Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Айтматов.Кыргыздын атактуу акыны Токтогул тээ Сибирде айдоодо жүргөн жеринен качып келатып, өз айылына барбай, алды менен Жамбыл досуна ат башын бургандыгынын өзү бир боордоштуктун күбөсү эмеспи?

Шаханов. Албетте, Жакең ырчылык өнөрүндө таңды таңга улап «Манасты» айткан. Ушул улуу дастанды айтканда кыргыздын бир топ ырчыларынан дурусураак айткан. Атактуу кыл кыякчы менен өнөр сынашып күү чертишкенин эшиткен белеңиз? Ошол чертиште Жамбыл кыргыздын он үч, Мураталы болсо казактын он беш күүсүн таасын аткарышканына күбө болушкан карыялар кечээ күнгө дейре аңыз кылып келишти.

Масимхан Бейсебаев деген аксакал учурунда Казак Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы болуп турган. Бул аксакалдын Жамбыл тууралуу айткан бир кызыктуу аңгемеси эсимде калыптыр.

Партиянын Алма-Ата областтык комитетинин биринчи секретары болуп турган кезим, – деп баштаган ал. Жамбыл району, ал кезде Алма-Ата областына карачу. Жакеңдин анда атак-даңкы асмандап, тигил бул гана эмес, Сталиндин алкоосуна ээ болуп, бүткүл Союздун урматына бөлөнүп турган чагы.

Бир күнү:

– Ой-бой, Жакең жүзгө таяп калган чагында төшөк жаңыртып, аял аламын деп кылгылыкты кылып жатат. Сүйлөшүп убадалашып койгон аялы да бар экен. Беттегенинен кайтар түрү жок, – деген шойкондуу кабар жетти.

Муну укканда Казакстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги биринчи секретары Жумабай Шаяхметов катуу чоочуду. Эки колун артына алып, кабинетинде аркы-терки басып калды. Чынында да калкыбыздын бетке кармап, сыймыктанган ардактуу адамы аяк астынан бүлүнүп, төшөк жаңыртамын дегени бир жагынан күлкүлүү, экинчи жагынан ал кездеги калыптанган коммунистик моралга сыйбас жорук экени айкын.

– Мындай шумдукту эч ким укпасын,– деди Жумабай Шаяхметов. – Тез арада бир жаңсыл кылуу керек! Алиги үйлөнсөм деп ээлигип олтурган аялдын кимиси бар экен?

– Колхоздо иштеген баласы бар деп уктум.

– Токтоосуз түрдө райондун биринчи секретары, колхоздун башкармасы менен байланыш. Аялды дароо айнытсын. Бирок, Жамбылдын өзү сезип калбасын. Муну баласы аркылуу ишке ашырсак ылайыктуу. Апасына ээ боло албай жүргөн кандай селсаяк неме өзү? Эгерде ушул айтканым аткарылбаса кызматыңдан айрылдым дей бер,– деп Шаяхметов муштуму менен столду бир койду.

Туура башчынын айтканындай ишти тындырдым. Ар кандай ымдап-жымдоолордон улам аял Жамбылга турмушка чыгамын деген оюнан айныды. Көңүлүбүз жайланып, кубанычтуу кабарды Шаяхметовго жеткиргиче ашыктык.

– Ээ баракелде, бир аялга алыңар жетпесе эмне кылып эл башкарып жүрөсүңөр,– деп Жумакеңдин да көңүлү жайланып ыраазы болду. Бирок, биздин бул тымызын жасаган иштерибиз акынга жетип калбасын дегенди катуу табыштады.

Арадан бир аз убакыт өткөн соң «Жамбыл катуу сыркоолоп калыптыр, төшөктө жатат» деген кабар алдык. Мындай кабарды угуп Жумабай Шаяхметов баш болгон бир топ өкмөт менен партия жетекчилери жолго чыктык. Жакеңдин айылы Алма-Атадан жетимиш чакырымдай жер. Табияты кооз, жанга жайлуу, саялуу өңүр.

Барсак Жакең төркү бөлмөсүндө тескери карап бүк түшүп жаткан экен. Казкатар тизилип туруп берген саламыбызга карап да койбоду. Бир адам келген экен деп көңүл да бурган жок. Атайылап карышып жатканын билдик.

– Ассалоом алейкум, Жаке, – деп Шаяхметов баштап, биз коштоп кайта салам бердик. Бул жолку саламыбызга Жакең ошол тескери карап жаткан калыбын да кулагынын тушунан колунун учун гана кылтыйтты. Ушул учурда үстүбүзгө кире калган келини Жакеңдин керебетинин алдындагы чылапчынды эшикке алып чыгып кетти. Бир аздан соң Жакең коомай оонап, башын жаздыкка койду.

– Эй, өңчөй кызталактар, – деди кыжынып,– кемпир алайын дегеним чымылдагым желпинип тургандыгынан эмес. Орто жолдо атың өлбөсүн дейт. Кемпирим кеткен соң карып болуп, келинимдин колун карап калдым. Атасынын дааратын төгүп жүргөнүн байкаган чыгарсыңар. Келиниме убал болду го. Кемпир болсо, келинге мынчалык салмак салбас элем. Ага силердин акылыңар жетеби? Канча жыл Казак мамлекетин башкарып жүрсөңөр да, башыңарда чымчыктын мээсиндей да мээ жок, – деп жүзүн үйрүп кетти.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>