Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Бул окуядан илгерээкте өткөн дагы бир кызык учур эсимде калыптыр. 1959жылы Москвадан окууну бүтүрүп, элге жаңыдан кайткан кезим. Партия мектебинин угуучулары Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов сыяктуу кыргыздын аты чулу алптарын чакырып, атайы жолугушуу өткөрүштү. Угуучулар жалаң кыргыздар эмес, арасында орус, немец аралаш түрдүү улуттун өкүлдөрү бар эле. Ал эми манасчылар менен өнөрпоздордун көпчүлүгү орусча билишпейт. Эки ортодо котормочу болдум. Кезек Саякбайга келди.

– Манасты канча жашыңыздан баштап айта башта дыңыз? Алгачкы устатыңыз ким? Бир кишинин башына ушунча ташкындаган ырлар кантип баткан? – дешип жыйындагылар суроону үстөкөбосток жаадырып жатышат.

– Бала кезимде кой кайтарып жүрүп бир теректин түбүнө уктап калыпмын,– деп баштады аңгемесин Каралаев. – Бешим ченде ат дүбүртүнөн ойгонуп кеттим. Уйкулуу көзүмдү ачсам, туура мага карай бир аргымакчан зор алыбеттүү киши чымын-куюн болуп эле келе жатат. Колундагы найзасы күнгө чагылышып, жарк журк этет. Тулпарынын эки көзү оттой жанып, ооздугун карс-курс чайнайт. Омуроолотуп келип тизгин тартты. Ашыкпай атынан түштү да:

– Эй, бала, бул жатышың кандай? – деди.

– Уктап калыпмын.

– Сенин оозуңа зор бакыт куюлат. Мындан ары сен Манасты айтасың. Кана, ач оозунду! Оозумду ачсам алиги адам заарын бүркүп жибергени. Ак маржандай куюлган көбүктүн оозумда буркураганы ушунчалык, тумчугуп кала жаздадым… А-бу дегиче аттуу киши көздөн кайым болду. Мага жолуккан адам арбак, балким, кыдыр чыгар, ошондон баштап «Манасты» айтып кеттим…

Каралаев аңгемесин токтотор эмес, мен айткандарын калтырбай которуп олтурдум. Окуянын так ушул жерине келгенде чекем тердеп, буйдалдым. Сөзмө-сөз которсом, көпчүлүктүн ичинде аялдар да олтурушат. Башка улуттун өкүлдөрү «арбак», «кыдыр» дегендердин маанисин анча түшүнө бербеши ыктымал.

Айлам кетип, акыры окуянын күчөгөн жерин «оозума бүркүдү» деп котордум. Мунун өзү да угуп олтурган дарга оңой таасир эткен жок.

Андан бери канчалаган жылдар өттү. Бул тууралуу эч кимге ооз ачкан эмесмин. Жөн гана жакында өткөн Белгиядагы бир жолугушуу учурунда Каралаевге байланыштуу окуяны ошол болгон абалында баяндап бердим.

Бир француз калемгери: – Муну неге айтпай жүргөнсүз? Эң керемет жери ушу эмеспи? – деп айран таң калбаспы.

Шаханов. Дүйнөдөгү элдердин фольклорунда не бир дастандар менен лиро-эпостук ырлар, кыссалар менен хикаялар бар. Ошолордун бири да өзүнүн көлөмү жагынан «Манас» эпосуна теңдеше алган эмес. Улуу Гомердин кең чабыттуу калеминен жаралган «Иллиада» менен «Одиссеяны» экөөнү кошкондо да көлөмү жагынан «Манастан» 20 эсе, ал эми Индия калкынын сыймыгына айланган «Махабхаратанын» өзү кыргыз эпосунан 2,5 эсе аз.

Дүйнөдө тендеши жок бул алп эпосту кыргыздын кат тааныбаган эле айтуучулары алты ай бою тынбастан айтып аягына чыга албаган. Бул эмне деген акыл эс! Адамдын башына да ушунча дүнүйө сыя берет экен да. Ар бир доордун айтуучулары Манасты эсине сактап алып, кийинки урпакка мурас катарында оозеки айтып жеткирип олтурган. Дал ушундай салттык мүнөз кыргыз улутун дүйнөдөгү таланттуу элдердин алдыңкы катарына кошту.

Байыркы кылымдарда «Манасты» айткан улуу акын ырчылардын ысымын тарых таамай эсине сактап кала албады. Балким, бул Манасты айтуу сөөккө сиңген салтка айланып кеткендиктен, же улуу эпосту урпактан урпакка аманат кылып жеткирүүнү, ар бир айтуучу өзүнүн аманат милдетим деп эсептегендиктен да чыгар. Тек соңку бир кылымдын алкагынан алсак, атактуу манасчылардын саны кырктан ашып түшөт экен. Ошолордун ичинде куюн-жел жетпес курч туяк Сагынбай Орозбаков найза бою алдыда турат. 1930жылы 63 жашында пайгамбар курагында дүйнөдөн өткөн ушул касиеттүү карыя Сагынбай Орозбаковдон элдик оозеки чыгармалардын ышкыбоздору 180 миң саптан турган бир нече томдук эпосту кагаз бетине жазып калышкан. Ал учурда азыркыдай магнитофон жок, өргө салган күлүктөй түйүлүп арыш кере баштаган кезинде тизгин тартып, айткандарын жазып алгыча суулуктап туруу эмне деген кордук десеңизчи. Сагынбайдын буулукканы ушунчалык, кээде терисине сыйбай жарылып кете жаздачу экен.

Ошентсе да улуу эпосту кечээгиден бүгүнкүгө жалгаган кыргыздын залкар перзенттери Балык менен Келдибекке, Тоголок Молдо менен Молдобасанга, Жусуп Мамай менен Сейденеге ж.б. болочоктогу муундун атынан алкыш айтуу парыз.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>