Трибунага биринин артынан бири көтөрүлүп, эпосту жерден алып көргө салып жаткандардын сөзүнө үнсүз кулак түрүп, кагазына бирдемелерди чиймелеп олтурду.
– «Манас» партиянын азыркы саясатына жат туунду… Арабызда жүргөн пантюркизмдин эски саркындысы, – негизги баяндамачынын бири А. Боровков эпостон илип алар түрмөк таппай, тикелей каралоого өткөндө залдагылар дүр дей түшүштү. Нааразылыктарын ачык айтууга дарман жок. Каалганын сыртынан кыжынган дабыштар угула калып жатты.
– Манастан таза айрыла турган болдук го,– деп журттун таза айласы кетип түңүлгөн кезде, трибунага шарт-шурт басып, касиетиңден айланайын, Ауэзов чыга калбаспы.
– «Манаста» бай-манапты мактаган жерлери бар чыгар. Бирок бул бүткүл бир калктын элдиги менен эрдигинин, руханий байлыгы менен улуу маданиятынын урпактан урпакка оозеки поэзия тилинде жатка айтылып, уланып келе жаткан көркөмдүккө ширелген тарыхы го. Эмесе, кыргыз калкынын өмүрүнөн Манасты ажыратуу – бул бүткүл бир улуттун тилин кесүү менен бирдей эмеспи? Бөрк ал десе, баш алууга умтулган алабарман адатыбыздан качан арылаар экенбиз? – деп саамга токтолуп Боровковго карай берди эле, тигил мойнун ичине каткан күрп тооктой башын салып калды.
Мухаңдын дүнүйөгө көз карашынын кеңдиги, дүйнөлүк адабияттын тарыхындагы ак караны жетик билгендиги, тарам-тарам ойлорун жүйөөсү менен философиялык өңүттөн, так далилдер менен бекемдеп чечен сүйлөгөндүгү, кыргыз элинин руханий байлыктарына деген терең урматтоосу, ишеними залдагыларга жылуу маанай жаратты. Эгер жаап жашырбай ачыгын айтсак, «Манастын» кара тизмеге илинбей аман калышы дал ошол жыйындагы Ауэзовдун калыс сөзүнө байланыш- туу болду. Анын жүрөк толкуткан агалык сөзүн Исхак Раззаков да айрыкча канааттангандык менен угуп, башын ийкегилеп олтурду. «Манастын» баа жеткис кун дуу мурас экенин билгени менен ошол кездеги катаал саясаттан сактанып, айласы куруп отургандай сезил ген. Улуу эпосту ачык колдогону үчүн Ташым Байжиев сыяктуу адабиятчы окумуштуулардын түрмөдө жатканы да көп кооптонуудан кабар берер эле.
Конференция жабыла берген учурда эшиктен: «Сүйүнчү!», «Сүйүнчү!», «Манасыбызды сактап калдык», «Мухтар кайда, сени тапкан энеден, дагы бүткүл казак элинен айландык!», «Аксарбашыл, аксарбашыл!» деп алкаган кыйкырык сүрөөндөр туштуштан жаңырды.
Шаханов. Ошол кезде бай-феодалдарды мактаган чыгарма деген жалаа менен казак калкынын эки жүзгө жакын көркөм дастандары, кыссалары, оозеки адабият тын не бир керемет үлгүлөрү кара тизмеге илинип, архивге өткөрүлүп жатты. Буга чейин түрмөнүн даамын татып жазыксыз эки жыл камакта олтуруп чыккан Ауэзовдун өзү да куугунтукталып жүргөн. Угушума караганда, Мухаңа республикалык коопсуздук комитетинен бир бейтааныш аял телефон чалып:
– Кандай болбосун бүгүндөн калбай из жашырып кетүүгө үлгүрүңүз. Антпесе кечигесиз. Сизди камоого санкция берилип жатат,– дептир.
Мухаң ошол күнү кечкисин өз үйүнөн алдыртан жашырынып чыгып, Москвага учуп кеткен экен. Москвалык досторунун көмөгү менен куугундан кутулуп, МГУга профессор болуп орношкон.
Ушундай коогалуу кезеңде башы балээге байланып жүрүп, «Манасты» коргоого билек түрө шымалана киришүүсү эрдикке сыярлык иш эмеспи?
Айтматов. Ооба… Ошол конференцияда эпоско күйөрман болуп каалгадан шыкаалап турганымды айттым. Кийинчерээк арадан отуз жыл өтүп, «Манастын» алгачкы толук басылышына башкы редакторлук кылып, баш сөз жазаарымды, дүйнөлүк деңгээлде өткөн эчен жыйындарда ал тууралуу маселе коёрумду билсемчи.