«Өзү чыныгы махабат деп зарлап жүрүп, жаңылганы кандай?» деп калың журттун ичинен ушак-айыңдын күбүр-шыбыр боло калганын да кулагым чалган. Күнөөнү качанда болсо өзгөгө арта салуудан оңой нерсе жок. Ошондуктан сүттөй акмын деп да актангым келбейт. Эркек болгон соң, өзүмө таандык жеке турмушума байланышкан жаза басуулардын бардык салмагын чама-чаркым жетишинче жеке көтөрүүгө тийишмин.
Деген менен өзүмдү жакшы билген аялзатынын эч кимиси «Мухтар адамгерчилик жактан жарды эле», «адилетсиз эле», «жоомарт эмес эле» дешип айта албастарына ишенемин. Жалаң эле атуулдугу менен пендечилиги ит жыгылыш түшүп жаткан казактын улуу өлкөсүндө, көп учурларда (бул менин багымбы же шорумбу) эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк ишеним артып, көбүрөөк таянган чыгаармын. Ушул мүнөзүм өзгөрүүсүз калды. Өмүрүмдүн тар жол, тайгак кечүүлөрүндө кээ бир аялдардын мерестигине да кабылыпмын. Бирок, бала кезимден айрымдардын иттигине иттей мамиле кылууга дитим барбагандыктан, аларды тез унутууга аракеттендим. Кээде бирөөлөрдүн тайкы көз карашын, кыянатчылдыгын кек тута берсең, көңүлүңдөгү адамгерчиликтин үрөнүн азайтып, абийириңди жоготосуң. Андыктан канчалык оор болсо да, иттигине да кара санабас ниет жеке менин өзүм үчүн, акындык аруулугум менен айкөлдүгүмдү сактап калышым үчүн да зарыл эле.
«Аялга жөн гана аял катарында карабастан, анын өзүн-өзү терең таанып, ачылуусуна, арийне өздөрүнө гана мүнөздүү акыл-эсинин деңгээлин, жакшылык-тилегин, жароокер назик мээриминин жаркырай көрүнүшүнө мүмкүнчүлүк берүү. Же болбосо ушул бийикке жетүүсүн талап кылуу».
Бул менин назик аял затына болгон эчен жылдардан бери өзгөрүүсүз келаткан бүтүмүм. Бакытым да, бактысыздыгым да ушул түшүнүгүмдө болуп жатат. Бирок, менин бул катаал талабыма белгилүү бир өлчөмдө жооп бергендерге да, бере албагандарга да качан гана башым касиеттүү кара жерге тийгенче, аздыр-көптүр кубаныч-кайгымды бөлүшкөндөрү үчүн алкыш айтып, урмат көрсөтүп, таазим этемин.
Айтматов. Ооба, иним, эркин сырдашып, көрүнгөнгө эле ача бербеген ички сырыбыздын учугун чубадык. Экөөбүз тууралуу эл арасында айтылган өйдө-төмөн ар кандай кептер да жетишерлик. Мындайда боёк сүртүлбөгөн чындыкты билгиси келгендер өз оозубуздан эшитсин.
Өзүң да буйдаланган жолдогу татаал тагдырдын арыбаган эр жигитисиң. Өткөн күндөргө шүгүрчүлүк кылып, эми атаар таңыбыздын берекесин тилейли. Ушу тапта эргиген көңүлүндүн асманынан кара булуттар ыдырап, жаркын өмүрүңдүн жайдары күндөрүн башындан өткөрүп жүргөнүңө күмөн санабайм. Жубайың Канчайым келин — жибек мүнөздүү, өз элинин салт-санаасын, адеп-ыйманын боюна жаштайынан сиңирген акылдуу, зээндүү жан. Ал турмак сени да Сиз деп, ата-баба салтына ылайык ызаат кылып турат. Жасалмалуулук эмес, табигый тарбиялыктын белгиси жатат. Балким, анын мындай мүнөзү сага Күланданы эске түшүрүп жүрбөсүн…
Кыргыз элинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси белгиленер алдында перзенттүү болдуңар. Жаңы төрөлгөн ымыркайга Мариям жеңең экөөбүз, бирибиз киңдик ата, бирибиз киндик эне болуп, Манастын келини Айчүрөктөй сулуу да сымбаттуу да, акылдуу аруу болсун деген ырым менен атын Айчүрөк деп койдук. Мунун өзү — сенин бүтүндөй кыргыз эли менен да, биздин үй-бүлөбүз менен да, бир тууган боорубуздай болуп, ой-санаа, ички-дүйнөлөрүбүз жагынан да жуурулушуп жол тапканыңдын белгиси. Жараткан өзү экөөңө жана биздин да перзентибиз болгон кичинекей периште — Айчүрөккө соолгус рух, урагыс бак жылоолосун!
Шаханов. Ырахмат! Чыке, эми кеп тизгинин махабат жагдайларына карай буралык.
Орто Азиядагы ХIV кылымдын кайталангыс кол тамгасы — Түркстан*(Казакстандын Чымкент областындагы шаар.) жергесиндеги архитектура өнөрүнүн экинчи Меккеси аталган ажайып эстелик — Кожа Ахмет Яссавинин күмбөзү экендиги өзүңүзгө маалым. Бул алп күмбөздү улуу окумуштууга арнап, даңктуу кол башчы Аксак Темир салдырган. Көгүлтүр мунаралары күнгө чагылышкан ушул күмбөздүн бир жак канаты эмне себептен бүтпөй калгандыгы тууралуу арсыз махабатты ырдаган бир аңыз бар. Ошол акыйкатка бергис уламыш аңызды кийинчерээк ырга да айландыргамын.