Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



ХХ кылым адамзатты. эки чоң дүйнөлүк согуш менен кан төгүүлөргө, ядролук жарылуулар менен жердин силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок, ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген руханий байлыктын эң башкысы адамгерчилик касиеттердин бөксөрүшүнө алып келди. Жашоого жарык нур берип, өмүрүн улаган улуу махабат сезиминин өз бийиктигинен тайыздап, бүлүндүргүч, адепсиз кылыктардын мазактоосуна айланып, алсызданышына жол берилди. Менимче, жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай ушул.

Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл*
Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл.
Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр,
А калганы жай күндөр.

* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>