Чыке, калкыбыздын эр жүрөк баатырлары менен чечендеринин, бел байлаар акындарынын ар кандай жаныбар кейпиндеги колдоочу ээлери болгон дешет. Аларда ар дайым түшкө кирип, аян берип, колдоп жүргөн. Маселен, каз дабыштуу Казыбектин колдоочусу – кош кабылан, Кемпирбай акындыкы – көк ала өрдөк, ал эми Жакеңдин пири – кызыл жолборс эле дешет.
Айтматов. Жаш кезимде бир карыядан уккан мындай бир аңгемеге назар салчы. Жамбыл дүйнөдөн кайткан кезде, өкмөт башындагы кээ бирөөлөрдүн элдик салтты билбеген жетесиздигинен болоор, кыргыз элине кабар берилбей калыптыр. Маркумдун жетилигине калың эл жыйналып, каадасын берип жатканда, аттарын терге түшүрүп, Алымкул баштаган кыргыздын үч төкмө акыны ботодой боздоп жетип келишти дейт. Келе сала ат үстүнөн комуздарын күүлөп: – Оо, бир тууган боорлор! Жакем бир гана казактын сыймыгы, казакка гана таандык беле? Кыргызсыз кандай көмдүңөр?! Таркабас таарынычыбыз бар, азыр мүрзөсүн ачкыла, кыргыз калкынын атынан бир ууч топурак салабыз, – дешип ырдап туруп алышыптыр. Уятка калган журт бир боорлордун жүйөөлүү таарынычтарына эмне дешерин билишпей, жер карап туруп калышкан. Ошондо калың элди как жарып, Жамбылдын үзөнгүлөш иниси Үмбеталы Карыбаев домбырасын ала коюп, узак нускалуу ыр төгүптүр. Казак менен кыргыздын сан кылымдык биримдигин, Жамбылдын: «Сөөгүм казак болсо да, этим кыргыз» деп ырдаганынын түпкү маанисин аңдабай, кабар берүүдө кимдир бирөөлөрдүн ыйык ата-салтты билбестигинен эки улуттун биримдигине жарака кетпесин деген тилегин айта келип, казак элинин атынан кечирим сурай, үч акындын алдына бөркүн, чапанын, курун таштап, тизе бүгүп баш ийиптир.
Тууган бирде өмүрдө, бирде тирүүдө демекчи, таарынычтары жөндүү болуп келген кыргыздын үч булбулу мындай ызаатка кулдук урушуп, аттарынан түшүп, казак журтуна ыр менен көңүл айтышкан. Боордоштуктун мындан ашкан салты болобу?
Шаханов. Казак калкы жараткан феномендердин бири – Бауржан Момуш уулу «аскердик өмүрдө да, жазуучулук жолумда да полковник чинимде калдым» деп өзү тууралуу кичи пейилдик менен айтса да, менин баамымда баштагы Советтер Союзунда трагедиялуу, ары бактылуу тагдырдын адамы өтө сейрек кездешет. Баукең тууралуу Азилхан Нуршайыков «Акыйкат менен аңыз» аттуу сонун китеп жазды. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында чексиз эрдиги менен кажыбас кайраттуулугу аңызга айланган Момуш уулунун үч мерте Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлүп, бир да жолу берилбегендиги, аскердик академияны аяктап, генералдарга дарс окуп жүрүп, полковниктик даражасынан жогорулай албагандыгы туурасында кызыктуу маалыматтар бар.
Сиздин жазуучу досторуңуздун бири Тахави Актановдун Баукенди акыркы сапарга узаткан азалуу жыйында толкунданып туруп: «Он жил в стандартное время не стандартным образом» дегени нускалуу сөзгө айланып кеткен.
Баукең Совет доорунун тапталган даяр калыбына сыйбай, өз талабына шайкеш өмүрүн өтөдү. Чындыкты тайсалдабастан бетке айтканга көнгөн алмаздай өткүр мүнөзү аны атактан да, чинден да куру жалак калтырды.
Карапайым бейпил турмушта эмес, согуш мезгилинде да адилетсиздиктер аз болбогон го. Кол астындагы жоокерлерди 272 мерте чабуулга баштап, дээрлик баардыгында жеңишке жетишкен, Момуш уулунун эрдикке ширелген өмүрү Улуу Ата Мекендик согуштагы жаркын барактардын бири. Кээ бир чет өлкөлөрдүн аскердик окуу жайларында анын тажрыйбасына таянып сабак окутулуп келгендигин танууга болобу?
Айтматов. А. Бектин «Волоколамск шоссеси» чыгармасын Жамбылдагы зооветеринардык техникумунда студент кезимде окуп, Баукеңе сыртынан суктануум пайда болгон. Ал өзүнүн эрдиги, кажыбас кайраттуу инсандыгы менен бир нече урпактын урматына, кадыр-баркына ээ болууга үлгүрдү. Бала кезде Манастын инисиндей болуп, даңктуу адамдын арабызда тирүү жүргөндүгү өзгөчө кызыктыра турган, ары мага андай атуулдардын баары өткөн кылымдарда, жомоктордо гана жашап өткөндөй сезилээр эле.