Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Бат эле сырдаш болуп кеттик. Деги сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Сезимибиз от сыяктуу алоолонду десем, ишенбейсиң. Ушул кезге чейин кантип кездешпей жүрдүк экен деп да таңдандык. Айланамдагы адамдар да, деги сайраган куш да, шыбыраган жалбырактар да, деңиздин албууттанган толкундары да көзүмө башкача көрүнөт. Дүнүйө мурдагысынан жадырап, кулпуруп чыга келди…

Санкт-Петербургдун (Ленинграддын) ак түндөрүнө чөмүлүп, Нева бойлоп кыдырган, армансыз сырдашкан ошол кездер ай! Үйдө калган жеңең менен эки бала да таптакыр эстен чыккандай, ажайып бир бал доорду баштан өткөрдүк.

Сапар мөөнөтү бүткөн соң, үйүрмө (делегация) мүчөлөрү элге жөнөп кетишти. А мен болсо кетким жок, жипсиз байланып калдым. Жүрөгүмдүн жарымын Нева боюнда калтырып бара жаткансыйм. Акырында Москвада ишим бар эле, поезд менен кетем деп шылтоолоп, Санкт-Петербургда калып, Москвага эки-үч күндөн соң аттандым. Жетип-жетелекте алып учуп Бүбүсара да келди. «Москва» мейманканасында бир күн, бир түн, экөөбүз өзүбүзчө ээн-эркин калып, жүрөк сырларыбызды төгүп, сырдашып махабаттын кучагында балкыган учурларды башыбыздан өткөрдүк. Кайра-кайра коштошуп, бир-бирибизди кыя албай, акыры кол кармашкан бойдон Бүбүсараны электричка менен Санкт-Петербургка узатып келдим. Орус токоюнун көк шиберлүү талааларын тепчип өтүп зуулдаган «Стреланын» үстүндө термелип кетип бара жаткан ошол бир кайра айланып келбес учурлар алиге чейин эсимден чыгаар эмес… Санкт-Петербургка келген соң, Бүбүсара мени кайра Москвага чейин узатып барамын деди эле, өзүм өтүнүп жатып араң токтоттум.

Ошол күндөрдөн баштап, Бүбүсара көз жумганга чейин он төрт жыл бою алоолонгон жүрөктүн жалыны бир көз ирмемге да басаңдаган жок. Ушак-айыңдын өртү да ушул жылдары бизди аябай чарпыды.

Бүбүсара Санкт-Петербургда окуп, билим алган, театр, кино менен адабиятка келгенде өзгөчө бир сезимтал, керемет өнөрдүн ээси эле. Мүнөз менен көркүнө өнөрү шай келген тубаса бүткөн ушул бир ажайып таланттуу делбиримдин менин өмүрүмө, чыгармачылыгыма тийгизген таасирин айтып жеткирүү кыйын.

«Миң бир түндүн» жомогундай экөөнүн ашыктыгын эшитпеген жан калган жок, анда эмне себептен баш кошушпады деген ой келээр. Мен ыкыс берсем, Бүбүсара такыр эле кепти башка жака буруп кечендете бере турган. Ошондо кокусунан табышып калдык десем болбой калат го, ал турмак экөөбүздүн жаңыдан алган квартираларыбыз бир үйдүн коңшу подъезди болуп чыкты. Бир жолу обочо олтуруп сырдашканыбызда Бүбүсара:

— Ачинов (фамилиям менен атымдын алгачкы ариптеринен коюп алган ысымы) оюнду билип турам, — деп наздана күлүмсүрөгөнү менен жүзүндө сулууларга таандык үлбүрөгөн муңайым турду.

— Чыныгы ашыктар кошулушпайт деген кеп бар го. Балким, ушул туура чыгаар, — деди ойлуу калыбында. — Анткени үйлөнгөндөн кийинки тиричиликтин түйшүгү улуу аруу сезимдерди жеп жиберет. Махабатыбызды никеге байлап не кылабыз.

Жубайлык турмушту кайсы аял эңсебейт дейсиң. Кийин аңдасам, бул Бүбүсаранын менин чыгармачылыгыма кесирим тийбесин деген ниетте жасаган аракети экен. Ал кезде, өзүң билесиң, аялы менен ажырашкан адамды моралдык жагынан туруксуз дегенге шылтап, эшекке тескери мингизип жиберер эле.

Шаханов. Ооба, андай илдет биздин казакта да кеңири тамыр жайган болчу. Классик каламгер Габит Мүсүрепов, даңктуу баатыр жазуучу Бауыржан Момуш уулу, айтылуу ырчы Эрмек Серкебаевдер кайрадан төшөк жаңырткандары үчүн айыпталып, фельетондун каарманына айланып, не бир кокуй күндү баштан кечиришкен.

Айтматов. Кандай айтканда да Бүбүсара менин жылдызымдын ар дайым бийиктен жанып турушун тилеп, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан баш тарткан экен. Сабырдуу акылдын, сезимтал жүрөктүн ээси. Бир-бирине багына бербеген ушул эки касиеттүү орток сезимди бир максатка баш ийдирип, өзү жанындай сүйгөн адамга тилектеш болуп калуу — адамгерчилиги зор кишинин колунан гана келээр иш.

Бир жолу Бүбүсара экөөбүз самолётко түшпөй, Москвадан Фрунзеге «Москва — Алматы» багытындагы тез жүрүүчү поезд менен кайттык.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>