Аскердик экспедициянын үйүрмөсүндө жүргөн жаш Чокандын кыргыз, казак элинин оозеки адабиятына, маданиятына, каадасалтына назар салып, ылым санаганынын өзүндө ажырагыс боордоштук сезимдин бир учкуну жаткан жок деп ким айта алат?
Чокан өзү жазып кеткен «Көкөтөйдүн ашы» тарамын орус тилине которуп, 1861-жылы Россия императордук География коомунун илимий кеңешинде академик Семенов Тянь-Шанский баштаган орустун атактуу окумуштууларынын сынына коёт. Кийин ушул жыйын туурасында атактуу окумуштуу Н. И. Веселовский: «Чокан орус тилин кандай чебер колдоно билген. Кыргыздардын элдик ырын кыска сөзгө көп маани сыйгызып, сулуу, көркөм сөз каражаттары аркылуу керемет кылып которгон» – деп тамшанып жазган.
Шаханов. Туура айтасыз, ырдын бул бөлүмү менен кыргыздар тууралуу изилдөө макаласы Чокан Валихановдун «Жунгария очерктери» менен бирдикте 1861 жылы немец, кийинчерээк англис, француз тилдеринде жарык көрдү. Ушинтип, улуу окумуштуу «Манас» эпосун биринчи болуп дүйнө элине жар салып чыкты.
Айтматов. Кандай десек да Чокандын кыска өмүрү түпөйүл сырга толо. Мындай бир даректи Достоевскийдин аялы Анна Григорьевнанын эскерүүсүнөн окуганым бар. Ч. Валиханов менен дос болгон орустун улуу жазуучусу Ф. М. Достоевский Чокан өлгөндөн кийин бир жылдан соң таң алдында түш көрөт. Түшүндө Чокан экөө Иртыш өзөнүн жээктей басып, агын сууга сонуркап сырдашып жүргөн экен. Бул кезде Федор Михайлович бойдок өмүрүнөн запкы көрүп, кыйналып жүргөн чагы болсо керек. Кырчынында кыйылган досунун түшүнө киргенин жакшылыкка жоруп, ошол күнү жазуучу өзү ашык болуп жүргөн Анна Григорьевна Сниткинага оюн билдирет. Үйлөнүшкөн соң экөөнүн өтө сыйлашып, таттуу өмүр кечиргендери тарыхта маалым. Мен ушундай жар тапканым үчүн досум Чоканга көптөн көп милдеттүүмүн деп Достоевский оозунан түшүрбөй жүргөн экен.
Кызык эмеспи?
Шаханов. Чокан көз жумган соң, окумуштуунун бала кезде бирге окуган досу Г. Н. Потанин Кусмурундагы Айганымдын ордосуна атайы барып атасы Чыңгызга көңүл айтканын, көзүнө жаш алып кайгырганын изилдөөчүлөр жазды. Чокандын Омбу, Петербургдагы архивдерде калган кол жазмаларын издеп таап, басмадан алгач жыйнак кылып бастыртып чыгарган да Потанин болду.
Айтматов. Германияда Казакстандын элчиси болуп иштеген Сагынбек Турсунов деген жигитти билсең керек?
Шаханов. Албетте.
Айтматов. Немец жеринде менин чыгармаларыма арналган окурмандардын конференциясы, жолугушуулары биринин артынан бири болуп турат. Ошол Сагынбек менен ал жактан бир жолу жолукканымда, Чокандын бейитине коюлган таш кулпуну кесип, андан кол тегирмен жасамакчы болгон бирөөнүн жосунсуз жоругу тууралуу аңгемени айтты эле.
Шаханов.Сагынбек өзү Чокандын сөөгү коюлган Талды-Коргон областында бир нече жыл аким болуп иштеди. Элдин тарыхын, адабият менен искусствосуна аяр мамиле жасаган түшүнүгү кеңири жигит.
1865-жылы Чокан кырчындай кезинде дүйнөдөн өткөн соң арадан көп жылдардан кийин достору анын мүрзөсүнө мармар таштан эстелик белги коёт. 1917-жылы ыйманын жеген бир пайдакеч ошол кулпу ташты экиге бөлүп, кол тегирмен жасап базарга алып барып сатууну ойлойт. Бирок арам ниетин ишке ашыра албайт.
Сизге ошол таш тууралуу, Чокан менен Достоевскийдин достук сезими тууралуу бир баллада окуп берейин.
Айтматов.Абдан жакшы болот.
Шаханов. Мармар таш сыры, же айлануу мыйзамы.
«…Сизге ашык экенимди жашырбай айткым келет.
Мен эч качан жана эч кимге да, ал турсун
бир тууган агама да ушундай сезим менен
элжирей берилген эмесмин.»
(Федор Достоевскийдин
Чокан Валихановго жазган катынан)
I
«Досум Федор,
Ушул кат – соңку катым, Соңку тыным,
Соңку дем калды жакын.
Ак, караны бул ирет таанып карап,
Шыпшың сөздөр бир саатка калып барат.
Тоз-тоз болгон агайын башын кошуп,
Кайтпас жайга эртеге алып барат.
Намыстууну өлүмүм ойлондурсун,
Бекер берген калың журт кайран күчүн.
Мени көмүү аркылуу,
өз элинин
Бир үмүтүн көмөрүн кайдан билсин?