Партиянын үндөөсүнө Габеңдин иренжигени мени абдан таң калтырган. Ал кезде партиянын саясатына каршы сөз айтуу эч кимдин түшүнө да кирчү эмес эле. Муну советтик ашынган кызыл идеологиянын жемиши дейлик. Ал эми эл башына күн түшүп, эр өтүгү менен суу кечип, ат ооздугу менен суу ичкен заманда да аял заты не бир оор түйшүккө көкүрөгүн тоскон. Маселен, Луи Арогон «Дүйнөдө махабат тууралуу эң сонун баян» деп атаган чыгармаңыздын кейипкери — Жамийланы алалык. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары элдеги кары-картаң, бала-чакаларга кошулуп, оорчулукту тең бөлүшүп, жаны жай албай жабыркап жүрсө, бул — ошол учурдун ачуу чындыгы эле. Албетте, тагдыр башка салган түйшүк. Бирок да, сиз анын иши менен сырткы келбетине эле сонуркап туруп албай, Жамийланын алоолонгон ички дүйнөсүнө үңүлдүңүз. Тек гана жумуштан адамдын бактылуу боло албастыгын таасын көрсөтүп бердиңиз. Бул —Жамийла аркылуу анын миллиондогон түгөйлөштөрү менен санаалаштарына сезим чабыттарынын ойт берген эркиндигин даңазалоо эле. Жамийланын образы аркылуу совет адабиятында тагдырдын албан соккусун көргөн аялзатын коомдун үстөмдүгүнөн калкалоого болгон аракетиңиздин деңгээлинде кабыл алынды.
Өмүрүбүзгө дем берип турган назиктикке назиктик аздектелбеген жерден оройлук, жакалашуу башталмак.
1950-жылдардын башында болсо керек, биздин айылда бир аял айы-күнү жетип турган кош бойлуу кезинде отун алып келүүгө чыгат. Бул жалганда жокчулуктан катуу эмне бар, талаадан тезек терип, тоого барып, куурап калган кайың арчалардын как бутактарын жыйнайт. Дардайган отунду көтөрүп келе жатканында толгоосу келип ай талаада көз жарат. Шаркырап түшкөн баланын киндигин таштын мизи менен өзү кесип, этегине ороп, эптеп жыйнаган отунун да калтырбастан үйүнө көтөргөн бойдон келет. Калыңдап төшөк салдырып, калжа*(жаңы төрөгөн аялдарга берилүүчү казак элинин улуттук тамагы.) жеп жатуу кайда, тызылдап жүрүп чай коёт. Ыңаалаган баланын дабышын эшиткен күйөөсү менен кошо келгендер: — Ыйлап жаткан бул кайдагы бала? — деп таңыркашса, алиги аял:
— Өзүбүздүкү эле, жана отунга барганда төрөп алдым, — дептир жайбаракат гана.
Айтматов. Коомдун жагдайынан улам турмуштун тепкисинде жүргөн аялдардын өзү ушул ыксыз саясатыбыздын айынан турмуштун чүлүктөп алганына сын көз менен карап:
Я и лошадь, я и бык,
Я и баба и мужик, —
деп, орус аялдары ошол мусапыр кейиптерин келекелүү ырга айландырып эгин талааларында обон созушаар эле. Дегеле кысынуунун ордуна социалисттик реализм методун негиз кылып, кызматтан кызматка көтөрүлүп, парторг, кеңселердин директору, парткомдун катчысы милдетинде жүргөн, эркекчесинен кийинген аялдардын образын адабиятыбызга алып келе баштадык. Каруу-күчү жагынан кудай теңдештирбеген аял менен эркекти ушунтип партиянын күчү теңештирди.
Шаханов. Кептин ыңгайына карай, мындан көп убакыт мурун жазылып жарыяланбай, өзүмдүн архивимде жатып калган «Ла Валетта аянтындагы түн» деген ырымды окуп берейин:
Мальта кызы жыйырма үчкө толгондо,
Асманда айдай болгондо,
Жамалы жайнап,
Чачына олеандр гүлүнөн бантик байлап,
Кош айтып балжууран балалык чагына,
Өрттөнүп ичтен,
Толгонуп, ойлонуп олтуруп,
Бир чоң идишти
Терезеге коёт,
Аябай кызарып бышкан
Алма менен бананга толтуруп.
Бул — бой жеттим дегени,
Мына ушинтип сынга түшмөк сулуу кыздын бедели.
А үмүткөр жигиттер кезек-кезек
өз бактысын сынамак,
Кими жеңип бул сайышта, кимдин даңкы куламак.
Кыз отурат терезенин пардасынан шыкаалап,
Сыздайт бири гитар чертип, күнү-түнү какшанып,
Бири кыздын сулуулугун ырга кошот тамшанып.
Эгерде кыз терезеден сага күлүп караса,
Анда тойго камына бер, багың жанды тамаша.
Досторуңду түгөл чакыр, коштойт алар шаң күлүп,
Үйлөнөсүң, үйлөнгөнүң болот сенин маңгилик.
Ажырашуу тууралуу мыйзам жок түк Мальтада,
Үйлөндүңбү, бүттү аңгеме, жолуң болсун, мархамат.
— Жарың начар болуп калса, айласы жок, себеби,
Ал аялдан өлүп гана кутуласың сен эми, —
деди Мальта тарыхчысы, айлананы түн жапты,
Жүрөгүндө айтып бүткүс арман жатты, муң жатты.