Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Айтматов. Ылгый эле түш көрөм. Эмне сыры бар экенин билбейм, кирпигим ирмелсе бүттү, ар кандай түштөр кучагына алат. Таң заарынан бирде кубанып, бирде муңайып ойгоном. Бейпилчилик заманында тиричиликтин ачуу-таттуусун бирге таткан, көңүл түпкүрүндө жылдыздай жанган аяр адамдарды көрөмүн. Кээде түшүмө өзүм бир да жолукпаган, бирок сыртынан терең акыл-парасатына каныккан зор инсандар да кирет. Тири жанга ооз ачпаган купуя-сырларымды кээде ошолорго төгүп жатам. Жашыра турганым жок, түштү ушунчалык көп көргөндүктөн жадап бир-эки ирет догдурга да көрүнгөнүм бар. Алардын баамында ашык-кеми жок, баары жайында. Көзүм бир аз илинсе, сан түрдүү окуялар менен элестердин дүйнөсүнө кайра сүңгүймүн.

Шаханов. Чыке, догдур болбосом деле айтайын, мында ойлоно турган эч кандай сыр жок чыгаар. Баамымда, бул кыял менен таасирленүүнүн учкулдугуна, арымдуу чабытына байланыштуу болсо керек. Дагы анча-мынча чочулатып да коёюн… Балким, түш көрбөй калсаңыз бүгүнкү деңгээлдегидей жазуучу болбой калышыңыз да ыктымал эле…

Асмандан жылдыз учту деп жатабыз. Учкан жылдыздын эң соңку чачкан жарыгынын өзү жерге миллиондогон жыл өтүп жетет экен. Жердеги адамдардын кээ бири тиричилик менен түбөлүк коштошкон соң тирүүлөрдүн санаасында ошол жылдыздардай жаркырап, шоола чачып турмак. Бул күндө көпчүлүгү көз көрбөс, кол жеткиске кеткен жылдыз инсандар сизге болмуш менен санаанын көзгө көрүнбөс кубаттуу шоолалары аркылуу түшүңүзгө киргендир. Өздөрү үлгүрө албаган аманат ишти, өмүрдүн тар жол, тайгак кечүүлөрүндө зарлап кеткен кээ бир ой мүдөөлөрүн сизди аткарсын деп аян бергени чыгаар.

Айтматов. Сөзүңдө азилдин учкуну жатканы менен туура баамдап жатасың. «Иллиада» менен «Одиссеяны» жазган Гомер жаатында грек ойчулу Платон: «Бул акын бүткүл Элладаны тарбиялады» деген экен. Улуулар – элдин устаты. Эгер алардын таасири болбосо, биздин тагдырыбыз балким, саал башкача калыптанар беле, ким билсин?

Ошол балбылдаган жылдыздардын ичинде алгач таанышкан адамым казак калкынын улуу перзенти, мүлдө дүйнө тааныган жазуучу Мухтар Ауэзов болгон. Ал кезде Фрунзедеги К. М. Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун студенти элем. «Манас» эпосу тууралуу талаш- тартыш күчөп турган кез. Анын улуу эпос экенин байыркы кыргыздардын бүтүндөй тарыхы, эрдиги, элдиги, улуттук салт-санаасы ушу чалкыган ырда жатканын журт тегиз баамдады. Ушуга ылайык маселе социалисттик реализмдин ыңгайына, талабына шайкеш келеби жокпу дегенге келгенде көпчүлүгү тайсалдап калат. Ал кездеги идеологияга байларды жамандаган кедейдин начар турмушун көрсөткөн, накта үстөмдүк тап өкүлдөрүнө каршы көтөрүлүшкө чыкканын сыпаттаган чыгармалар зарыл эле. Эпостун башкы кейипкери Манас болсо бай Жакыптын тун уулу, ары хан деген аты бар.

Кээ бир изилдөөчүлөрдү (кыргыз, орус аралаш) «хан» деген сөздүн өзү көгөн чаккандай чочутту.

«Манас» эпосу бай феодалдык доорду, хандык бийликти көксөгөн, карапайым элге жат, зыяндуу туунду» деген ойго келбес жаңы бир каңшаар тарады. Гезит-журнал беттеринде эпоско каршы жазылган пикирлер ачык сес көрсөтө баштады. Бул улуу эпостун башына кара булут үйрүлүп келе жатканынын жышааны эле. Ошол кезде Манасты колдогон бирин-экин макала да болду. Бирок аларга көңүл бурган эч ким жок.

Элдин баары ушундай эки ача пикирде жүргөндө СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалы жайгашкан имаратта «Манас» тууралуу конференция өтө турган болду. Эпостун тагдыры ошол жыйында чечилет экен дегенди эшитип лекциядан чыга сала ууруп-чууруп жөнөдүк. Муну унутпасам, 1952-жылдын июнь айы эле. Келсек имараттын ичине кирүү мүмкүн эмес, элдин көпчүлүгү ийин тирешип сыртта турушат. Демдерин ичине алып, «капырай, Манастан айрылып калбасак экен» дегендей сарсанаа болуп жүргөндөр канча!

Бир жак капталым менен жылып-жылып акыры конференция өтүп жаткан залдын каалгасын шыкааладым. Мойнумду созуп карасам, төрдөгү президиумда он-он беш киши олтуруптур. Так ортолорунда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги биринчи секретары Исхак Раззаков, анын оң жагында ай маңдайы жаркырап Мухтар Ауэзов отурат. Мухаң менен бетме-бет кездешпесем да чыгармаларында басылган сүрөттөрүнөн көрүп тааныдым. Жан-жакасындагыларга нур чачып олтургансыган улуу инсандан көзүмдү алгыдай эмесмин.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>