Көзү тирүүсүндө далысы жерге тийбеген балбандын даңкы ошол күрөштөн соң бүтүн жумурай журтка тегиз маалым болгон.
Кажымукан менен Кожомкулдун жолугушканы тууралуу өткөндүн күбөсү болушкан карыялар кызыктуу кеп салышат. Циркте өнөр көрсөтүп, күчүнө эч кимди тең келтирбей жүргөн Кажымукан бир сапарында Пишпектин мал базарына келсе керек. Ой-тоодон жыйылган эл журт балбанды ортого алышып, жибербей, тарсайган булчуңдарына тамшанышып, атайы боз үй тигишип, бээ союшуп, кымыз сапырышыптыр. Африкада кара өгүз менен кармашып жеңгенин, жапан балбаны Сар-Ки-Кидини кандайча жыкканын угушуп моокумдары канып толкуган топ жөн турабы, Кажымуканды Кожомкул менен күрөштүрүп кызыкка баталы дешет. Ортолорунан чыгарышып тогуздан турган үч байге сайышат. Ат чаптырып айылынан Кожомкул чакыртылат. Кожомкул алды менен балбан агасына барып ызаат менен көрүшөт. Тамашага жыйылган көпчүлүк эки тарапка бөлүнүшүп, өткөн кеткенди аңдашпай эмне болоор экен деген кыязда тиги эки балбандан көздөрүн алышпай, чоң күрөштү эңсешип, көңүлдөрү элеп-желеп.
– Кажеке,– дейт ошол кезде кыргыз балбаны, бир баштын эки көзүндөй боордош эгиз элдин балбаныбыз. Сиз – ага, мен – инимин. Бирибиз жыгып мактанып, экинчибиз жыгылып тапталып жатканыбыз абийир болбос. Ары бизге меймансыз. Белиңизге жармашсам арбак кечирбес. Байге сиздики болсун!
Ушуларды айтып Кожомкул күрөшпөй эле кичи пейилдик менен жолун берген экен.
– Кантер экен деп сын көз менен карап турдум эле. Көргөн билгениң көп, кыргыз элинин ырысына жаралган уул экенсиң. Жылдызың жансын! – деп Кажекең инисин кучактап бетинен өөптүр. Байгеге сайылган үч тогузду ошол айланадагы жетим-жесирлерге түгөлү менен таратып беришиптир.
Шаханов. Маселен, Кажымукан менен Кожомкулду азыркы дүйнөнү дүңгүрөткөн спорт жылдыздарынын катарына коюуга болобу? Булар бир гана алп күчтүн ээси гана эмес, ошону менен катар зор руханий байлыктын да ээси болгон. Туулган жердин топурагына тамырын терең жайган, калктын салт-санаасын, каадасын, руханий байлыгын бойлоруна сиңирген өңчөй эле улуу инсандар эле. Ушундай кымбат касиеттери менен алар калың элдин сүймөнчүлүгүнө бөлөнүштү.
Айтматов. Ооба, жер шары атактууларга жарды эмес. Алардын өзөгүн спорт менен эстрада жылдыздары түзөт. Топ тээп даңктуу болгондор, бокс менен күрөштүн такшалган чеберине айлангандар дагы сахнанын көркү аталган ырчыларга салыштыруу таба албай кыйналып жатабыз. Кээде алардын рингге же сахнага жылт этип бир чыкканынын өзү миллиондогон долларга бааланат. Мүмкүн бул убакыттын, доордун модасы чыгар. Бирок элдин мактоосуна манчыркап, жердин тирөөчүнөн бетер өрөпкүгөн, атагы таш жарган жылдыздардын кээ бири менен аңгемелеше калсаң руханий байлыгынын жардылыгына таң калып, жакаңды кармайсың. Чиркин, адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, акыл эси качан модага айланар экен?
Шаханов. Адам адам болуп жаралганы бул проблема күн тартибинен түшкөн эмес. Чыке, Мухтар Ауэзовго байланыштуу кеп козгогонубузда ысык-көлдүк Бөлтүрүк балбандын ысымы аталган…
Айтматов. Бөлтүрүк балбанды Мухаң каза болгондо аза күтүүсүндө көргөмүн. Төрт кез келген чымыр, көзү балбылдап жанып турган чырайлуу адам эле. Анын кандайча «Абайдын баласы» атанганын билбейм.
Шаханов. 1916-жылы июнь жардыгына илинип майданга кара жумушка кеткен балбан Россиянын көптөгөн толкундоолоруна аралашып, акыры тагдырдын айдоосу менен айтылуу Семей жергесинен конуш табат.
Балбандын атагын алыстан угушкан Абайдын урпактары атайы издешип келишип:
– Заман тынчтанган соң сагынган Ысык-Көлүңө кайтарсың. Азырынча Жидебайды мекенде,– дешип балбанды ата конуштарына алып барышып, үстүнө үй көтөрүшүп, короосуна мал киргизишкен. Ушинтип боордош элдин сый-урматын көргөн балбан Абай айылынын асыранды бир баласына айланыптыр. Ошол жердин Фатима аттуу кызына үйлөнүп, түндүгүнөн түтүн булаткан. Мухаң Ленинградда аспирантурада окуп жүрүп элине келгенде Бөлтүрүк менен жакын таанышкан. «Абайдын баласы» деген атты Бөлтүрүккө Мухаң койгон дешет жергиликтүүлөр… Ошол жөн-жай тааныштык акыры жүрүп чоң достукка айланып, Бөлтүрүк кийин элине кайтып, Ысык-Көлгө келгенде да аралары суубаптыр.