Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Айтматов. Бүбүсара дүйнөдөн кайткан соң, көп өтпөй Италияга чакырып калышты. Түн ичинде кеме менен Сицилияга жөнөдүк. Мемиреген деңиздин бети. Ай сүттөй жарык, жел аргы бүткөн боюмду аймалайт. Ушул учурда Бүбүсара экөөбүз жакшы көрчү бир музыка сыбызгып созула калбаспы. Толкунда бирге термелип келе жатышкандардын карысы да, жашы да бул музыканын ыргагында бийлеп киришти. Мен болсом көз жашыма ээ боло албай палубага сүйөнгөн калыбымда телмирип туруп калдым.

Деңиз, түн, ай, элсиз аралдар жана көңүлдүн түнкү жалгыздыгы.

Азыр да ошол музыканы уксам эле Бүбүсара эсиме түшүп, өзүмчө толкунданып кетем. Аны сага түшүндүрүүгө сөз кудурети да жетпейт.

«Кассандра тамгасы» аттуу романымдын каарманы үйүрмө (делегация) тобунда Японияда жүрүп түндө кемеде сүзөт. Анда да так ошол мен айткан жогорудагы көрүнүш, өткөндөрдү эске түшүрүү, япон музыкасынын обондорунан козголгон кайгылар. Ошол көрүнүштү Италияга барган сапарымда өз башымдан өткөргөм, Бүбүсараны жоктоп жалгыздыктын азабына камалгандагы муңдуу көрүнүштөр эле.

Шаханов. Жетимишинчи жылдардын орто ченинде Москвада кездешип калып, өзүңүз жаткан мейманканага чакырып калдыңыз. Ошондо жаныңыздан Мариям жеңени алгач көрүп, кудайга шүгүр, Чыкеңе ыйман жүздүү, адамгерчиликтүү түгөй жолуккан экен деп ойлогом. Оюм туура чыгыптыр. Кара башыңызды хан тутуп сыйлагандыгы, чыгармачылыгыңызга да тийгизген таасири көп экени анык. Өзү — таланты көп кырдуу, ой чабыты кеңири, керемет маданияттын адамы. Муну айтып жатканым, «Кылым карытаар бир күн» романыңыздагы маңкурт темасына жазган анын киносценарийин «Түркмөнфильм» студиясы экрандаштырды. Мандайында жан дүйнөңдү туюп, оюнду чабыттатып олтурган ушундай жарыңдын болгону зор бакыт эмеспи?

Айтматов. Бүбүсарадан соң жалгызсырап, бош калган көңүлүмдү эч нерсе менен толуктай албай жүргөн чагымда тагдыр Мариям менен табыштырды. Көңүлдүн бөксөсү бүтөлгөндөй, жүрөктүн жараты айыккандай бакыбаттуу өмүр сүрүүдөмүн.

Түндүктүн жел боосундай өйдөдө өбөгүбүз, ылдыйда жөлөгүбүз болгон Ширин аттуу кызыбыз, Эльдар деген уулубуз бар. Энеси экөөбүз, алар өсүп жетилгенде кандай кесипти аркалашса да, эң алды менен тууган элине жакшылыгын тийгизер канаттуу перзент болсо деп тилейбиз.

Шаханов. Өткөндө кызыңыздын бир мамилесине айрыкча ыраазы болдум. Мариям жеңе менен эки балаңызды Брюсселге салып жиберүүгө Алма-Атадагы аба бекетине келбедикпи. Ошондо Ширин:

— Агай, папамдын кант диабети бар. Конокто олтурганда кээде байкабастан таттуу даамдарды татып коюшу мүмкүн. Өзүңүз көз кырыңызды сала жүрсөңүз, — деп атасын аманат кылып калтыргансып, сизге угузбай менин кулагыма шыбырады.

Айтматов. Соңку кездери экөөбүз такай бирге жүргөндүктөн сага атасын аманат кылганы го…

Шаханов. Жаныбек Жанызак деген журналист ар кимдин оозуна диктафон тосуп, тагдырыңыздын кыйма-чийме жолдорунда кезиккен аялдар тууралуу «маалымат» жыйнап, «Айтматовдун айымдары» аттуу китепче чыгарыптыр. Мындай «изилдөө эмгектин» китеп дүкөндөрү түгүл кээ бир райондун борборлорунда, коомдук тамактануучу жайларда да сатылып жатканын көрдүм.

Айтматов. Уруксатсыз бирөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин, кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек?

Керез — алгачкы жубайым, жаштык, студенттик кездин алоологон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам — Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Азыр кудайга шүгүр, экөө тең эр жетип, эл жүгүн аркалоого жарап калышты.

Ал эми Таттыбүбү Турсунбаева болсо — бир кезде көңүлдүн эң тереңинде жанып-өчүп турган кайталангыс элес. Ал да кыргыз театр искусствосу үчүн жаралган өзгөчө жандын бири эле. Тагдырымдын буйткалуу жолдорунда булардан башка да, жогорудагыдай жазмакерлердин каламына илинбеген аялдар болгон… Ушундан улам жыйынтыктап айтарым мындай:

— Өмүрүмдүн эң бир кайталангыс күлгүн курак жылдары, жаркын элестери, жагымдуу кечтери, колума бакыт кушу конгон эстен кеткис учурлары ушундай аялдар менен бирге өткөнүн зор урматтоо, зор ыраазычылыкта эстейм!

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>