О спорт,
Ты рыцарь физической мощи,
Ты куешь здоровье, –
И тем достоин похвалы.
Но часто развиваешь людей
Односторонне, однобоко,
Хладнокровно глумясь
Над духовными ценностями,
Созданными за века.
Неужели сила –
Только для силы,
Красота только для тела,
А ловкость для превосходства
Над другими?
Зачем нужны быстрые ноги
Без мыслящей головы?
Зачем крепкие мускулы
Без глубинных чувств?
К чему состязания
Без нравственного лица?
О, фетишизированный спорт,
Игнорируя эти вопросы,
Стал ты пленительным кумиром
Для миллионов сердец,
Зачастую съедающим время,
Отпущенное божеству души…
И мне кажется,
В твоих рядах
Так не хватает Хаджи-Мукана…
Айтматов. Өзүң Кажымуканды көрө алдыңбы?
Шаханов. Балбан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында карыганына карабай айыл-айылды кыдырып өнөр көрсөтүп, каражат жыйнап, өз атынан самолёт жасатып жөнөтүптүр. Учурунда анын мындай азаматтыгына ыракмат айтып, атайы Сталин телеграмма жибериптир.
Мен төрт-беш жаштагы кезимде Кажекең биздин колхоздун борборуна келип, эл алдында оюн көрсөтүптүр. Керээли-кечке жумуштан баш көтөрбөй жүргөн эмгекчилер алптын айтсаң ишенгис албан түрлүү өнөрүнө тамшанышып, бир кумардан чыгышса керек. Анда биз азыркы Төлө бий районунун Кашка-Суу айылында турчубуз. Атам менен уруулаш болгон соң ылым санадыбы, же кандайдыр бир жакындыктары барбы, ким билсин, оюн аяктаган соң артынан айылдын бардык балдарын ээрчиткен Кажекең биздин үйгө келип түшөт. Чакырып келтире албаган кадырлуу мейманга арнап атам чай катыктап саап ичип олтурган жалгыз эчкисин союп, айыл-айылды чакырып, чакан той жасаптыр.
Төрүбүздү бүтүндөй ээлеп жаткан зор кара тору адам жамбаштап жатып чайды узак кана ичиптир. Эки жаагынан тынымсыз куюлган терин улам-улам аарчып олтурган бет аарчысынын өзү эле чакан дасторкондой экен. Маркум апам айтып калар эле, мен чөккөн нардай болуп жаткан балбандын денесин кызык көрүп, үстүнө чыгып, желкесинен жонуна, андан тизесине жар ташта секирип ойногон улактай жаным тынбаптыр. Мени Кажекең жонуна учуп конгон чымын катары көрбөй карс-карс күлүп коюп чайын ууртай бериптир.
Айтылгандарга кулак түрсөк Кажымукан алп күчтүн гана эмес, чоң адамгерчиликтин да ээси экен.
Чыке, Кожомкул сыяктуу кыргыздын балбаны менен Кажекең кездешкен деген кеп бар?..
Айтматов. Ал ырас, жаштайынан жакырчылыкта өскөн Кожомкул эр жетип эле күрөш өнөрүнүн чыгаанына айланат. Боюнун бийиктиги ушунчалык, теңешкенде төөчөн адамдын ийнинен келээр эле дешет көргөндөр. Муруну коңкоюп, чап жаак, кара сур өңүнө бүркүт кабагы шайкеш келип тургандай. Ушул кылымдын башталышында Бишкекте улуу жыйын өтүп, аягы балбан күрөш, ат чабышка уланат. Кытайлар өздөрүнүн Өгүз балбанын алып чыгашат. Алиги балбандын үстүн жабуулап, башын ноктолоп төрт буттатып, айланасына топуракты жер чапчыта чачтырып, өкүртүп-бакыртып айланта жетелешет. (Илгери балбандарын айбаттуу көрсөтүү үчүн ар кайсы жаныбардын дене түзүлүшүнө ылайыктап төө, өгүз, кочкор балбан дегендей үстүнө ошолордун кебин кийгизип жабуулап, ноктолоп, ортого жетелеп чыгуу салты болгон). Мындай психологиялык чабуулга туруштук бере албаган кыргыздын не бир жайык төш алптары калк калкаласа да жүрөктөрү даап күрөшкө чыга алышпай, көпчүлүктөн оолактай качышыптыр. Башта мындай шумдукту көрүшпөгөн эл аң таңкалышып, абдырап, эмне кыларын билишпей шаштысы кетет. Баш байгени алыстан келген кимдир бирөөгө алдырып жиберүү журтка намыс. Ар уруунун аты аталып, кайтакайта ураан чакырылат.
Ушул кезде ортого бийик жардай болуп Кожомкул алп чыкты дешет. Үстүндөгү жабуу менен башындагы ноктосун шыпырып алган кытайдын Өгүз балбаны да айкырып тике качырыптыр. Айласы кетип каршылашканына бой бербей арбашкан Кожомкул сүт бышым убакыттан кийин алигини «ап!» деп айкыра так төбөсүнө көтөрүптүр. Демдерин ичине алып былк этпей турган кыргыздар да: «Оо, арбак колдо!» деп чуулдашып коё беришиптир. Кыйкырык сүрөөнгө ого бетер чыйрала түшкөн Кожекең атаандашын айландырып келип жерге бир чапкан экен.