Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Оор мүнөз, берген сөзү менен шерти үчүн өлүүгө даяр азаматтардын сейректеп, мунун ордуна ушак-айыңга, жанын аяганга үйүр эркектердин басымдуу болушу коомдогу жүрөк сыздатар көйгөйлүү маселеге алып келди.

Өзүң окуган ыр саптарындай, табышуу менен жоготуудан, издөөдөн турган айланма өмүрдө Гомер менен Шекспир жар салган аял назиктиги менен улуулугу, анын адамгерчилик этикасы коом канчалык жаңыланып өзгөрүлсө да, сакталууга тийиш.

Шаханов. Эми кеп оролун өзүбүздөн баштасакпы дейм. Адам баласына таандык касиеттердин кайсылары гана бизди айланып өткөн жок. Эгерде баланча айылдагы бирөө экинчи бирөөгө ашык болсо, же болбосо бир жигит он кыз менен катар жүрсө да, ага эч ким назар бурбашы мүмкүн, ал эми Айтматов сыяктуу бүткүл ааламдын көңүлүнүн борборунда турган феномендин баскан изи, ар бир кадамы журт көзүнөн бир саам да жаздым калбайт…

Сизге ини болуп бирге жүргөн узак жылдар ичинде ички сезимдериңиз жагдайынан бир ооз да сураганга батына албай жүрдүм. Эми жан дүйнөңүздү толкуткан, далай таңды уйкусуз атырууга себепчи болгон асыл сезимдериңиз жаатындагы купуя сырды чубап көрсөм айып этпессиз?

Айтматов. Ар адамдын өз бешенесине жазылган тагдыры бар. Мобул аалам кандай чексиз болсо, ал да ошондой учу-кыйырсыз, купуялуу да, сырдуу. Ар ким өзүнүн өмүр жолунда буйруган адамына жолугат. Биригип, ар кимиси өз түшүнүгүндөгү бакытын издөөгө аттанат.

Эскерүүгө, эстеликке айланса да, оюңа түшкөндө, көкүрөгүңдү тыз эткизген кыйбас учурлар биздин баштан да өткөн. Жашыра турганы жок, студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон чыгаар. Эң бир жагымдуу сөздөрдү тизмелеп кат жазган, кат алган күндөр да баштан өттү. Атыңды четине түрдүү кооз жиптер менен саймалап жазган сулуулар тартуулаган бет аарчынын канчасын чөнтөккө салып искедик экен? Атаганат, кайран күлгүн жаштык кез! Күлгөнүңө караганда сенин да чөнтөгүңө далай бет аарчы толсо керек чамасы…

Бирок, баары өттү да кетти. Гүлгө келген көпөлөктүн конуп учканындай каш кагым учур. Алар мага ойдогудай таасир бере алган жок.

Ошолордун ичинде өзүнүн жан сезими менен да, бүтүндөй келбети менен да бүт эркимди бийлеген, шоола чачкан махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Атайы издеп табышканыбыз жок. Капыстан табыштык… Ошол күтүлбөгөн кездешүү мен үчүн өмүрүмдө бардык максаттан да бийик, ыйык эле. Ал — кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи — Бүбүсара Бейшеналиева болучу…

Азыр да түшүмө кирип, элеси коштоп, көңүлүмдү ээликтирип, өткөн күндөргө кыял менен болсо да алып учкан ошол кымбат делбиримге кандай кездешкеним күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. 50-жылдардын аягы. Москвадан окууну бүтүрүп, чыгармаларым борбордук басма сөздө жарыяланып, эл оозуна алынган кезим. Балтика флотунда аскердик кызмат өтөп жүрүшкөн кыргыз жигиттерине шефтик жардам көрсөтүп кайталы деген ойдо үйүрмө (делегация) топтолду. Партиянын Бишкек (анда Фрунзе эле) шаардык комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев чакырып алып, «үйүрмөнүн тобуна кошулуп Санкт-Петербургка (анда Ленинград болчу) жүр, аскер-суучулдарына сый-сыпатыбызды көрсөтүп кайталык», деген соң, кошо аттанып кеттим.

Кыргыздын «Чолпон» деген классикалык балети бар. Бизден илгерээк алар да Балтика жакасына сапар чегип, Ленинград балети менен бирдикте фильмге тартылып жатышкан чагы экен. Көптөгөн кызыктуу жолугушууларды өткөрдүк. «Чолпон» балетинде башкы ролду аткарып жүргөн Бүбүсара Бейшеналиеваны ошол жерде алгач ирет жандадым. Муну тагдырдын жазмышы экенин кийин туйдум. Эки-үч матросу бар моторлуу кайык менен «Аврора» крейсерине жакындап келгенимде, биздин үйүрмө палубада турушкан экен. Арасында айдай жүзү кубанычтан гүлдөй жайнаган чырайлуу да сымбаттуу Бүбүсара. Чачын деңиздин желаргысы эркелете тарап, бизге кол булгады. Мурда бири-бирибизди жакшы билсек да, анча тааныш эмес элек.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>