Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Сүйүү менен
Шандуу өткөн,
Үч жыл артык эмеспи?
Эгер аны көп десең,
Байлык бербе, көңүл бер!
Жоболоңдуу жоруктур да,
Ашыгыма жолуктур да,
Үч эле күн өмүр бер!
Алоологон жалынымды өчүрбөйм,
Аз болду го, көп берчи деп өтүнбөйм.
Үч эле күн,
Үч әле күн бере гой,
Андан кийин башымды алсаң өкүнбөйм».
Албуут аалам жибитип таш көңүлүн,
Эки ашыкты кошуп ырдап санатта.
Жер бетинде адамдардын өмүрүн,
Отуз эсе кыскарткан дейт заматта…
… А сен өмүр кыска дейсиң!..
* Которгон — Өмүрбек Тиллебаев.

Айтматов. Мындай маани мазмуну терең ыр жазган акындын өзү махабат Эвересине көтөрүлө алды бекен?

Шаханов. Боз бала чагымда көңүл кушун алда кайда көкөлөткөн, узак жылдар бою күндүз эсимден, түндө түшүмдөн кетпей келе жаткан бир окуя болду…

Айтматов. Өзүң жөнүндө ар түрдүү кептерди (асыресе калемдештер арасынан) угуп калам. Жашыра турганы жок, бир-эки курдай сурайын деп да оозумду эптеп барып, кайра койчу деп койгонум эсимде… Ыңгайы эми келген экен. Сырдашуу пикирлешүү, бири-бирин руханий түшүнүшкөн адамдардын өз ара мамилесин ого бетер жакындата түшөт. Кысынбай баштай бер… Мен сенин сөзүңдү бөлбөй угууга аракеттенейин.

Шаханов. Чыке, ал кезде кыял тизгинин ак тилектеги максаттын тоосуна карай сүйрөгөн бийик идеяларыбыз бар эле да. Асан деген досум экөөбүз күн сайын жок дегенде бир адамга жакшылык кылабыз деп, алдыбызга максат кылганбыз. Бул биринчи кезекте, өзүбүзгө өз атуулдук багыт — жолдомолорубузду түзүү үчүн керек эле. Ушундай ой менен Чымкентти кезип, биздин жакшылыгыбызга зар болгон адамдарды издейбиз. Көчө толо жүргүнчү, ары-бери агылып жатат. Адашып бара турган жерин таба албагандар, колундагы жүгүн көтөрө албай, кыйналып тургандар күндө алдыңдан кездеше да бербейт. Бирок, канткенде да күнүгө, эң кем дегенде бирөөгө жакшылыкты ыроолоо керек деген шертти аткаруу парыз. Ушул ойдун жетегинде базар аралайбыз. Жардамга өтө муктаж кемпир-чалдарга, кайырчы-карыптарга жардамдаша кетебиз. Арабадан оор жүк түшүрүү, жүктөшүү, же керектүү жерге жеткизип берүү бизге кыйын эмес.

Жүк ээсинин чын пейилинен айткан алкышына төбөбүз көккө жеткендей кубанабыз. Бара-бара биздин минтип энтек-тентегибиз чыгып, адамдарга кылган бул жакшылыгыбызды да таштоого туура келди. Анткени, көргөн тааныштарыбыздын дээрлик баары Асан экөөбүздү базарда жүк ташып, акча таап жүрүшөт дешип ойлошуптур.

Тынымсыз изденүү мени акыры касиеттүү поэзия дүйнөсүнө алып келди. Сиздин «Жамийла» повестиңизди толугу менен сандан санга жарыялап, калың окурман журттун көңүлүн өзүнө бурдурган «Лениншил жас» газетасы он алты жашымда ырларыма бир бетке жакын орун берип, байсалдуу сапар тиледи. Анда мен трактордо чиркегич болуп иштеп жүргөн кезим эле. Майга темгил ала болгон шапкемди тепейте кийип түшкөн сүрөтүмдү ырларым менен бирге ошол кездеги жаш журналист Миңбай Илесовдун мен тууралуу жазган баш сөзүн да кошо басыптыр. Керээли кечке трактордун артында чаң, май болуп жүргөн боз балага мындан өткөн кубаныч барбы? Ошондон тартып газет-журналдарга жазгандарым байма-бай жарыяланып, эл журтка белгилүү болуп кеттим.

Ушундай аруу максаттын артынан түшүп, адабиятта алгачкы дүбүрт чыгарган күндөрдүн биринде Чымкент педагогикалык институтунда өтүүчү поэзия кечесине чакырылдым. Жаңыдан адабият мейкининде байгеге чабыла турган күлүктөрдөй дүбүрт чыгарган жаш акындар топтолгон экен. Бирибиздин артынан улам бирибиз суурулуп чыгып, көпчүлүктүн алдында ырларыбызды окуп жаттык. Ар бир акындын калеминин курчтугуна, талант дареметине берилген бааны кең аудиторияда көздөрү жанып, жүздөрү албырып олтурушкан студенттердин дүркүрөтө кол чабууларынан улам аңдоого болор эле. Бир нече ырларымды үстөкө-босток шатырата төгүп окуп, трибунадан түшкөнүмдө, толукшуган кызыл чырайлуу, наристе чагындагы бетинин чуңкуру билинээр билинбес үлпүлдөгөн, эликтин чаарчыгындай бир сүйкүмдүү кыз кол тамга берүүмдү өтүнүп, өзүнүн лекция жазган калың дептерин суна берди.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>