Бул жолу да баатыр үн катпады. Машинага олтурдук. Баукенди такымдап келе жаткан Нарбай алиги сурагын патефондун бир ордунда туруп айланган сынык табагын дай дагы кайталады. Ошо кезде Баукең шак токтоду. Бир ачуусу келип кабагын түйүп, мурутун тикирейтип:
– Келинди эмне кылайын дедиң эле, алжыган чал?!– деди тиштенип. Нарбай селт эте түшүп бопбоз болуп кетти.
– Жжжөн… жөн эле… Элди көрсүн дегеним го…– деди шашкалактап. Алдыртан бир чыр чыгып кетеби деп, менин да бүткөн боюм дүр эте түштү.
Ошону менен «Восход» мейманканасына жеттик. Бау кең паспортун колума карматты. Орун дайындатып кой гонбуз. Баукеңдин паспортун конок үйдүн кызматкерине толтурууга бердим. Бир таң кала турганы тамтыгы кет кен паспорту экиге бөлүнүп жатат. Алгачкы сүрөтү жа быштырылган бети бош жүрөт. Бөлмөгө баш баксам Бау кең Нарбай экөө аңгемелешип олтурган экен. Бир нерсе ден улам мени да кагып жибербегей эле деп чочулап, абийирим барында мен да жылт койгум келет, бирок оюм да ыңгайын таба албай турдум. Камына баштасам:
– Бала,– деди Баукең гүрүлдөп – төмөндө ресторан бар экенин билесиңго.
– Билемин.
– Анда барып заказ бере бер. Менин эсебимден. Азыр беш мүнөттөн соң мына бул чал экөөбүз түшөбүз. Ресто ранга кирип, төрдөгү бир столго келдим да:
– Заказ кабыл алыңыз. Бауржан Момуш уулу келип тамактанат,– деп официантты шаштыра баштадым.
– Это тот капризный старик,– деп официант аял жаналы калбай бүлүнүп калды. Дароо стол үстүнө жаңыдан ак жапкыч жабылып, арыбери тамактарды да йындаганы ашканага тыз койду.
Айткан убактысында Баукең менен Нарбай акын да тамактануучу жайга келишти. Экөө тең жайдары, көңүл дүү болуп көрүндү. Кечикпей Жумагул Сарсенов да биз дин топко кошулду.
Даам үстүндө Баукең бир аз чечилип, өткөн жылы Ысык-Көлдө дем алганын айта баштаган эле, жаныбызга Созак районунда совхоз директору болуп иштеп жүргөн тыгынчыктай семиз бирөөнүн алдыртан келип кийлигишип калганы. Алиги омуроологон калыбында Баукендин тушунан умтулуп барып, Нарбайдын колун кысты:
– Ассалоом алейкум, Нарбай ага, өткөн жолу биздин совхозго келип кеткен экенсиз. Айылда болбой калып, сиздин алдыңызда айыптуу болдум. Дагы бир жолу келиңиз? Күтөбүз? – деп ач кенедей жабышты да кал ды. Башкаларыбызга көз кыйыгын да салбады.
Бауржан дагы жекирип таштайбы деп кыйпычык тап олтурган Накең «макул, макул, жакшы, жакшы менен» тез кутулгусу келип, алдыртан чочулап турду.
– Анда эмесе, жакшы туруңуз Наке,– деп алиги бурула берди эле, Баукең:
– Ай, жигитим! – деп корс этти. Директор кайрыла берди.
– Мен Бауржан Момуш уулу деген болом. Бир дас торкондо олтурган үчтөрт адамды алалап өтүп салам бергенди кайсы атаңдан көргөн элең?
Шашып калган директор: – Оо, кечириңиз, кечириңиз, – деп эси чыгып, шашкалактап калды. Ортого түшкөн Накең «бул баланча деген совхоздун директо ру» деп айта баштады эле, Баукең: – Өз маданиятын түзөй албай жүрүп, элди кантип башкарсын. Марш! – деди мурутун тикирейтип.
Тамак желип бүттү. Мен төлөйүн десем акчам жетчү дөй эмес. Азырынча акча ордуна документимди таштап кетейин, кийин эсептешип алармын деген ойго келип, чөнтөгүмө кол сала баштаган элем:
– Эй бала, чөнтөгүңө кол салбай, тынч олтур! – деп Баукең тыйып койду. – Ушу күнгө дейре өзүм олтурган жерде эч кимге акча төлөтүп көргөн эмесмин.
Официантканы чакырып алып, акчаны эсептетти. Официантка келинчек катуу шашып, ары анысын жашыргысы келип күлмүңдөп, денесин бултуңдатып «палан сом, палан тыйын» деди эле. Баукең айткан акчасын колуна карматты да:
– Я вам не кавалер и передо мной кылтыңсылтың не полагается. Марш! – деп бечара аялга акырая карады.