Ал кездеги падышанын шарт-наамеси боюнча.
«Улуу Рим мыйзамы бул шор-мундуу,
Баатыр болсоң өзүм менен кал мында,
Мени айланып өтө албаган учурга туш болдуңбу? —
Деп айткансып жарк-журк этип канжар
жатты алдында.
Бөлмө дуу-дуу,
Жүрүп жатат өмүр-өлүм талашы,
Ким түшө алат арачы.
А канжарга кол барбайт эч,
Бул азапка карачы.
Жашоо токтоп калган өңдүү тыйылып,
Үмүт аны карай берди кыйылып.
Дир-дир этип мууну бошоп калчылдады бечара,
Намысына келтирүүчү айла таппай ыйынып.
Ошол тапта асыл жары Аррия,
Кирип келди аппак көйнөк кийинип.
Шандуу кармап шыңга боюн сымбаттуу,
Транзейге аял минтип үн катты:
Кудай сага эркек деген ат берди,
Дөөлөт берди,
Атак берди,
Бак берди.
Айла канча эми ошонун баарынан,
Коштошуучу чак келди.
Эл оозунда жүрөм десең макталып,
Калсын сенин эркек атың сакталып.
Коркок кейпин кийчү болсоң убалың жок,
жок кунуң,
Бачым карма канжарыңды, кыйындыгы жок мунун.
Эр мүнөзү сыналбастан эл ичине кайтабы,
Жеңил-желпи келген бакыт кетээр кезин айтабы?
Күбө болсун асман өзү, күбө болсун ай талаа,
Кана, менин кыймылымды кайтала!
Бул эрдигиң болсун сенин эң алгачкы, акыркы,
Эркектик от-жигериңди, кайратыңды чакырчы!
Транзейдин демиккенин жайлатып,
Күлө карап турду Аррия жан-жагын.
Жүзүн гүлдөй жайнатып,
Жүрөгүнө малып алды канжарын.
Айгай-чуулуу сөз калтырып артында,
Из калтырып катаал Рим салтында,
Бир аздан соң эки бейне жатты үнсүз…
Түшүрбөгөн коён жүрөк күйөөсүнүн наркын да,
Улуулук бар ал аялдын даңкында,
Бирок мактоо керек да эмес алтынга!
* Которгон — Өмүрбек Тиллебаев.
Айтматов. Стендаль: «Бул жалганда өз махабаты үчүн күрөшкөн аялдын көктүгүнөн өткөн улуу эмне бар?» — деген эмес беле. Өзүң айткандай, алтынды мактоонун зарылчылыгы деле жоктур.
Махабаттын башкы таянычы -туруктуулук десек, муну өткөн кылымдарда ар бир улут менен уруу өз түшүнүгү, ынанымы, динге болгон ишениминин деңгээлине жараша баалаган. Байыркы доорлордон калган жылнаамалар менен таш, кагаз бетине салынган гравюралардан, кара жердин астынан табылган саркофагтардан эри өлгөн жесирлердин өз эрктери менен отко өрттөнүп махабат курмандыктарына айланганын көрөбүз.
Таш кылымдын мындай үрөй учурган салты жер шарынын ар кайсы булуң-бурчтарында болгон. Маселен, Кытайдын Гайнан аралынын калкы кайтыш болгон эр азаматтын үстүн жибек менен, же болбосо жылкынын, уйдун, койдун терилерине чүмкөп, жанына аялын тирүүлөй таңып, астына от койгон. О дүйнөгө жубайлар бирге кадам ташташса, жер бетиндеги бактылуу турмушу ушул калыбында уланат деп ишенишкен.
Мындай таң каларлык фактыларды Геродоттон башка да байыркы кылымдагы тарыхчылардын жазмаларынан дамамат кездештиребиз.
Көп аялы бар эркек өлсө, күйөөсү менен бирге тиги дүйнө эшигин сүйүктүү аялы ачышы керек деген түшүнүк салтанат курган. Ошол үчүн жесирлердин арасында бири-бири менен бет тытышууга чейин барып, уруш жаңжал башталган экен. Өлгөн адамдын достору маркум көзү тирүүсүндө кайсы аялын кандай абалда сүйүп урматтаганын дароо таразалай койгон. Акырында тандоо бир аялына келип такалат. Ал аялдын кубанычы койнуна сыйбай, зор мактанычка бөлөнөт. Ошол учурда алиги аялды жакын тууганынын бири өлтүрүп, күйөөсүнүн жанына көмөт. Башка тирүү калган жесирлер кызганычтан ичтери күйүп, бушайман абалга түшөт. Анткени аларга күйөөсүнүн артында тирүү калгандан ашкан кордук жок болуп саналган.
Эзелтеден Жаңы Зеландия калкынын башчысы кайтыш болсо, жыйналган эл-журт байбичесинин колуна аркан карматат экен. Ал милдеттүү түрдө токойго барып, өз эрки менен асылып өлүүгө тийиш. Бул анын махабатка деген адалдыгын көрсөтөт.
Ушул сыяктуу түшүнүктө «ашыктыгын таразалоо» салты байыркы скифтерде, гректер менен литвалыктарда да кеңири кулач жайганын билебиз.
Ал эми Сүлеймен аралын мекендеген тайпа башчысы көз жумса, карамагындагы калк анын аялын тумчуктурушуп өлтүрүшкөн.