Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Шаханов. Чыке, руханий жагынан мөлтүр тамчыдай эки эркек өзүбүзчө ээн-эркин олтуруп, дагы бир терең маанилүү кепке кирсек…

Айтматов. Ээн-эркин дегениңе караганда, кеп төркүнүбүз аялдар жаатына оойт го дейм.

Шаханов. Ооба, тиричилик дегениндин негизги кыймылдаткыч туткасы — аялдар жаатында оюбузду айтаар ооматы келген шекилдүү.

Айтматов. Эмесе ушул сырдашуубуздун бет ачары болсун, алды менен «Аялдар» аттуу ырыңды окучу. Өтүп кеткен күндөрдү эстейли. «Сан түрдүү үндөрдүн арасынан эң жагымдуусу, эң уккулуктуусу — өзүбүз ашык болгон аялдын үнү», дептир Лабрюйер. Көңүлдүн тереңинде көөнөрө баштаган кымбат элестер көз алдыбызда кайрадан жаңылансын. Алдын ала дагы бир маселеге келишип алалык. Аялдар жөнүндө узак кепке киргенибизде сен өз ырларыңдан да улам окуй коюп олтурсаң. Бир жагынан, мунун өзү аялзатына арналган эки калемгердин ортосунда өткөн поэзия кечеси сыяктансын.

Шаханов. Болуптур. Келиштик. Анда эмесе баштадым.

Не сүйүнтсө анын кунун тартасың…
Оорукана сересинде шыпылдатып картасын
Ажарында айткандары жарашты.
Мага бир кыз бал ачты:
— Ноокастан го эриниңиз кесерген,
Айыгасыз,
Наалыбаңыз бекер сиз.
Анткен менен жаң окшойсуз кекейген,
Аялга көп назар салбайт экенсиз.
Сүйүүнү сиз эрдик деп да айтасыз.
Ансыз акын болмок беле жаралган.
Деген менен абайлаңыз, байкаңыз,
Бактыңыз да, шоруңуз да аялдан.
— Баракелде,
Өрүш жайсын танабың,
Көзү ачыгы сен окшойсуң калаанын.
Бу кейпиңде цыгандарды тим эле
Ара жолго таштайсың го, карагым,-
Дедим күлүп,
Бирок кыздын байсалдуу
Азил сөзү мага бир аз ой салды.
Дүнүйөгө кан тамырдай тараган,
Жер бетинде аял жандуу «тентек» көп.
Аялдарга мээри түшпөй караган,
Эркекти мен санабаймын эркек деп.
Кай кезде да эркектердин жолу — муз,
Аял биздин асыл байлык, корубуз.
Аял биздин — тагдырыбыз,
Тагдырыбыз болгон соң
Белгилүү го, багыбыз же шорубуз.
Бу сулуулук кызганычтын так көзүнөн кан алган,
Кызганычты мээримсиз деп айтчы кимдер таналган?
Бир аялдын азабы үчүн эл менен эл жоолашып,
Бир аялдын азабы үчүн,
Жер жазданган далай жан!
Кудай күбө, мобул көзгө тартылган,
Бейиттерге кимдер башын калтырган?
Сан урпакка тутка болуп акындар
Бир аялдын намысы деп жан кыйган,
Мааниси жок жалтыракты сактабайт го адам ал,
Жалын туруп жылуу болбоо,
Аял болуп сулуу болбоо —
Табиятты алдоо менен барабар.
Гүлзар аял кумарында сулуулуксуз бак барбы,
Чын сулуулук тереңдикте жатпайбы!
Далай эрди тумчуктурган дайрасынан, көлүнөн,
Тумчуктурган, бирок дайым көрүнгөнгө төрү кең.
Тереңдиги жок аялдын
Коркуу керек сырты сыпаа өңүнөн.
Сулуу аял эр жигиттин кан-жаны,
Нагыз сулуу аял табуу —
Бүткүл эркек аттуулардын арманы.
Нагыз сулуу аял үчүн керек кезде жан кыюу,
Бул —жигиттик кодекстин жазылбаган тармагы.
Бирок, бирок далайлардын бактысы алыс шорунан,
Бул кез келген бөрктүүнүн келе бербес колунан.
Эрдик үчүн азаматтар тике өлөт,
Улуу эрдик улуу рухтан түзөлөт.
Мени сүйгөн бир аял бар.
Ал аял,
Менде ушундай күч барына ишенет!


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>