«Менин аты-жөнүмдү билгиңиз, жолуккуңуз келээр, бирок мен сизге сыртыңыздан гана тилектеш болуп бейтааныш бойдон калууну кааладым», — деп жазды ал бир жолу. Кол жазмасын да абдан таанып калдым.
Алма-Атадагы беш миң адам сыя турган Спорт сарайында кайсы бир жылы менин музыкалаштырылган поэзия кечем болуп өттү. Бул кеченин тасмага тартылып алынган үч жарым сааты теледен бир канча ирет кайталанып көрсөтүлдү.
Жер бетинде ар гүлдүн өз орду бар,
Жандар да бар гүл сезимди кор кылар.
Махабатты үйлөнүү деп ойлошот,
Кудуреттин кунун билбес шордуулар.
Жол буйткалуу, кыял туура, ой туура,
Жол түшкөн соң болбос кийин кайтууга.
Сүйгөн адам сезими үчүн бактылуу,
Болбойт аны бактысыз деп айтууга.
деген ыр саптарын окуган учурумда телеэкранга көзүндө мөлтүлдөп жаш толуп турган бир керемет сулуу келинчекти көрсөтө калбаспы. Оюма ошол замат мага жыйырма жыл бою талбастан кат жазып келаткан келинчек келе калды. Ошол ушул болуп жүрбөсүн деген ой эсиме кылт эте түштү. Деги адамдын ой санаасы күлүк го. Бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, көзүмө жаш тегеренди. Балким, мен жаңылышкан чыгаармын. Ар ким көрсөм деп эңсеп жүргөн адамын кыялында кандай болду экен? Сулуу болсо экен деп элестете бермей адаты бар го. Болгону кат эле жазып, кездешүү мындай турсун, бирок бир көрүнүп койбогонуна караганда оюңа ар нерсе кетет. Бул эмнеси? Балким ордунан жыла албаган оорулуу кыз чыгаар. Ким болсо да, баары бир канчалаган жылдар бою көздөн далдаа жүрүп, кат аркылуу сырдашып келе жаткан ушул бир табышмактуу бейтааныш кызга айтар алкышым чексиз.
Ал бир катында: «Сиз бүткүл элдин урматына бөлөнүп, алтымыш жылдыгыңызды тойлоп жатканыңызда, бир кучак кызыл гүл көтөрүп: — Агай, узак жылдар бою Сиздин тынчыңызды алып келаткан карындашыңыз — менмин. Саламатсызбы? — деп алдыңыздан тосуп чыгамын», — деп жазды.
Ушундан улам «тезирээк алтымышка толсом экен» деп, ошол кыз менен жолугушар күндү эңсеймин.
Ыр жазбай ар кандай коомдук жумуштар менен алпурушуп көп убактымды бошко кетирип алганыма өкүнүп: «Мунуңуз кандай, булбулдун оту — үнүндө, кыраандын оту — канаты менен тырмагында, сиздин отуңуз — ырларыңызда эмеспи. Азыркы убактыңызды кетирип жүргөн иштериңиз өткүн сыяктуу алдамчы, балдардын кардан жасаган оюнчуктарындай бүгүн бар да, эртең жок. Көздөн кайым болуп кетет», деп муңаят.
Айтматов. «Мага гана керексиң!» деген көп добуштун арасынан өктөм чыккан ушундай руханий бай, камкор үндүн болуусу кандай мөрөйлүү.
Шаханов. Күландадан көз жазып калгандан кийинки алгачкы жылдарда дегеле кыздарга болгон ышкым таптакыр жоюлуп калгансыды эле. Жатсам да турсам да көз алдымда анын элеси, кулагымда анын үнү, анын күлкүсү. Арийне акыл эсимди жоготуп, жинди болуп кетемби деп да ойлодум. Бирок, өлгөндүн артынан өлмөк жок. Убакыт чиркиндин айыктырбаган жарасы аз болот экен. Бара-бара тагдырымда жолугуп пикирлеш, сырдаш болгон кыздардын арасынан Күландага окшошторун издедим. Балким бул сезим, мындай талап менин кийинки жылдардагы бактысыздыгыма шынаа болгон чыгаар…
Аялга таандык өзгөчө тазалыгына, сөзү менен ишинин айкалышына, пендечилик аралаштырбаган акыйкатчылдыгына ыраазы болуп, баш кошкон Канчайым келиниңизге чейин казактын Кызылкүл менен Розалиндадан башка да аялуу, асылзат аруулардын ысык алакандарынын жылуусу мандайымда калганын жашырсам — эркектигиме, ар-намысыма шек келтирерим ырас. Айрымдары эл оозунда жүргөн чыгармаларыма өзөк болду. Булардын арасында башыма кара булут уюлгуй калган кезде канаты менен суу сепкен чабалекейдей, алоологон ушак-айыңдан жазгырган, айкөл жүрөгүнө калкалап, абийирден тая турган учурда дем берген, көңүлүмө жаздын мээримдүү күн чубагындай шоола чачкандары да учурады.