Табылар дейм даңкымдын сакчылары,
Жалган ыйлоо,
Жалган муң кетсин ары.
Бул кат сага жеткиче, досум Федор,
Кабырымдын үстүнө чөп чыгабы?
Бой көтөрүп карадың табаң кана,
Таарынчым зор тагдырга, заманага,
Жакын элем өзүңө элден артык,
Соңку демим арналсын сага гана.
Бул ааламда азоо бир өзөндөр бар,
Алдынан чек аралар тосо албаган,
Душмандар арам оюн кошо албаган,
Бир жерден бир жерди кесип өткөн,
Байлыгын сансыз эл насип эткен,
Эркине багындыра албай,
Табындыра албай,
Канча бир кыйындардын эси кеткен.
Көйгөйлүү тирилик көп алдап чарчаткан менен,
Кабагын-кашын көрсөткөн менен не түрдүү,
Ааламга караган толук күч, толук кан менен,
Улуу адамдар улуу өзөндөр шекилдүү.
Улуу өзөнүм,
Ким бар сага тең келер,
Толкунуңду терең тартып чалкыдың.
Тереңиңде сүзө албаса пенделер,
Анда сенин күнөөң жок да, жаркыным!?
Мейли, ал да намысыңды көзөбөс,
Айланаңа кызганычтан тор курар.
Талантынын алсыздыгын өзү эмес,
Өзгөлөрдөн көрө турган шордуулар.
Бардык кезде чын достуктун баркы – улуу,
Милдеттүү ага ар ким башын ийүүгө.
Бир адамды чексиз сүйүү аркылуу,
Болот экен бүт улутту сүйүүгө.
Аттын алтын такасындай Ай да чыкты жалтырап,
Кандай мөлтүр,
Кандай бейпил таңкы убак.
Жылдыздар тур бир шумдукту сезген өңдүү калтырап.
Таңкы абадан кере жутуп соңку ирет,
Чокан маңги көзүн жумду
Аякталбай калды кат.
Улуу ойлор бирге кетти башында,
Ууз чакта,
Жыйырма тогуз жашында,
Чокан антип экинчи өмүр баштады.
Эң балбылдак жылдызынан айрылды,
Аңкоо казак асманы.
Жылдар озду,
Эски тозду,
Көөнөрдү,
Учкан жылдар көөнөртө албас өнөрдү.
Кеч болсо да наркы менен бааланды,
Бир кез Омбу түрмөсүнүн туткуну,
Федор даңкы шаңшып учту ааламды.
Чокан жаткан Алтынемал төшү да,
Далай ирет үлпөттойго жаңырды,
Ушу менен бүтүрүүгө болор эле жаңы ырды.
Мезгил канча жашырса да далдалай,
Бир окуя болбогондо арман ай!
Ал окуя – тагдыр, таалим дастаны,
Көп жыл бою Чокандын,
Бир топ жакын достору,
Кайта-кайта улуктарга барышып,
Бир максатты канат кылып жарышып.
Тиги Ташкент калаасынан алдыртып,
Талаа бетин балка үнүнө жаңыртып,
Мармар таштан койдурушту эстелик,
Дуба кылып туралы деп эскерип.
Изги ишке илдетчырмоок жармашты,
Арын жуткан бир ыймансыз албарсты,
Уурданып кирип молого,
Экиге бөлүп,
Тегирмен жасап ал ташты,
Сатмакчы болду калаага,
Ач көздүк деген жаман-а?!
Көрүнбөй ага пайдадан башка эч нерсе,
Тагдырдын өзү кайырмак салып кармаптыр,
Мармарды бузуп чакмакчы кезде,
Көзүнө таштын учкуну тийип зарлаптыр.
Көп түндөр бою кирпигин какпай,
Өксүдү,
Сойлоп,
Жан тыным таппай.
Жасаган эми болбоптур,
Канталап көзү кабарып шишип,
Аябай жанын кордоптур.
Ошол жылы көктөмдө,
Матай тоонун койнундагы көк белге,
Конуп учуп жалгыз ак куу
Петербургдун асманынан өткөндө,
Ал ак куунун муңдуу ырындай,
Муңдуу кабар Федордун
Кулагына жеткенде:
– Жакшылыкка сугарылган ыйы-ар,
Дос сезимде касиет бар сыйынар.
Ал ыйыкка кол көтөргөн кабылмакчы бөгөткө,
Сооп болду ойсуз, арсыз дөбөткө, –
Деди улуу адам жаны кашайып,
Досун эңсеп карегине жаш алып.
II
Буудай дагы таза жерге өнмөкчү,
Арың өлсө жаның кошо өлмөкчү.
Бир касиет бар ааламда, жете бербейт ой учу,
Ашынганды теске салып, эске салып коюучу.
Ар бир көпкөн кылыгыңды унутпаган, кечпеген,
Ал – табийгат мыйзамыдыр, илим али чечпеген.
Көңүлүм саал карайланса,
Касиеттүү мыйзамга,
Кайчы келип каламбы деп сестенем*.
* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев.