Айтматов. «Кудай да кыйынчылыкты көтөрө турган кишиге берет» дешет. Бирок Чокморовдун бул жалганда тарткан азабын айтуунун өзү оор, зор чыдамдуулук керек. 1982-жылдан тартып акыркы он жыл аралыгында, тактап айтканда көзү жумулганга дейре, элүү алты операцияны баштан өткөрүү эмне деген кажыбас кайраттуулук, укмуштуудай эрдик десеңчи!
Шаханов. Сүймөнкул катуу кеселдеп, Москвадагы ооруканада жатканда, Сизди көңүлүн көтөрүп тез-тез барып турду, ошол кезде баалуу бир аппаратты табууга зор көмөктөштү деп уктум эле…
Айтматов. Элден ашыкча эч нерсе деле кыла койгонум жок. Унутпасам 1982-жылдын жазы болсо керек. Мариям жеңең экөөбүз Сүймөнкул жаткан ооруканага бардык. Өмүр менен өнөргө деген аёосуз кумары көздөрүндө алоолоп жанып турганы менен жаактары шимилип, жүдөп калыптыр.
– Алгач жасалма бөйрөк салышмак эле. Бирок, мен тобокел кылганым менен дарыгерлер ага бара алышпады. Чет элде бир кымбат баалуу аппарат чыгыптыр дешет. Эгер ал колго тийсе өмүрүмдү дагы беш-алты жылга узартууга ылаажы болоордой көрүнөт, – деди Сүймөнкул сөз арасында,– ошол аппаратты сатып алууга көптөгөн каражатты табууга да такыр чама келээр эмес. Айла канча, ушу жашаган өмүрүбүзгө да тооба кылабыз да…
Жүрөгүм дирт эте түштү. Катаал тагдырына эрдик менен моюн сунуп, ажалга тике караган чыныгы эр жигиттин сөзү. Кеп арасында мунусун азил-тамашага чалып этибарга албай, жөн-жай гана айтып өттү. «Ушуга жардам бере аласызбы?» деген жалынып жалбарган өтүнүчтүн илеби да байкалган жок.
Ооруканадан чыга салып, КПСС Борбордук Комитетинде иштеген кимдир бирөөгө, ошол кезде Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы болуп турган Апас Жумагуловго телефон чалдым. Кийин бул ишке Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев да аралашты. Койчу, айтор үчөөлөп, дагы башка жетекчилерди ишке тартып жатып, бөйрөктү дарылай турган шведдердин баалуу аппаратын өкмөт эсебинен 3 миллион сом акча котортуп Кыргызстанга алдырттык.
Шаханов. Ошол аппарат Сүймөнкул гана эмес, ошондой бөйрөк оорусуна өтө катуу чалдыккан жүзгө жакын адамдын өмүрүн бир нече жыл узартууга даба болуптур.
Сүймөнкулдун бир тууган агасы Намырбек Чокморов аксакалды мен айрыкча урматтаймын. Бир тууган кимде жок дейсиз… Сүймөнкул оор дарттан жабыркаган узак жылдар аралыгында Москва менен Бишкекке байма-бай каттап, ооруканада жаткан инисинин жанында апталап, айлап жатып каралашканы кез келген бир туугандын эле колунан келе бербеген адамгерчиликтин белгиси.
Сүймөнкул соңку он жыл бою ар бир жарым сутка сайын тамырга тигип коё турган «Фристул» деген аппарат аркылуу канын тазалатып турган. Мындай кеселге чалдыккан адам үч төрт күн катарынан алиги аппараттын жардамына таянбаса өлүп калышы мүмкүн экен. «Ийнени бырча-бырча сая берип, колу-бутунда, моюну-башындагы тамырларында бир да тамтык калбады» дейт агасы. Бул азапка жогоруда өзүңүз айткан соңку он жыл ичиндеги жасалган 56 операцияны кошуңуз. Ушинтип жүрсө да киного ойногонунан, сүрөт тартканынан кол үзгөн эмес. Өмүрүмдө казак-кыргыз жергесинен Сүймөнкулдай искусствого жанын сайган адамды жолуктура элекмин.
Москвадагы бөйрөк оорулар борборунун башкы врачы, атактуу профессор Алексей Белорусовдун Сүймөнкул тууралуу: «Менин алдымдан канча миңдеген оорулуулар дарыланды. Бирок, Сүймөнкул Чокморовдой эрки күчтүү, таң каларлыктай чыдамкай, ар бир оор операцияны чымын чаккандай көрбөгөн адамды кезиктирген эмесмин» деген сөзүндө Сүймөнкулдун ар убак ажал менен арбашып турган катаал тагдыры байкалып турган жок бекен? Кино искусствосунда анын эрки майтарылбас, кажыбас кайраттуу, өжөр мүнөздүү образдардын галереясын жараткандыгын төгүндөй алабызбы?
Эми мындай бир окуяга назар салыңыз. Сүймөнкулдун айрыкча жоомарт, колу март адам болгонун жакшы билесиз. Жогоруда айтылган кан тазалай турган аппарат да мурунку Советтер Союзунда жасалбайт экен. Сүймөнкул менен бирге Сиздин «Жамийла» аттуу киноңузда башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарованын Америкада турган мурунку күйөөсү, атактуу режиссёр Андрей Кончаловский алиги аппараттан үчтү өз акчасына сатып алып, «Кожожаш» аттуу фильмин Голливуддагы кино фестивалга алып барган Төлөмүш Океевден берип жиберет. Бул аппараттарды Сүймөнкул эмне кылды дебейсизби? Бирин Белорусов башкарган борборго, канча убакыт бою даамдаш-туздаш болуп, тагдырдан ырайым күтүп жаткандарга бергизет. Экинчисин өзү менен бир палатада жаткан грузин жигитке тартуулайт. Ал эми өзүнүн тамырына тиктирген аппарат бир аз убакыттан соң иштен чыгат…