаган Ысык-Көл боорун, Кызыл-Үңкүр боюн, Манастын Боз-Төбөсүн жөө кыдырып, Түп капчыгайын фото сүрөткө тарткан. Ошентип, мындан бир жарым кылым мурун 21 жаштагы казак окумуштуусу тарткан капчыгайдын сүрөтүнүн түп нускасы менен бүгүнкү көрүнүшүн салыштыра изилдеген.
Айтматов. Муха, боз бала кезинде Чокан зор иш бүтүргөн. «Манас» сыяктуу улуу эпос жамы түрк калктарына орток мурас десек да, түпкү ээси кыргыз калкы. Ушул түгөнгүс казынаны туңгуч ирет кагаз бетине түшүрүп, Европага таанытуунун өзү ар кандай сый-урматка да татыктуу.
Ооба, Чокан ошол сапарында Түп жайлоосунда жайлашкан кыргыз ырчысына жолугуп, күндөлүгүнө мындай сүйлөмдөрдү жазган. «Бүгүн менде кыргыз ырчысы болду… «Манас» ырынын бир тарамы деп саналган «Көкөтөй хандын ашы» деген ырды ушу кыргыз акынынын айтуусунда жазып алдым. Бул кагаз бетине биринчи ирет түшүрүлгөн кыргыздын сөзү болуш керек. Ырды мен орусчага которуп жүрөм. Чыгышты изилдөөчү окумуштууларды белгисиз тил менен тааныштыруу үчүн кыскача сөздүк түзсөм деген оюм бар».