Ушул бир жылт эткен гана көрүнүш улуу музыканттын зор адамгерчилиги менен аяр мамилесинен кабар берет.
Айрым убакта эки ырдын башын кураштырса каалгаңды жыртып, иштеп олтурасыңбы, же эс алып атасыңбы, ойлоп да коюшпай ашыга «пикириңизди айтсаңыз», «ак жол тилесеңиз» деп улунуп-жулунган адепсиз жаштарды көргөндө, уяла ичиңден жымыйып, аргасыздан Шостаковичтин жибектей созулган мүнөзү, акактай жан дүйнөсү көз алдыма келе калат.
Айтматов. Бир кезде Шостакович мени Москванын Горький көчөсүндөгү үйүнө конокко чакырган. Конокто көрүнүктүү композитор Кара Караев да болду. Кең залдын төрүндө төрт музыкант үй ээсинин он төртүнчү квартетин аткарып жатышты. Демейде жүзүнөн нуру төгүлүп, жайдары жүрчү Дмитрий Дмитриевич бул жолу сурданып тиштенип алыптыр. Жанында олтурган мага лам деп ооз ачкан жок. Кейиштүү гана башын чайкайт. Тез-тез Караевдин эки көзү оттой жанып, ойнолуп жаткан музыкага ушунчалык толкунданып олтурат. Музыканын мазмунун сурасам, айтып берүү кыйын, жөн гана сезип туюу керек деп койду.
Музыка бүтөрү менен Кара Караев: – Улуу чыгарма! Эмне деген керемет, жан сергиткен сезим, – деп Дмитрий Дмитриевичти чын ыкыласынан куттуктады. Толкунданганы, таасирленгени ушунчалык дейсиң, күйүп-жанып кетерине аз гана калды.
Композитор бул куттуктоого жай гана баш ийкеп койду. Өзү суз калыбында:
– Чыгарма али өз деңгээлине жеткен жок. Көп жерин үстүрт, жөн гана желдирип койдуңар,– деп музыканттарга катуу эскертүү бере баштады.
Караев болсо кысынып, композитордун ачуулу чыккан сөздөрүн жумшартып, музыканттын көңүлүн улап жатты.
Акыры квартетти кайрадан угууга олтурдук. Шостакович чыгармачылыкка келгенде өзүнө да, өзгөгө да катаал, – деп ичимден таңданып койдум.
Улуу адам жанындагылардан да улуулук касиетти көрүүгө умтулат экен да…
Ошол жылы жазга жуук композитордун жубайы Ирина Антоновна үйгө телефон чалып, Дмитрий Дмитриевичтин кесели күчүркөнүп баратканын, «Ысык-Көл тамыры» деген кыргыздын тоолорунда өсө турган дары чөптү таап берүүгө көмөктөшүүмдү өтүндү. Дароо эле Таластагы досторума, агайын-туугандарыма байланышып тоодон шыпаа тамыр издесеңер деген өтүнүчтү билдирдим. Алар бир жумага жеткирбей дары тамырды колума тийгизишти. Мен аны ошол күнү Москвага жөнөттүм.
Арадан бир аз убакыт өтүп, биз Шостаковичтин дачасында жолугуштук. Композитордун эки кабаттуу дачасында өтө кызыктуу курулган чакан лифтиси боло турган. Менин ортончу уулум Аскарды композитор өз колу менен жетелеп алып барып, лифтинин тетиктери менен тааныштырып, өйдө-төмөн көтөрүп ойнотту. Жан-жагыбызда балдардын көңүлдүү күлкүсү, чоңдордун жарашыктуу азил-тамашалары, эмнесин айтасың, бир сонун кеч эле. Мунун баары улуу сүрөткер менен бирге өткөргөн эң соңку сырдашуу, коштошуу кечеси экенин ким билиптир?
Өмүрдө да, чыгармачылыкта да деңиздин кош тамчысындай уйкаштык тапкан Дмитрий Шостаковичтин мага жазган эки катын эң таберик иретинде архивимде сактап жүрөм. Анын бирин композитор «Гүлсарат» повестимди окуган соң жазган эле. Экинчисин кеселдеп калып, Коргон облусундагы Илизаровдун ооруканасында дарыланып жатып, «Ак кеме» повестим тууралуу абдан ыраазычылыгын билдирип пикирин айткан. Бул да классиктин акыркы дубай саламы эле…
Өзүмчө ой менен алпурушуп отурган, көңүлдүү учурларымда Шостаковичтин музыкаларынын бирин кулагым чалса, жүрөгүмө жылуулук келе калат.
Жашоого болгон чексиз кумар-оту, сезиминин мөлтүр тазалыгы – Шостаковичтин дүйнөсүнүн башкы элементтери эле. Бул – руханий казынасы чексиз бай, өтө мээримдүү, өзгө да, жатка да жакшылык кылсам деп турган кичи пейил, адамгерчилиги мол, сейрек кездешкен таза орус адамынын жеткен чеги эле. Атаганат арман десеңчи…
Шаханов. Чыгармачылык өнөрдүн эң улуу касиети улут менен улутту тандабай тургаңдыгы го чиркин!
Айтматов. «Бардык элдердин достугу жеке адамдардын байланышынан башталат» деген сенин оозуңдан түшпөс макалың бар. Асыресе, адабияттагы жарык жылдыздардын кечээги өз ара ынтымагы кандай эле чиркин. Бири-бирин издеп барып, сагынып жолугушкандарын көргөндө көзүң тоёр эле. Арыкчырай, бойлуу, кара тору келген Гафур Гулям ага «Кандашым» деп жүрчү, көп үн катпай, көңүлүндөгүнү билип турган Айбек, жолугушкан сайын кучагын жайган Берды Кербабаев, көкүрөгү санжырага тунган Сабит Муканов…