Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



– Бах чиркин, максымыңыз табында экен. Суусап келатат элем, суусунум канып калды. Бүгүнчө чыдаңыз, биздин айылдын жигиттери эртең көчүрүп кетээр,– деп баатыр жолун улайт. Бир аз жүргөн соң:

– Эй, Баяке, айылыңдын бир жалчы аялына кадырың өтпөй жүрүп, жалпы журтту бийлейм дегениңди кантейин,– деп кейиптир. Көп өтпөй Седептин үстүнө төрт канаттуу боз үй тиктирип, алты кой, бир бээни жетелеп барып, Шабдандын буйругу менен казыгына байланыптыр.

Ошондо Шабдан манап бечара аялдын ачыган суусундугун суусаганынан эмес, санаалуу көңүлү ачылсын, келечегинен үмүтүн үзбөсүн деген кыязда ичиптир дешет эл.

Орус империясынын оторлоштуруу саясатына өмүр бою каршы болуп өткөн Алайдын аялдан чыккан Курманжан датканы генерал Скоблев туткунга түшүрүп:

– Балдарың кайда? – деп сураганда эрки майтарылбас кайраттуу кексе аял:

– Чынары колуңда турганда, чырпыгы кайда барар дейсиң,– деп коюптур. Аялды багындырып, эркине көндүрө албай кекенген генерал Курманжандын сыртынан отуз аскерин күзөткө коюп камакта кармаган. Ошондо Шабдан келип арага түшүп, «эгер датка качып кетчү болсо, ордуна мени кармайсыңар», – деп Курманжанды бошоттуруп алыптыр.

1909–1911-жылдардын аралыгында туулган жери – Чоң-Кеминде «Шадмания» медресесин ачтырып, мындан билим алып сабатын жойгон кыргыз, казак, өзүбек, орус балдарын өзү ээрчитип барып, Алма-Атадагы гимназияга, Пишпектеги бак-чарбачылык окуу жайларына киргизген.

Баатыр карып калган кезинде балдарына: «Манаптын акыркысы мына мен, силер чин-мансапка умтулбай эле койгула. Байлык да, байлыктан келген атак да опасыз нерсе экен. Андан көрөкчө жер айдап дан өстүргүлө, адал маңдай-териңер менен күн көргүлө,– деп насаатын айтыптыр.

Айтматов. Айыл аксакалдары айтып калышар эле. 1912-жылы болсо керек, Шабданга аш берилет. Ала-Тоонун күңгөйү менен тескейиндеги эл тегиз чакырылып, кыргыздар менен казактардын өңчөй жакшылары айылды шаңга бөлөп келишет. Шабдан баатыр менен тирүүсүндө терең сыйлашкан Жамбыл жанына эки иниси Кенен менен Үмбеталыны ээрчитип, ашка бир күн мурдараак жетиптир. Аламан байге аякталып, айтышка кезек келет. Эки элдин ири акындары топтон суурулуп чыгышып, кезектеше ыр берметтерин жамгырдай төгүшөт. Бир катар бектер менен манаптар казы, картага марып, кымызга карк болушуп олтурганда казак акыны Үмбеталы Карыбаев сүрдүгүп ак каптал болуп калган шаңшыган домбырасын алып, кыргыз менен казактын бир туугандыгын, Шабдан сыяктуу көйкашканы, Токтогулдай чыгаан күлүктү ырга кошуп оболото созот. Токтогулдун ысымы эшитилгенде, пейил күтүп олтурган бектердин бири кирпидей жыйрылып:

– Тарт тилиңди! – деп барк эте калбаспы. – Эй, айыпкер качкын, чык үйдөн! – деп Жамбылдын оң тизесин баса олтурган Токтогулга каарданыптыр. Көрсө улуу акындын Сибирден качып келгени бетине чиркөө экен. Ушул учурда Жамбыл ачуусу келип: – Эй, чырагым,– деп өткүр сүйлөгөн бекке обдулуп: – Шабдан жалгыз кыргыздын гана бир жаралган азаматы эмес, кадыры казакка да көп тийген кыйбасыбыз эле. Мында олтурган Токтогул да ошондой эки элдин тулпары. Бирин – макта, экинчисин – какта дегениңер кандай? Токтогулдай акынды кыргыз менен казактын аялдары бир кылымда бир гана ирет төрөшү ыктымал. Эми Токтогулга каршы бир ооз кеп айтылса ашты таштап чыгып кетемин!

Ак сөзгө жыгылган Шабдандын тарабы Жамбылдын үстүнө торколуу чапан жаап, алдына ак боз аргымакты тартуулашат. Ошондо Жамбыл:

– Сый-урматыңарга кулдугум бар. Бул сыйлыгыңардын ээси Токтогул болсун. Сибирден ач-жылаңач келбедиби,– деп эл-журттун алдында кыяматтык досунун аброюн дагы бир ирет көтөрүп, өзүнө тартууланган сыйлыкты түгөлдөй Токтогулга ыроолоптур.

Шаханов. Жалган дүйнөдөн көргөн күнү, ичээр суусу түгөнөөрдө Жакең жанына айылдаштарын, агайын туугандарын, небере чөбөрөлөрүн чакырып алып:

– Эми, карактарым, жакында араңардан кайтпас сапарга аттанганы олтурам. Түндө түшүмдө Суранчы Сарыбай берген кызыл жолборс босогомдон чыгып, Ала-Тоонун күңгөй бетине кыргыздарга карай жортуп кетти. Артынан үч жолу «кишейт», «кишейт» деп чакырсам да кайрылбады. Сөөгүмдү өзүм өстүргөн бакка көмгүлө.., – деген экен.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>