Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Сен сүйсөң да, ал сүйбөсө таарынба,
Дарак өспөс суу жетпесе тамырга.
Чын махабат — кош жүрөктүн ырындай,
Өзүнө шап добуш керек ар ырга.
Сүйүктүүм ай,
Бактым болуп көрүндүң,
Сенсиз мага кызыгы жок өмүрдүн.
Басаңдатпа, каргылдантпа доошунду,
Сапырылган бал кымыздай көбүргүн.
Сүйүктүүм ай,
Ырсыз өмүр —
Жалыны жок, жарыгы жок жан беле.
Жубайлар бар аңгемеси түгөнгөн,
А махабат — түгөнбөгөн аңгеме.
* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.

Айтматов. Билдим!…Ушул ырың аркылуу мени көптөн бери оюмда жургөн аял менен эркектин руханий теңсиздиги жагдайындагы бир проблемага жетелеп алып келдиң. Мисалы үчүн муну бойго жеткен кыз менен эр жеткен жигит жөнүндө икая дейлик. Экөөсү тең сулуу, сүйкүмдүү. Таанышып бирин бири ынатышты, махабаттын не бир таттуу сөздөрүн бири-биринен аянышпай, эчендеген айлуу түндөрдү бирге өткөрүштү. Достору колдоп, ата-энелери да үйлөнөбүз, түндүк көтөрөбүз дегендерине каршылык көрсөтүшпөдү. Дүңгүрөп той өттү, ошол тойдун эки үч жылдыгы да келип жетти. Сүйөм деген сөздүн кызыгы сайрандаган бак менен көчөдө калып, турмуш каамыты моюнга түштү. Бара-бара экөөнүн ортосундагы руханий пикир келишпестик өздөрү тургай өзгөлөрдүн да көздөрүнө чалдыга калып жатты. Бүтүндөй жарака кетирген бул шынаага ыңаалап келген наристе да данакер боло албады. Өзүң айткандай сүйлөшөөргө да сөз да калбады. Сөз турмак, биринин жүрүш-турушу экинчисине өөн учурап, бир дасторкондо жанаша олтуруп, өзөк жалгоонун өзү да кыйынга турду.

Ушундай жагдайга туш болсо, өзгөлөр кандай чечимге келишмек эле. Биринчи жигит көзүн чылк жумуп, өзүнүн да, жарынын да калган өмүрүн кор кылбай, ажырашып тынат.

Экинчи жигит журттун каңкуулаган ушагынан, кызмат менен мансабына тиер залалдан, үй-бүлөсүнөн ажырап, коколой башы калган жалгыздыктан коркуп, бир жагынан балдарын аяп, өмүр бою итчесинен ырылдашып өтөт. Журт көзүнчө сүйгөндөрдүн ролун аткарышканы менен, ичтеринен бирин-бири желмогузундай көрүп, күндө ыр-чыр менен эптеп бир турмушту өткөрүшөт.

Моралдык, адамгерчилик жагынан алып караганда ушул экөөсүнүн кайсынысы жогору турганын өзүң да аңдаган чыгаарсың?

Шаханов. Чыке, дал ушул окуянын тегерегинде бир мисал келтирейин. Сырткы келбеттеринде кынтык жок кыз менен жигит тагдыр буйруп баш кошушту дейлик. Арадан айлар, жылдар желдей сызып өтөт.

Бир күнү экөөнү жакын тааныштары конокко чакырат. Бир дасторкондон даам сызышып олтурушкандар кээде өзгөрүлмө саясатка, кээде ким жаңы мебель алды, кимиси чет элдик машинанын жаңы түрүн минди деген турмуштук, пендечилик кеп сөздөрдүн башын чарпып жатышты. Акырында жаш келинчектин күйөөсү менен кошо өңчөй эркектер башка бөлмөгө карта ойноого киришти.

Ошол олтурушта маңдайына бырыш уялаган буурул чачтуу бир эркек алиги келинчектин назарын улам-улам өзүнө тарта берген. Анткени, анын сөз сүйлөгөнү башка эркектерге караганда такыр бөлөкчө сыяктанат.

Өмүрдүн сан кырлуу сырларын, адамгерчилик, адалдык жаатындагы чулу-чулу ойлорун өзүнүн руханий тажрыйбаларына жуурулуштура эркин чабыттатат. Чиркин, бейкапар жайчылыкта тыңшаар кулак болсо гана…

Эркектаналар картанын кызыгына батышып, кумарлары кангыча жер сабап жатышат. Аялдар жагы болсо «айтканыңыз ырас, ошондой, ошондой» дешип, бирин-бири коштогондору менен алар да акыры эки-экиге бөлүнүп, үйрөнгөн адаттарынча күбүр-шыбырга өтүштү. Жигиттин аялы да ошол топко кирди.

Бир караса, диванда экөө эле калган экен. Анда-санда собол таштаганы болбосо, өзүн бийлеп алган эркектин кебине муюп, моокуму канып, ырахаттуу сезимди башынан кечирди. Көптөн бери көкүрөгүндө жыйнала берип, муң-зар болуп каткан, жанын кыйнап келген суроолордун жообун өз жарынан эмес, өзгө жандан таап, ага деген жылуу мамиле, урматтоо сезими ойгонду.

Экинчи, үчүнчү, төртүнчү ирет ар түрдүү кездешүүлөрдө сырдашуулары барган сайын күч алып, экөө тең кереметтей руханий жактан байышты. Бирин-бири түбөлүк тыңдап өтө тургандай, бир аз күн жолугушпай калышса, көңүлдөрү коңултуктап, бир нерселери жетпей тургандай абалга жетишишти.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>