Айтматов. Ооба, Жамбыл карапайым өмүрдө да, ошол учурдун маданий очогунда да сейрек кездеше турган кубулуш болгон.
Шаханов. Туура айтасыз. Мындай бир окуяга көңүл буруңузчу. 1938-жылы Грузин элинин улуу акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастанынын 750 жылдыгы белгиленет. Тойго Казакстандан Жамбыл баштаган бир топ адабият менен искусство ишмерлери катышкан. Жакеңдин жанында үзөңгүлөш иниси, айтылуу акын, ары композитор Кенен Азербаев да бирге жүргөн. Ошол тойдо токсон эки жаштагы Жакеңдин кыраан көзү бир грузин сулууга түшпөйбү? Каш кагып, кырчын талдай ийилген жаш кыздын кылыгы карыяга капыстан жагып, жүрөгүнө чок салат…
Айтматов. Ап бали десеңчи!
Шаханов. Ошол окуяга арнап илхам келген кезинде мен момундай ыр жазгам.
Карт көңүлдүн жаштыгыбы,
Калды кыял, арманда,
Жүзгө чыккан Жамбыл акын жаныптыр,
Сулуулуктан жан-гүлазык алыптыр.
О, керемет, Грузияга барганда,
Бир сулууга ашык болуп калыптыр.
– Мына бул нак бүгүнкүнүн баатыры,
Мезгил аны багынтпаптыр өзүнө.
Кандай укмуш сулуулук бул, –
деп бир орус акыны
Жаш алыптыр көзүнө.
Бир карттар бар өзгөгө оту жангандан,
Тулкусуна кайрат, кубат алмакчы.
Сулуулукту сезбей, туйбай калган жан,
Баарынан да калмакчы.
Жер бетинде жел өчүргөн из азбы,
Нымтырактын чарк-чабыты тар болгон.
Отузунда кемпир болгон кыз азбы,
Жигит азбы отуз беште чал болгон?!
Ким жаш,
Ким карт,
Мезгил өзү иликтээр.
Эр көбөйсүн минген учкул кыялды.
Карттык – оттун азаюусу,
Оту азайган жигиттер
Бардык кезде коом үчүн зыяндуу.
Бактылуусуң ар бир таңда көзүңдү,
Сулуулукка сугаруудан качпасаң.
Карыдым деп алдай көрбө өзүңдү,
Карттык жашка өлчөнбөгөн эч качан.*
(* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев.)
Айтматов. Жакшы карый билүүнүн өзү да чоң өнөр экенин, арийне карыса да жаштыгын жоготпоого боло тургандыгын сөз менен да, иш менен да тастыктап өткөн саналуу, ардактуу карыяларыбыздын бири ошо Жамбыл экени талашсыз.
Кечээги сенектик түзүлүштүн тушунда калк арасынан кайнап чыккан таланттарды Коммунисттик партия өз саясатынын камчысын чаптырган үгүттөөчүсү катарында пайдалангандыгы ырас. Кат тааныбаган соң Жакеңе да атайы секретарь бөлүп, ырдай турган темаларын да өздөрү тандап беришсе керек?
Шаханов. Азыр да Жамбыл туурасында эл ичиңде өйдө-ылдый сөздөр бар. Бири Жакеңде чыныгы поэзиянын үлгүсү жок дешсе, экинчилери жеке адамга сыйынуучулуктун союлун чапты дешип күнөөлөшөт. Акый катка келсек, ошол кездеги жазма адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн кээ бирөөсү гана болбосо, калганы дээрлик Ленин менен Сталинге ыр арнап, алардын «улуулугун» жарыша даңкташпады беле? Заман ошондой болду. Ал кезде журт көсөмдөргө чын дилинен ишенишкен. Кимди болсо да өз мезгилинен бөлүп алып, ага бүгүнкүнүн көзү менен гана карап бир жактуу баа бергенибиз адилетсиздик болор…
Айтматов. Туура айтасың.
Шаханов. Жакең кыргыздын не бир от ооздуу, орок тилдүү акындары, обончу-күүчүлөрү менен өмүр бою дос, бирге болуп, эки элди алмак-салмак өнөрлөрү аркылуу
черлерин жазып келишкен. Зор даанышмандардын ортолорунда ар кандай талаш-тартыштары да болот эмеспи. Баштарына мындай кыйын кыстоо күн түшсө бири-бирине арка-жөлөк болушкан.