Кийин Лениндик сыйлыкты алганымда, Баукең Алма-Атадан көңүл толкутаар телеграмма жөнөтүп, чын жүрөгүнөн куттуктаарын, өзү менен бирге Москвада, Алма-Атада далай ирээт жүздөшүп, ээн-эркин сырдаша турганыбызды кайдан билейин? Бир жолу Арбаттын боюнда жолугушуп калган баатыр агабыз:
– Чыңгыз, эл арасында мен тууралуу 120 вагон ушак бар, ошонун 1 вагону чын да, калган 119у жалган. Фидель Кастронун атайын чакыруусу менен Кубага барганымда,– деп аңгемесин улады,– кырчын талдай буралган кыз жаныма келип:
– Полковник мырза, Сиз жөнүндө көп окугандыгымдан болсо керек кичинемден өзүңүзгө ашыкмын. Кааласаңыз аялыңыз болоюн. Элиңизге кошо ала кетиңиз? – дебеспи.
Эч тартынаар эмес, эркелей басып алдыма келип турду.
– Чоң кыз,– дедим ошондо көзүнө тике карап,– казакта «кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?» деген макал бар. Сен менин мүнөзүмдү билбейсиң го, билсең минтип айтпас элең…
Өзү суранып турган кызды никелеп алып келсем, мен тууралуу ушак айың 200 вагондон ашып кетээр эле… Экөөбүз жарыша күлдүк.
Шаханов. Баукеңдин Чымкентке келген бир сапары эсимде калыптыр. Ал кезде республикалык «Лениншил жас» газетасынын Оң түштүк областындагы өз кабарчысы элем. Жылт эткен жаңылыктарды калпып алып, күн сайын газетке жөнөтүп турган 22–23төрдөгү улан кезим. Бир күнү газетанын редактору сиздин чыгармаларыңызды казак тилинде керемет сүйлөткөн жазуучу иниңиз Шерхан Муртазаев телефон чалып:
– Баукең Сары-Агаш курортуна дем алганы бара жатат. Эртең таң заарынан Чымкенттен поездден түшөт. Областтын жетекчилерине кабарла, талаага баргандай болбосун. Тосуп алууга өзүң да бирге чык, – деп алдын ала кабарлады. Муну угаар замат ошол кездеги областтык партия комитетинин секретары Сулейман Задинге телефон чалып, Момуш уулунун келе жаткандыгын билдирдим. Сүкең көпкө дейре үнсүз калды. Бир аздан соң: – Мухтар,– деди оор күрсүнүп.– Баатыр агабыз былтыркы жылы журттун көзүнчө сөгүп, көңүлүмдү калтырган. Мен аны тосуп алганга чыкпай эле турайын. Шашылыш иштери менен коңшу районго кетти эле деп койчу. Бирок, минтип сүйлөшкөнүбүз экөөбүздүн ортобузда эле болсун. Обкомдон машина жиберемин. Шаардагы Баукеңдин өзү окуган Сыпатаев атындагы мектептин директоруна менин атымдан телефон чал. Пионерлер гүл кармап тосуп чыгышсын. Калган иштер өзүңө аманат.
Эми өзүм жүрөксүй баштадым. Кылдай жаза тайсаң абыройуңа карабаган, баатырдын даңкынын айлана сындагы ар кандай кеп, сөздөрдү угуп жүрөмүн. Атактуу Александр Бек «Волоколамск шоссесин» жазарда бир ооз жалган сөз кошсоң колуңду кесем деген Баукең кимден кайра тартсын. Жеңиш күнүнүн алдында интервью алууга тапшырма берилген бир журналисттин «Ой бой, Бауржанга жумшаганча, темир тордо турган арстандын аркасын кашып кел дегениңиз алда канча жеңил»,– деп газетанын редакторуна айтып, жаа-бою качканын өз көзүм менен көргөмүн.
Баукең жөнүндө дагы бир мындай аскияны журтчулук көпкө чейин аңыз кылып жүрүштү.
Ал кезде жазуучулар өзгөлөргө караганда алда канча бакыбаттуу турушар эле го. Орточо эле жазуучу жыл айлантып чыккан китебинин калем акысына бир машина сатып ала берише турган. Жазуучулар кээде өкмөт тарабынан берилүүчү жеңилдиктерди да пайдаланышкан. Баукеңдин да машинасы бар. Анда-санда гана зарыл жумушу чыкса, партиянын Алма-Ата областтык комитетинин биринчи секретары, адабият менен искусство ишмерлерине айрыкча камкордук көрүп жүргөн Асанбай Аскаровго телефон чалып, шофер чакыртат экен. Көбүнчө машинасы минилбей каңтарылып байланган ат сыяктуу турчу дешет.
Жыл сайын коңшулаш республикалардан келип сатып алабыз деп Жазуучулар Союзун тегеректешет. Алар «жазуучулар соодага жок калк, машиналарын арзан баага алып, сырдап боёп, кымбатка сатып жибергенге да өтө оңтойлуу; эки ортодо пайдага карк болосуң да каласың» деп ойлошот экен.
Ошентип, кыныгын алгандар бир жайда жазуучуларды айланчыкташып жадата башташат. Ошондо жадаганынан бирөө: «Бауржан машинасын сатат деп уктум. Барып соодалашып көргүлө. Тил табышсаңар, өзү жоомарт киши, жөн эле бекер берип коюшу да мүмкүн»,– деп эки пайдакечти Момуш уулунун үйүнө жиберишиптир.
Баукең эртең мененки чайын баптап ичип, үстүнө чепкенин желбегей жамынып, газет тиктеп олтурса керек. Эки соодагер каалгасын черткилеп ичкери киришиптир. Казактын каада-салтын катуу карманган меймандос Баукең тааныбаса да, экөөнү төргө өткөрүп:
– Эй, катын, казан ас,– деп ашкана жакка үн катат. Колдорун алдыларына жөн коё алышпай калтаарып олтурушкан кош конок мурундарынан мыңкылдап, келген жөндөрүн айтмак болушуп козголо башташканда, баатыр:
– Токтогула! – деп чорт үзөт. – Казак салтында алды менен мейман шыбагалуу ашын жеп бүтмөйүн, келген иштерин оозго албайт.