Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Шаханов. Бар.

Айтматов. Жатка билесиңго?

Шаханов. Ооба.

Айтматов. Окучу.

Шаханов.

Келип жатат, кетип жатат таланттар…
Кара түндөй кайгы каптап бөлмөнү, –
Адамзаттын алгыр, улуу кырааны
Лев Толстой жаткан кезде өлгөнү,
Ал, аялы колун сүйүп ыйлады:
«Бирге көрүп турмуштун кыр, өңүрүн,
Өзүң менен өттү жарым өмүрүм.
Оңдой албай мүнөзүмдүн кесирин,
Мен бейбакты кечире көр,
Күнөөм көп…
Кечире көр, кечире көр, эсилим!»
Өткөн күнүн ойго салып алыстан,
Үнсүз, ичтен күбүрөдү даанышман:
«Жок, кемпирим,
Жашыңды тый,
Кайра куюп алмак белең төккөндү,
Ыйлап эч ким кайтара албайт өткөндү.
Качтым сенден…
Сага жакын жүргөнчө,
Артык көрдүм дүйнө кезип кеткенди.
Оолактадым, чыкпадың мен күткөндөй…
Россия канжанымдан бүткөндөй…
Өзүмдүөзүм салдым канча зордукка,
Мүлдө ааламды тамшандырган акылым
Сенден колдоо таппаганы кордук да.
Бир чындык бар, эч кимдин жок кинеси,
Балдарымдын болдуң асыл энеси.
Каш кагымча кайгы, шаттык арасы,
Эч ким бизге боло да албайт арачы,
Карыганда түшүнүшпөй аттиң ай,
Жолубуздун кырсыкканын карачы.
Дей албаймын: «Маңдайымдын шорусуң,
Камкор болуп, создуң канча кол учун.
Бирок мени түшүнбөдүң,
Түшүнүүгө жана да тырышпадың,
Кечирбеймин шол үчүн,
Кечирбеймин шол үчүн…»

Өткөн күнүн ойго салып алыстан,
Аялына карап терең күрсүнө,
Түбөлүккө көзүн жумду даанышман.
Кайда,
кайда, көңүл сырын көздөн угар берендик?
Үч өлчөм бар –
Бийиктик, же жайыктык, тереңдик,
Бул үчөөнү баалабоо – сокурдук да кереңдик.
А түшүнбөө…
бактысыздык, аяр бол,
Же адамдык мамиледе жок али да даяр жол.
Оңой эмес,
Жеңил эмес бул эреш,
Качан болсун чындык жолу буруш, коо
Керек десең түшүнбөстүк күнөө эмес,
Кылмышка теңтүшүнүүгө тырышпоо.

Арманай деп кайгырбоочу жорукпу,
Канча кашка булактарды эл түшүнбөй соолутту.
Канча-канча улууларды журт түшүнбөй өлтүрдү,
Антип мына тирүүлүккө толгус зыян келтирди.
Брунону отко жаккан,
Галилейди сотко тарткан,
Биржансалдын аркан байлап колуна,
Жылан болуп ийрилген Улукбектин жолуна,
Түшүнбөстүк эле го
Анын баары адамзаттын шоруна.
Түшүнбөстүк аз жайдыбы тамырын?
Кечеңдетти келечектин жарыгын.
Жетер кезде кол учу,
Сыртын салып, жонун тоскон,
Улуу Абайдын жолун тоскон,
Дагы да ошол түшүнбөстүк болуучу.
Талантына таң калтырган далайды,
Жазган кезде Ауэзов «Абайды».
«Бул туунду чыга албайт эч белеске» –
Деп көгөрө каршылашкан,
Жапыс ойго камчы баскан,
Дагы да ошол түшүнбөстүк эмеспи?
А Ауэзов жөнсүздүккө бул сындуу,
Ызалана кол шилтеп,
Ичтен үнсүз күрсүндү:
«Түшүнүүчү элим аман болсун деп».
Өткөн өттү,
Бирок баары эсепте.
Кандай азап,
Түшүнбөстүк күнөөлүү эмес десек да,
Кылмышка тең – түшүнүүгө тырышпоо.
Түшүнбөстүк – сыяктуу бир жөө туман,
Ал жөө туман пайда кылат көп күмөн.
Бир жаш талант көтөрүлсө алдыга,
Эл түшүнбөй калбаса экен деп турам.

Келип жатат, кетип жатат таланттар…*
* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>