Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Эки гана адамга ылайыкталган ыңгайлуу купе. Адаттагыдай эч ким телефон чалып, же эшик коңгуроосун кагып, айлаңды кетирбейт. Бүтүндөй ааламдан обочо ээн-эркин үч күн, үч түн айтып түгөнгүс жомоктогудай ажайып доорду баштан кечирдик.

Капырай, ошондогу биздин көңүлдүн терең түпкүрүнөн сызылып чыккан, мурда жан кишиге айтыла элек жүрөк сырларыбыз, өмүрдүн түбөлүктүүлүгү менен утурумдугу, адабият менен искусство жагдайында ар кыл пикирлерибиз дал келип, бирин бири толуктап, ырахатка баткан элек. Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок экенин ошол жолу туңгуч ирет жүрөгүмдүн тереңинен сезген элем.

— Кылымга бергисиз күн болот. Эмесе, бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күнүм! —деди Бүбүсара да толкунданып.

Өз ара чексиз түшүнүшүп, көңүлүбүз эргий, сезим чабыттарыбызды поезддин дөңгөлөктөрү да тынымсыз коштоп таштакка салган жоргодой жулкуна дүбүрт салат. Маал-маал терезеге үңүлүп табиятка суктанабыз. Артыбыздан орустун жашыл токойлору кол булгалап, казактын пейилиндей мейкин кең талаасы жарышып калууда. Арал шаарына келип токтогондо, вагондон чыгып, таза абадан жуттук. Ал жылдары деңиздин жээги тартыла элек, көбүрүп-жабырып турган кези. Эрке толкундары күнгө чагылышып жарк-журк этет. Андан бери Кызыл-Ордо, Арыс, Чымкент, Түлкүбас…

Эсиңдеби, бир жолу экөөбүз сенин машинаң менен Ташкенттен Бишкекке келе жаттык. Күн уясына кызарыл батып, айлана чымкый кызгылтым нурга боёлуп, качанкы бир өткөндөрдү эске сала магдырап турган кез эле. Түлкүбаска жакындаганда катарлаша тең жарышып жүргөн темир жол бийик кырды жакалап, чоң кайрылыш жасап бурулат. Жазды жайлата бул аймак айрыкча жадырап жайнап, өзгөчө көркүнө чыга түшөт. Мен сенден машинаны токтотууну өтүнүп, сыртка чыктым. О, керемет, мындан 25 жыл мурункудай бийик кырды капталдай, Алма-Атага карай сапар улап поезд сызып барат. Кышында чокудан көчкү жүрүп, темир жолду бөгөп калбасын деп, төш жакалай орнотулган эки үч сыйра темир тосмолор да өзгөрүүсүз ошол эле калыбында тургандай. Жүрөгүм «зырп» эте калды. Баягыда так ушул жерден өткөндө, Бүбүсаранын өзгөчө бир кубанычка бөлөнүп, казактын эчен түрдүү кубулган улуу табиятынын ажайып бир көрүнүшүнө чексиз ыраазы болгон учуру эсиме түшүп, көңүлүм толкуду.

Бүбүсара менен бирге өткөргөн күндөрдө не бир шаарлардын маданий жайларында болуп, тарыхый эстеликтерине кандай гана суктанбадык дейсиң? Же, ушул эле Бишкек шаарын алалык. Кээ бир үйлөрдүн тушунан, көчөлөрдүн кесилишинен, коомдук маданий жайлардын алдынан өткөндө так ошол жерде эмне деп сүйлөшкөнүбүз, күлгөнүбүз, кубанганыбыз, муңайганыбыздын баарысы үтүр, чекитине чейин эсиме кылт эте калат. Өткөндө экөөбүз Кыргыз мамлекеттик опера балет театрына кайсы бир жыйынга барбадыкпы? Көпчүлүктүн көөнү башкада. Мен болсо өз оюм менен өзүм алекмин. Бүбүсаранын искусстводогу эч ким кайталай албас азоо эрке таланты ушул театрдын сахнасынын төрүнөн Семетейдин ак шумкарындай канат күүлөп чабыттап сызбадыбы. Бүбүсарага байланыштуу далай окуялар биринен сала бири тизмектелип, көз алдымдан кино тасмадай өтүп жатты. Сахнага карасам, так азыр аппак ак куу кебинде ушунчалык узак жылдар бою ой-кыялымды бийлеген мөлтүрөгөн чырайлуу, сымбаттуу мүчө чыга келип чимирилип бийлеп жөнөчүдөй. Өзүм да Бүбүсаранын талант рухунун көөнөрбөс, өзгөрүлбөс тирүү, ары купуя сырдуу эстелиги сыяктанам.

Ал кайсы бир жактан оорудум деп келген. Көп өтпөй көкүрөгүнөн башталган коркунучтуу шишик диагнозу менен Кунцова ооруканасында жатты. Бир жарым жыл катуу кыйналды. Айтуунун өзү оңой эмес… Кунцованын аймагына атайы уруксат кагазы менен киргизиле турган. Бүбүсара менен бир палатада так ошондой илдетке чалдыккан СССРдин эл артисти Ольга Андровская да жатты. Менин алгачкы повесттеримди, өзү баш редактор болуп турган «Новый мир» журналына басып, ак жол тилеген ыйманы саламат болгур Александр Твардовский да ошондой коркунучтуу шишиктин тузагына илинген экен.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>