Айтматов. Ооба, адамдын ар бир кыймылы түгүл, дегеле жакшы, жаман ниет, оюндун да жаңырыгы болбой койбойт. Өмүрдүн ушул түпөйүл сыры адамдардын негизги түйшүгүнөн алда кайда тереңде жатканын түшүндүрүүгө багытталган ойлуу чыгарма экен.
Шаханов. Рахмат, Чыке, доорубуздун улуу композитору Дмитрий Шостакович көз жумганда «Музыкальная жизнь» журналына «Сүрөткер элесин эске алып» аттуу эскерүүңүз жарыяланды. Ошол чакан гана эскерүүдөн бир-бириңиздерди ушунчалык терең түшүнүп, достошуп кеткениңиздер айкын сезилет.
Айтматов. Анын бир симфониясы жай гана «Дмитрий Шостакович» деп баштала турган. Ошол обонду анда-санда эстей калсам улуу композитор менен жолугушуп сырдашкан учурлар эске түшөт…
Алгач ирет Шостакович менен Москвада Лениндик жана СССР Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү комитеттин имаратында кезиктим.
Кең коридор менен Твардовский экөө жай басышып, аңгемелешип келатышкан экен, Александр Трифонович мени көрө сала:
– Дмитрий Дмитриевич, таанышып коюңуз, биз сөз кылып келаткан Айтматов деген ушул жигит,– деди. Шостакович мага жалт карап, өтө бир мээримдүүлүк менен жылмайып, сунган колумду аярлай кысты. Ошондон баштап комитеттин жыйындарына биргелешип үзбөй катышып жүрдүк. Шостакович талкууларда сүйлөгөндө өңчөй саясаттын камчысын чапкан чыгармаларды четке кагып, көркөмдүк жагы күчтүү чыгармаларды жактап сүйлөй турган. Бир пикирде болуп, көз карашыбыз да бир тараптуу чыгат.
Жайдын бир сонун кечки маалында табият дүйнөсүнө чыгып кайталы деген Дмитрий Дмитриевичтин өтүнүчүнөн улам Москванын маңдайындагы ойдуң токойго жөө бет алдык. Батканы калган күндүн кызыл боёк шооласы жымжырт мемиреген айлананы жибектей нуруна бөлөп турду. Токойдон булбулдун сайраганын, ала канат сагызгандын ала-була болуп учуп конгонуна суктанып узай бердик.
Жаймажай башталган аңгемебиз Шекспирге алмашты.
– Арабызда Гамлеттер менен Король Лирлер турганда Шекспир түбөлүктүү,– деп Шостакович сөз төркүнүн бүгүнкү күндүн адамгерчилик проблемаларына карай бура берди.
Капыстан композиторго:
– Сиз жаңы Шекспирдин дүйнөгө келерине ишенесизби? – деп суроо таштадым.
– Шекспир болбосо да ошонун деңгээлиндеги дагы бир генийдин дүйнөгө жаралары анык.
– Менин буга күмөнүм бар.
– Ал эми мен ишенемин,– деп композитор өз пикиринде бекем турду.
– Жаңы Шекспирдин дүйнөгө келишине азыркы заманда өтө ыңгайлуу жагдайлар көп. Анткени, адамзат баласы эч бир кылымда так азыркыдай ар тараптуу өнүгүп көргөн эмес. Эртеби-кечпи улуу талант пайда болот да, ааламды искусствонун кудуретине баш ийдирет.
Шостаковичтин айкөл жүрөгүнөн, чын пейилинен чыккан ушул оюна аргасыздан моюн сундум.
– Чыңгыз,– деди ал кайтып келатканыбызда жүзүмө үмүттүү тигилип, – өзүңө деген эки өтүнүчүм бар. Биринчиси – кейипкерлердин дүйнөгө деген философиялык көз карашын дагы да тереңдете түш, экинчиси – саналуу өмүрүңдүн ар бир минутун эсепке ал. Коомдук иштерге көп убактыңды ысырап кылып жүрөсүң. Сенин чыгармачылыгыңа деген менин мамилем кандай экенин билесиң го…
Классиктин агалык кеңешин турмуштун албан толкундары менен алектенип жүрүп аткара алдымбы, жокпу, турмуш өзү көрсөтөр…
Шаханов. Дүйнөнү обону менен алдейлеп өткөн Дмитрий Дмитриевич менен алгач кандай таанышканын Евгений Евтушенко мындайча баяндайт:
«1963-жылы жайында биздин үйгө телефон чалган композитор аялыма: – Тынчыңызды алганымы кечириңиз, биз сиз менен тааныш эмес чыгарбыз, мен Шостаковичмин… Евгений Александрович үйдө бекен? – дептир үнүн акырын чыгарып.
– Үйдө иштеп жатат эле, азыр чакырайын.
– Ой, эмне дегениңиз? Чыгармачыл адамдын оюн бузбайлы. Мен ал кишиге ыңгайы келген учурда чалайын,– деп сылык-сыпаалыгын кылып жатканда телефондун трубкасын кулагыма тосо салдым. Ошондогу айтылуу инсандын менин бир ырыма музыка жазууга уруксат сураганы, ары толкунданып чыккан сөзү өмүр бою жадымда калды.