Ал повесть тууралуу мен өз пикиримди борбордук басма сөздө айттым. Окуган чыгарсыңар. Бирок, ал чыгарма жөнүндө менин француз досум Луи Арагондой эч ким чоң ой айта элек. Кыргыз туугандар АлаТоо менен Ысык-Көлдү казактар менен тең жайлап ичи тардык кылбадыңар эле, эми Чыңгыздай уулуңарды эки элдин орток перзенти деп сыймыктансак деле тарчылык кылбайсыңар го деп ойлойм» – деп кеменгер ага сөзүнүн аягын чоң тилектештик көңүлү менен бүтүрдү…»*( * Ж. Мавлянов. Коштоп барсын! // Кыргызстан маданияты. – 1988. – 8дек.)
Ошол кезде кыргыз адабиятынын патриархы аталган кадырлуу аксакал Түгөлбай Сыдыкбековдун «Тоо арасында» аттуу диологиясы менен сиздин «Жамийлаңыз» бир учурда Лениндик сыйлыкка көрсөтүлгөн.
Жашыра турганы жок, мында ушу сыйлыктар жөнүндөгү Комитеттин белдүү мүчөсү, ары Түкөңдүн кыйбас досу – Ауэзовдун бир ооз сөзү чечүүчү роль ойногондугу белгилүү. Катаал сынга түшкөн учурда Мухаң дын кара кылды как жарган калыстыгын Түгөлбай Сыдыкбеков мындайча баяндайт:
– «…1961жылдын 10-апрель күнү Комитеттин кезектеги жыйынында жашыруун добушка коюлган чыгармалар иргелди. «Тоо арасында» добушка коюларда мен эреже боюнча сыртка чыгып кеттим. Эшик кыйгачыраак жабылып, эки элидей ачык калат экен.
Ичтен: «…көп пландуу социальный роман,– деген Николай Семенович Тихоновдун дабышы эшитилди. Демек, менин чыгармамды колдогону.
Анан дайыма бекбек сүйлөчү Сергей Сергеевич Смирнов кадимкисиндей бакылдап кайрылды:
– Мухтар Омарханович, Сиз оргиналда окудуңуз.
Сиздин пикириңиз баалуу бу жолу.
Мухам кантсе да адатынча мол көчүгүн козголтуп коюп айтты окшойт.
Жай гана:
– Я… предпочитаю «Жамилю!», – деп койду*…» (* Т. Сыдыкбеков. «Белбелес». – Бишкек. – 1996. – 574бет.)
Айтматов. Алигиче эсимде «Жамийла» жарыяланары менен «Литературная газета» Ауэзовдун чакан, чакан да болсо өтө бир ылым санагандык менен жазылган макаласы жарык көрдү. Туңгуч чыгармам басылганда мындай кубанбаган чыгармын. Ушуну менен бирге улуу устаттын алдындагы чоң жоопкерчиликти да сезгендей болдум. Жалпысынан Ауэзов менин өз дареметиме деген ишенимимди бекемдеди. Көп өтпөй Союздук басылмада «Ботокөз булак» деген көлөм дүү аңгемем жарыяланар замат Мухаңдын Алма-Атадан жиберген: «Чыңгыз, чыгармаңды окуп чыктым. Өтө жакты. Кубанычтуумун. Ушу басыгыңдан жазба!» деген телеграммасын алдым. Архивимде алигиче таберик катары сактап жүрөм.
Мухаңды Фрунзеге чакырып, алтымышынчы жылдардын башында эшиктөрүмдү көрсөткөнүм бар. Кеменгер жазуучу келет дегенди эшиткен апам Нагиманын шаштысы кетти. Үй ичин кагыпсилкип тазалап, төргө жумшак көрпөсүн салып алектенди. Стол үстүн күн мурун жасап, үстүнө түркүн даамдуу тамактарды жайната койду. Тун уулум Санжар анда кичинекей, оюнкараак, апасына көрсөтпөй стол үстүндөгү кыпкызыл алмаларды бир бирден ташып өзү жептир, калганын коңшулардын балдарына бериптир. Ушинтип жүргөндө уурулугунун үстүнөн кармап калган апам: «Ой, мобул конокко деген алманы таптакыр жылас кылыптыр го. Эми эмне кылайын» деп кулагынан бурай, кулундай чыңырта туйлатып алып келе жатканда Мухаң кирип келбейби. Апамдын небересинин кылыгына ырахаттанып күлгөн устат: – Бир ачууңузду мага бериңиз,– деп тентегимди апасынын колунан бошотуп алган.
Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев менен ал кезде ирегелеш коңшу турчу элек. Мурдатан кыйбас достукта жүргөн эки алптын ошол кечки дасторкон үстүндө аңгемелешкен нускалуу кептеринен угуу бактысына туш болгом. Коноктор бой жазганы сыртка чыгышканда апам кенже небереси Аскарды Мухаң олтурган орундукка оонатып алды. Муну байкай койгон жазуучу кайрылып:
– Мунуңуз эмне? – деп сураган.
– Ырым го. Жаман немени өзүңүздөй эл ардактаган азамат болобу деп жатканым,– деди апам.
Мухаң ыраазы болуу менен башын ийкеди.