Чай ичилет. Артынан үймөк табак эт келет. Кол чайкашып, кайрадан жайгашкан меймандарына, Баукең:
– Ал эми эмне жумуштап келгениңерди айтсаңар болот. Уруксат, – деп өзү тамекисин жайбаракат оозуна салат.
Ошондо эртеден бери кудайындай сый көрүп олтурган коногунун бири туруп:
– Сизди машинасын сатат деп уктук… Минбей турган көрүнөсүз… Сатсаңыз биз алаар элек,– деп бөжүрөп келген жөндөрүн айтат.
Табиятында сатууну, бирөөгө бир нерсесин соодалаганды билбей өткөн, андайды намыс көргөн айкөл адамдын каны башына тээп, муруту тикирейип, ордунан атып туруп, жазуу столунун суурмасынан пистолетин сууруп алат да:
– Встать! – деп бакырат. Тизелери калтыраган экөө ордуларынан шапа-шуп ыргып турушат.
– Ложись! – деп буйрук берет кайтадан. Жан таттуу эмеспи, айтканын аткарышат. Колуна пистолетин ойноткон Момуш уулунун «встать», «ложись» деген буйругун айласыздан аткарып 40–50 жолу жатып-турушкан алиги экөөсүнүн тердебеген жерлеринен тер чыгып, ырп этээрге алдары калбай калат.
– Кругом! – дейт бир саам убакыттан кийин табасы канган баатыр.
– Марш! Машинаны силерге сатканча өрттөп жибергеним артык!
Ушундай аңгеменин неченин угуп жүргөн Баукеңдин алдынан пионерлерди ээрчитип жалгыз чыгууга жүрөксүндүм.
Оң түштүктө Нарбай аттуу акын өттү. Анын жазгандарын окугандын өзү абдан азап эле, өтө чыдамдуулук керек боло турган. Аяккы бир эки ариби уйкашса болду, мурунунан жиптей тизип ыр курай берет. Мүнөзү да чалкеш эле. Журт беттегенин бербеген чатак мүнөзүнөн жазганабы, же жашы улууну сыйлаган салтыбы, айтор, Оң түштүктө өткөн түрлүү жыйындардын башында ошол киши жүрө турган.
– Бауржан аталаш иним, күнү бүгүнкүгө чейин алдыман кыя басып өткөн эмес,– деп сыймыктанганын далай эшиткем. Эмне кылаарымды билбей, кыйналганымдан Накеңе телефон чалдым.
– Ага, сиз Бауржан Момуш уулун билесиз го? – дедим алжай сурашкан соң.
– Эй, сен эмне деп оттоп турасың? – деди ал ороң эте. Билесиңби дегениң кандай? Ал менин иним эмеспи? Жат десем жатат. Тур десем турат.
– Анда бүттү, – дедим кубанычым койнума батпай – Баукең эртең таң заарынан «Алма-Ата – Москва» багытындагы поездинен түшөт. Тосуп алууга бирге чыгалы. Мен сизди машина менен ала кетейин.
Телефондун трубкасын ордуна коюп, «өх» деп, бир дем алдым. Мындан залал деле тартпашым анык. Жашы улуу кишини Баукең катуу сыйлайт. Уруулаш туугандыгы да ажеп эмес. Тек «жат десем жатат» дегенин кадимки мактангандыгы го деп койдум.
Эртеси күнү таң эртең Накеңди машинага олтургузуп, вокзалга келе калдым. Үч пионерге гүл карматып, Сыпатаев атындагы мектептин окуу иштеринин башчысы Жумагул Сарсенов да келип калган экен. Айтылган поезд да белгиленген убакытта келип, перронго токтоду. Ичинен биз күтүп турган Баукең да түштү. Дем алышка кетип бара жатышса керек, гимнастеркачан эки жоокер эки чоң чемоданды баатырдын жанына алып келип койду.
Салт боюнча Баукеңе алды менен жашы улуу эмеспи Нарбай акын барып саламдашты. Чынында жакшы тааныганы көрүнүп турат. Сарсенов барып колун алып, каздай тизилип турган пионерлер гүл беришти. Мен амандаша сала, кош чемоданга жармаштым.
Баукең жүзүн жылмайтып, пионерлердин маңдайынан сүйүп, бооруна кысып, рахматын айтты. Вокзалдын сыртында турган машинага жөнөдүк. Ошол убакта Нарбай:
– Бауржан, келинди ала келбедиңби? – деп калды.
Буга Баукең укмаксан болуп койду. Артынан сая түшкөн Накең алгачкы сураганын кайталады.
– Бауржан, келинди неге ала келбедиң?