Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Сүймөнкул болсо ал кездеги жаш режиссёр Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу фильминде Карабалтанын ролун кандайча ойногонун айтып олтурду да:

– Өмүрзак Айтбаев деген казак окумуштуусун билесиңби? – деп сурады.

– Билгенде кандай! Көркүнө келбети жарашкан, ырды илгерки төкмө ырчылардай ырдаган өнөрлүү адам. Өзүн ага иретинде гана эмес, азаматтыгы үчүн да айрыкча сыйлаймын,– деп шатыратып баратат элем, Сүймөнкул кубанып, эргий сөзүн улантты:

– Эмесе ошол Өмүрзак агаңдан мен Биржансалдын «Темиртас» аттуу ырын үйрөндүм. Жогоруда айткан «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» деген фильмде Карабалта ошол ырды домбыра менен аткарат. Өмекеңдин дабышы менин дабышыма караганда ачык, ары уккулуктуу болгондуктан фильмге анын ырдаганын жаздырдык. Мен жөн гана эринимди кыбыратып турдум. Кино тартуунун ушундай куулуктары да болот, – деп тамашалады ал.

Темиртас, Асыл, Акык карактарым,
Чечсеңчи билегиме аркан батты-ой-ой, –

деп Сүймөнкул ырды оболото созгондо коңур добушу конок үйдүн тар бөлмөсүнө сыйбай кең Москваны жаңыртып жаткансыды. Аңгемебиз кичинеден жылжып Мухтар Ауэзовго өткөндө Сүймөнкул:

– Ушу улуу адамдын кыргыз элине жасаган жакшылыгын эч бир алтындын салмагы менен өлчөөгө болбос эле. Азыркы замандын кейпи бул… Айылга тооккана салуу үчүн да Москвадан уруксат алабыз. Бирок, акыр түбү кыргыздар Мухтар Ауэзовго эстелик тургузууга тийиш! – деди көңүлдөнүп.

– Мен өзүмдүн очогумда Ауэзовго арнап эстелик тургузуп салдым, – деди Жолон барбалаңдап.

– Кандайча?

– Кызыма Мухтар Ауэзов зор эргүү менен сүрөттөгөн Абайдын сүйүктүү жары Айгеримдин атын койдум.

– Баракелде, бир чоң тосттун кезеги эми келди дейм,– деп Илияс ага ордунан турду.

– Эмесе Айгерим эженин толукшуган кезинде улуу Абайды ашык кылган асыл касиеттери бүгүнкү наристе Айгеримдин да тагдырына ыроолонсун!

– Рахмат ага. Сиз да казактын касиеттүү уулусуз, айтканыңыз келсин! – деди Жолон толкунданып.

Ушундай бир казак менен кыргыздын иргелген таланттары капыстан жолуга калышып, агайындык сырдашуулардын жетегинде олтуруп, жайдын кыска таңы куланөөк салып калганын байкабапбыз.

Айтматов. Ооба, Сүймөнкул да, Жолон да, бири таланттуу поэзиясы менен, экинчиси керемет сүрөтчүлүгү, актёрлугу аркылуу Кыргыз адабияты менен искусствосунун тар жол тайгак кечүүлөрүндө өз издерин калтырып кетүүгө үлгүрүштү.

Сүймөнкул 1968-жылы Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча режиссёр Болот Шамшиев койгон «Караш Караш окуясы» аттуу фильмине тартылып, Бактыгулдун ролун ойноп жүргөндө эки бөйрөгүнө тең суук тийгизген экен. Батмандап кирген дартты тооткусу келбей кинодон бошой калса полотносун керип таштап, тоо кезип, ЫсыкКөлдү жакалап, ажайып табийгаттын койнуна сүңгүп, не бир көз жоосун алган сүрөттөрдүн галереясын жаратпадыбы? Кино тартуу майданында да тез-тез ат ойнотуп, «Жамийлада» Даниярдын, «Көк серекте» Аханкулдун, «Ысык-Көлдүн кызгалдактарында» Карабалтанын, «Көк мелжиген тоолордо» Байтемирдин, «Дерзу Узалада» Чжанбаонун образдарын көөнөргүстөй кылып сомдогону күнү бүгүнкүгө чейин баарыбыздын көз алдыбызда.

Шаханов. Укканыма караганда Сүймөнкулдун ден соолугун кырсык чалган бир окуя чукулунан начарлатып жибериптир. Режиссёр А. Видугиристин «Жалаң гана эркектер» аттуу фильминде Касымдын ролун аткарып жатканда Сүймөнкулдун буту тайып кетип, тоодон миздүү таштын үстүнө кулайт. Анчейин мындай жыгылууну чымын чаккандай көрбөгөн актёр бул ирет жаткан жеринен тырп этпей сулк эле жатып калат. Жыгылганда Сүймөнкулдун ансыз да оору бөйрөгүнүн бир кан тамыры жарылып кеткен экен. Жолдоштору тез самолёт чакырышып, Фрунзеге жөнөтүшөт.

Сүймөнкул ооруканадан чыгаары менен буту тайган баягы бийик жар ташты кайрадан багындырып, фильмдин аягына чейин кайраттуулук менен ролун аткарып аягына чыгат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>