Амир Темир кул Кожа Ахмет Яссавиге көрсөткөн урматым ушул болсун деп, дүйнөнүн төрт бурчунан колунан көөрү төгүлгөн усталарды жыйнайт. Булардын арасынан өнөрү ашкан бир жаш жигитти оюу-чийүү иштеринин башчылыгына дайындайт. Жигит чопону ийлеп, боёгонду сыйкырлуу өнөрүнө багындырган чебер гана эмес, ошону менен бирге жан бүткөндүн сулуусу, ары булбул көмөкөй кереметтүү ырчы экен.
Күн уясына бата, курулуш аянтында өйдө-төмөн тырбаңдаган көпчүлүк абдан чарчап, эс ала баштаган кезде, башчы уста тургузулуп жаткан күмбөздүн секисине чыгып обон созот. Кулактан кирип бойду алган мукамдуу обонго магдыраган кул-кутандар тегиз көңүлдөрү эргип бири тууган жерин, тээ мунарыктап алыста калган ата-энесин, бири жарын, бала-чакасын, бири күйүткө салган ашыгын эске түшүрөр эле.
Обон обого созолонгондо Амир Темирдин балдызы Марзия да жасалгалуу жибек чачыктуу чатырынан чыгып, кулак түрүп тыңдаган журтту арбаган сыйкырлуу кайрыктарга кулак түрөт.
Марзия сулуу күмбөздүн оюу-чийүүлөрүн түшүргөн чеберлерге улуу Амирчинин урматы деп күндө түштө өз колу мекен суусундук алып келе бере турган. Чебер жигит да, Марзия да бир-бирине сыртынан ашык болуп арзып жүрүшкөн эле.
Күндөрдүн бир күнүндө журт күтпөгөн окуя болду. Марзия өзүн адептүүлүк менен кармап, элинин каадасалтына ылайык чоочун көздөрдөн далдалай бетине жука гана паранжы жамынып жүрө турган. Хан балдызы суусундук алып келген кезде, махабаттын ташкыны ээ-жаа бербеген уста жигит анын бетиндеги паранжысын ылдый тартып жиберет. Далайлардын көз жоосун алган сулуунун жүзү жарк эте калат. Ал жердегилер үчүн чор таман кулдун мындай кылыгы барып турган адепсиздик, хан тарапты басынткандык болуп эсептелбейби? Көрүп турган кул-кутандар чур эте калышат. Ал эми Марзия болсо үнсүз күлүмсүрөгөн абалында наздана басып бурулуп кете берет… Айланасындагылар уста жигитке ызырына карашат:
— Эй, башың экөөбү, мунуң эмне?
— Эртең Амир Темир жортуулдан кайтат. Балдызы бул жоругунду ага айтпай койбос.
— Хан каарданып кимдин күнөөлүү, кимдин күнөөсүз экенин териштирип олтурбай эле башыбызды алууга буйрук берип салса кантебиз…
Жигиттин бүткөн боюн дир-дир эткен калтырак басып, өңү кубара, көңүлү чөгө бечара абалга келе калат. Өзүнүн мындай коркок экендигин мурда эч кандай байкатпай келген?
— Эми канттик, эми канттик?! Бир амал издейличи! — дей берди ал алдастай.
— Түндө баарыбыз чогулуп качалык, — деди бири.
Чогулуп качышты эле, жолдору болбоду. Амир Темирдин аскерлери качырабы, кууп жетип, баарын айдап келип зынданга камап таштайт. Эртеси зынданда жаткан өзүнүн арсыз ашыгына Марзия аруу мындай мазмундагы кат жолдойт:
«Бир күндө ачып мүнөзүндүн бар кырын,
Тез өчүрдүң жигериңдин жаркынын.
Жаккан эле жайдарлыгың алгачкы,
Жанталашып качканың не, жаркыным.
Жарылардай сага куштар сезимден,
Өзүмдү-өзүм кармачумун өзүм мен,
Өлүмдөн да тайманбаган тилекти
Кантип окуй албадың сен көзүмдөн?
Өнөрүң бар караган журт канбаган,
Ырың бийик асманымды шаңдаган,
Кудай сага баарын берип,
Тек гана
Эрдик бербей койгонуна таң калам.
Эми баары өчтү, өттү.
Далбаса.
Амал канча ишенгениң алдаса?!
Сени өлдү деп өкүнбөймүн.
Аттиң-ай,
Бүтүл-бүтпөй бул эстелик калбаса-а!..»
Булак өмүр сүргөн менен кураксыз,
Эрдик өмүр сүрө алабы муратсыз?
Жүрөгүндө эрдиги жок адамдын
Бүт бардыгы махабатка тураксыз!
* Которгон — Акбар Рыскулов.
Айтматов. Бул аңыздын кудурети экөөбүздү бир акыйкатка жетелеп алып келди. Алиги өзүң айткан жигитке жараткан эгем керемет чеберчилик талантты, сулуулукту, ырчылыкты берди. Дегеле үчөө турмак, ушул асыл таланттын бирөө даарыган адам жерде калабы!
Кыйын жагдайда жигиттик кылып эрдикке барбай койду эле, анын колунан көөрү төгүлгөн усталыгы да, керемет сулуулугу да, жанда жок ырчылыгы да сокур тыйынга арзыбай калды. Чынында өзүң айткандай, эрдик жок жерде махабат да жок. Кээде махабат мага сан миң түрдүү тетиктен турган компьютер сыяктуу элестеп кетет. Башкы түзүлүшүнүн бири жанбаса, калганы бүтүндөй иштен чыгат.