Шаханов. Бир жолу Расул Гамзатов экөөбүз Кремлде өткөн жыйналыштан чыгып, «Москва» меймаңканасына келе жатканбыз.
— О, Кудай-ай, ушул сиз кадимки Расул Гамзатов болосузбу? — деген аялдын үнү шаңк эте түштү.
Жалт карасак, орустун сымбаттуу сулуу жаш келинчеги бизге карап, таңданып турган экен. Жанында кичинекей баласы бар, жүзүндө таңдануу да, кубануу да байкалат. Саамдан соң, ары жакта кезекте тургандарга карап:
— Петя! — деп катуу үн катты. — Тез келсең! Биз кимди көрүп турганыбызды карачы…
Арсалаңдап Петясы да жетип келди. Узун бойлуу, арыкчырайынан келген кубакай жүздүү жигит.
— Сиздин ырларыңыз менен мени алгач тааныштырган мобул Петя, — деп, келинчек эми гана эсине келгендей жанындагы күйөөсүн жаңсады. — Кездешкен сайын, махабат тууралуу кереметтей сырдуу, эркин назданган ырларды окуйт. Мен буларды өзү чыгарган экен, болочокто акындын жары атала турган болдум деп, ичимден сыймыктанып жүрчү элем. Кийин сурасам, жатка айтып жүргөндөрүм — Расул Гамзатовдун ырлары деп, — карап турат… Кандай десек да, Сиз биздин тагдырыбызга өзгөчө таасир эттиңиз. Ушундай жүрөктү ээлеген ырларыңыз болбогондо кайдан… Ушул үчүн Сизге өмүр бою карыздарбыз. Өзүңүздү бир көрсөк, ырахматыбызды айтып, колдон келген урмат-сыйыбызды көрсөтсөк деп ойлочу элек…
Расул ага саатына карай берди эле.
— Эч болбосо эки-үч мүнөт убактыңызды бөлүңүзчү! деп алар экөөбүздү четке алып чыкты.
Ошентти да аял:
— Где же ты, счастье, где светлый твой пик?
— Я на вершинах, куда не всходил ты!
— Где же ты, счастье? Вершин я достиг.
— В реках, в которых не плыл ты!
— Где ты? Я тысячу рек переплыл.
— В песнях, которые завтра ты сложишь!
— Где ты? Я песню тебе посвятил.
— Я впереди! Догони, если можешь!
Аны күйөөсү сапма-сап улай коштой кетип:
Кругом говорят, я в любви тароват.
Кругом говорят, погулял я немало.
С одной, говорят, и с другой, говорят,
Грешил, говорят, добавляют: «Бывало!»
Не верь, не грешил я, грешить не умел.
С тех пор как я помню себя, дорогая,
Тебя лишь одну я любил и желал,
Хоть так и не знаю, кто ты такая.
Расул жаш жубайларга ыраазычылыгын айта бергенде, сакал-мурутуна көптөн бери устара тийбеген бир мастын келе сала кийлигишкени:
— Махабат жок! — деп барк эте ал төшүн ургулады. Кезинде мен да сүйгөмүн. Бирок, арзыган ашыгым алдап кетти. Махабат деп көксөгөнүбүздүн баары болбогон былжырак. Ушуну менен эле токтолуп калбай, Расул аганын жакасына жармашкысы келип, колун арбаңдатты.
Петя карылуу жигит экен, алиги арсызды мурчамга келтирбей четке түртүп чыгарып койду.
— Ырахмат! — деп жылмайды келинчек коштошоордо Расулга. — Махабат менен күнүмдүк күйпөлөктөгөндүк, кунарсыз көр тириликтин арасы бир гана кадам экенин айтып, арабызда жүргөнүңүз үчүн Сизге түбөлүк карыздарбыз!
— Көрдүңбү, махабаттын карама-карщы эки полюста бир жерде катар турганын учураттык, — деп тамашалады Расул.
Эмдиги темага өтөөр алдында мен Сизге боз улан кезимде жазылган бир ырымды окусам.
Айтматов. Кулагым сенде.
Шаханов.
Жубайлар бар сүйлөшө турган сөздөрү да түгөнгөн
«Гамбург сотуна бир аял күйөөсү менен ажырашам деп арыз берди. Жарашууга чакырган сот мүчөлөрүнө аял кескин каршы туруп, мындай себебин айтты:
— Бирге турмуш курган 17 жыл ичинде күйөөмдүн мени менен сүйлөшкөнү үч гана сүйлөмдүн тегерегинде болду. Таң азандан айта турганы — «Кутман таңың менен!» кечкисин жумуштан кайткан соң «Эмне тамак бар?» деп сурайт. Ал эми сааттын жебеси түнкү 11ди урганда, «кой, эмесе уктайлык» дейт.
Сот аялдын күйөөсү менен ажырашуу талабын туура деп тапты.»