Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



– Сүймөнкулдун өлүмү ооруканада бирге жатышкан тагдырлаштарынын жанына катуу батты,– дейт Намырбек ага.

– Кайда болбосун чыныгы адамгерчиликтик мүнөз зор сый-урматка бөлөбөй койбойт. Бир жолу он чакты күн элге барып, Москвадагы ооруканага кайтып келсем столунун үстү жылан сыйпагандай аңгырап бош турат. Эмнеге мындай болду десем дары-дармекке, мөмө-чөмөгө деген акчасынын баарын элине кайта албай жүргөн өзү менен палаталаш алтайлык жигитке кармата салыптыр. Керектүү дары-дармек таба албагандар, же болбосо ар кандай кыйын жагдайга кабылгандар Сүймөнкулга келишет. Сүймөнкул болсо өзүнүн достору, жоро-жолдош тору Төлөмүш Океевге, Болот Шамшиевге, ошол кездеги СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеген Роза Отунбаевага, Сталбек Тургунбаевдердин жардамдарына таяна турган.

Ушундай жайдары мүнөзүнүн жакшылыгыдыр. Сүймөнкулду жерге берген сан миңдеген адам катышкан азалуу жыйынга өзү менен ооруканада бирге жатышкан ар кайсы улуттун өкүлдөрү чогулуп келишип, көздөрүнөн жаш төгүштү. Булардын ичинен 26–27лер чамасындагы балдакчан бир орус жигит апасына сүйөнүп туруп сөз сүйлөдү:

– Алда качан эле о дүйнөдөгү адамдардын тизмесинде жүрсөм да, Сүймөнкулдун таап берген кымбат баалуу дарыларынан өмүрүмдү узартып келдим. Өзүмдүн атам да мындай жакшылык кыла албайт эле. Эми мен да көп узабай ал кишинин артынан илешип кетермин. Көзүм жумулуп кетсе кереги тиет деп апам экөөбүз тырмактап жыйган беш миң сом акчабыз бар эле. Мына ошонун үч миңи. Бирок, мени аяп муну албайбыз десеңиздер мени катуу капа кыласыздар. Өзүм кадыр туткан адамга деген урмат-сыйымдын белгиси иретинде ушуну алып коюуңуздарды өтүнөмүн,– деп алиги жигит азалуу жыйындагыларды бүт ыйлатты.

Кыргыз менен казактын искусство асманынан таңкы чолпон жылдыздай балбылдап жанып өткөн Сүймөнкул бир сөзүндө: «Кыргыздар Мухтар Ауэзовго арнап эстелик орнотууга тийиш» деген эле. Антсе да жерге орноткон коло эстеликтен эч бир кем эмес, баасы кундуу, нарктуу эстеликти өзү орнотту. Ауэзовдун чыгармалары боюнча тартылган «Караш ашуусундагы атылган ок», «Көк серек» аттуу фильмдерде эң башкы ролдордо өзгөчө түйшүк менен эч кимге окшобой, кажыбас-кайраттуу каармандардын образдарынын галереясын түзгөндүгү кыргыз менен казак кино искусствосундагы жаңы белес болду.

Жашыра турганы жок, буга чейин казак кино искусствосунда Ауэзовдун чыгармаларын мындай жогорку бийик деңгээлде тарта алышкан эмес. Эгер Сүймөнкулдун көзү тирүү турганда эгемендик жолуна жаңы түшкөн «Казакстан Республикасынын эл артисти» деген наамды сөзсүз алат эле.

Деген менен биз кыргыз элиндеги Казакстан элчилиги уюштурган эки элдин маданиятын жакындаштырууда, өнүктүрүүдө алтын көпүрө болгон айтылуу эмгеги үчүн Сүймөнкулду № 1 «Алтын көпүрө» сыйлыгы менен сыйлап, жубайы Салима Шабазовага (азыр ал да маркум болуп калды) күбөлүгүн тапшырдык. Өзүңүздүн катышууңуз менен элчиликтин чоң залында жалаң Чокморовдун сүрөттөрүнөн турган көргөзмөнү ачтык. Актёрго эстелик орнотууну, өзү туулуп өскөн айылындагы үйүн музейге айландырууну өтүнүп, республиканын Президенти менен өкмөтүнө атайын кат жолдодук…

Айтматов. Элибизде Жолондун «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деген сабы нускалуу кепке айланып кетпедиби? Эки күндүн биринде өлүм менен бетме-бет келип, коюн-колтукташып жүрүп, аягында көөнөргүс эмгек, үлгү тутарлык өмүр белестерин калтырууга үлгүргөн кыргыздын ушул бир карагайга каршы бүткөн бутактай эрки майтарылбас перзентинин эң мазмундуу экинчи өмүрү-чыгармачылык өмүрү башталды…

Ооба, маңдайыбыздан канчалаган жылдыздар жанып өтүштү го… Ушул аңгемелерибизди жыйынтыктап, корутундулай турган бир ырың барбы?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>