Айтматов.Мурдагы китептериңдин биринен окуганым эми эсиме түшүп олтурат. Аз сөзгө көп маани сыйдырган терең ойлуу, эсте каларлык терең мазмундуу ыр.
Бийик тоолордун башын жалаң булут чулгап турган сыяктуу, биз эскерген адамдардын эч кимиси да ошол ырыңда айтылган түшүнбөстүктүн азабынан кутула алышкан эмес. Кылымдан кылым аттаган бул адамгерчилик касиеттерге терең тамырлаган руханий аң-сезим менен пендечилик күрөшүндө, алар өздөрүнүн айкөл даанышмандыгы менен, туруктуу курч мүнөздөрү менен жеңишке жетип, акырында урагыс эстелик калтырышып, көк бетинен бири эрте, бири кеч учуп өтүштү. Аларды эске алуу кандай каниет, жан-дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан үлгүлүү бийик турган касиетин айтуу дүйнөлүк казынага кошула турган үлүштүн бир түрү.
Биринчиден, бул эске түшүрүү өзүбүз үчүн парыз десек, экинчиден ошол маркумдардын көөнөрбөс руху алдындагы инилик, перзенттик милдетибиз, ары алардын мезгилдин жамгыры чайып, күнгө тозулган касиеттүү көрүстөндөрүнө салган бир ууч топурагыбыз болор.