Улуу устатым менен экинчи ирет кездешүүм айрыкча кызык. Москвадагы М. Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун эки жылдык курсунда окуп жүргөн кезим. Ошондо Михаил Дудинцевдин «Ни хлебом единым» деген романы жарык көрүп, адабий чөйрөгө зор талаш туудурду. Бири жергесууга тийгиз бей мактаса, экинчиси аларга каршы пикир айтып, же тээр жерине жеткире жамандайт. Ушул талкууга баш көз болуп, бир чечимге келүүгө Борбордук адабиятчылар үйүнүн кичи залында (ЦДЛ) чоң жыйын өттү. Мен эртерээк келип, залдан орун алгам. Президиумда кыдыратасынан өңчөй эле лөктөр шыкалышып отурушат. Ушунчалык кишинин көптүгүнөн бут коёрго жер жок. Кээ бирөөлөр терезенин алдындагы тактайга газет төшөп олтуруп алышкан.
Адабий талаштын басылар түрү жок, чечендер трибунага биринин артынан бири чыгып, сөз менен найзалашып жатышты. Ушул убакта эшик жакка көзүм түштү, ийин тирешип тургандардын арасынан Ауэзовдун тааныш өңүн көрүп калдым. Кечирээк келип калса керек. Президиумда олтургандар Мухаңды байкашпадыбы, көрүшсө да ичкери өтүүгө мүмкүн эмес эле. Ушул учурда дем алыш жарыяланып калды. Залдагылар убашып-чубашып сыртка жөнөшкөндө мен да жан дилим менен Мухаңа жетүүгө үлгүрдүм.
– Ассалоом алейкум,– деп кош колумду суна бердим.
– Уалеким ассалам, кайдагы баласың?
– Кыргызстанданмын. Атым – Чыңгыз. Ушул жер де жогорку адабий курстун угучуусу элем. Менин ордума олтуруңуз ага, жүрүңүз!
Мухаң ичкери өтүп орундукка жайгашты. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып тердеп чыккан кашка маңдайын ашыкпай сүрттү.
– Ырахмат, айланайын, – деди өзүнүн жанында куурайдай болуп турган мага мээримин төгө карап,– багың ачылсын!
Мен үчүн мындан артык бата жок эле.
Өзүң Ауэзовду көрө алдыңбы? Ал киши дүйнөдөн кайтканда абдан эле жаш болсоң керек?
Шаханов. Көзү өтөрдөн бир аз убакыт мурун Чымкент коргошун заводунун маданият сарайында «Абай жолу» эпопеясы тууралуу эки күнгө созулган окурмандар конференциясы өттү. Алма-Атадан Мухаңдын өзү атайы келип катышты. Ал кезде Мамытбек Калдыбаев деген областка белгилүү акын жигит бар эле. Ал мага чакыруу белетин берген. Даңкы таш жарган жазуучуну алгач көрүшүм. Сүйлөгөнү, олтурган-турганы, ыраазы болгон учурунда «бали-бали» деп күлүмсүрөгөнү бизге окшогон боз балдарга кызык көрүндү. Үстүнө көк сур костюм кийиптир. Китебиндеги сүрөтүнө караганда бир аз жүдөңкүрөөк, өңү азгын көрүндү. Балким, «Абай жолунан» соң «Жетилген муун» аттуу жаңы чыгармасын жазуунун камылгасында ойго чөмүлүп, санаага батып жүргөн чагы болсо керек…
Конференция аяктаары менен кол тамга алуунун кезегинде турдук. Уу-дуу, киши көп. Ар кимиси колдоруна Мухаңдын китептеринен бирден-бирден кармап алган. Жылып-жылып жазуучунун жанына мен да келдим. Ал кезде мен «Абай жолу» менен «Еңлик Кебектин» кээ бир жерлеринен жатка айтар элем. Ошолордон айткым келип канчалык оозумду жасап барсамда, батына албадым. Бир чети уялдым, экинчи жагынан артымда кезекте тургандар түртүшүп келетат.
– Атың ким, уулум? – деди Мухаң мен сунган кере карыш китептин ички бетин ачып жатып.
– Мухтар.
«Атам китебиңизди окуп, менин атымды сиздин ысымыңыздан улам койгон», деп айткым келсе да, буга да даай албадым.
Жазуучу жүзүмө бир саам мээримдүү карап, башын ийкеди да, кол тамга жаза баштады. «Бала Мухтарга ата Мухтардан эстелик. Ыклас менен» деп колун койду. Жазганы арбайгантарбайган экен. Бул улуу сүрөткерди эң биринчи жана эң акыркы ирет көрүшүм эле.
Чымкент педагогикалык институтунда сырттан окуп жүргөнүмдө Адил Ермеков деген аксакал окутуучубуз болду. Мунун бир таң калычтуусу Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романын жатка айтаар эле. Кадимки Саякбай Каралаевди эске салган феномендин бир кертими сыяктанчу. Сиздин «Саманчы жолу» (казакчасы «Кус жолу»)