Муңунңду угар жан табуудан не бар өзү кымбаттуу,
Көк деңизди кечип барып, алоолонуп күн батты.
Сары аралдын көрктүү жайы, жан-жакасы
шаң баары,
Жымыңдашат Ла Валетта калаасынын шамдары.
Ай нуруна чагылышып, толкундары жаркылдап,
Тирүүлүктү коштоп агып деңиз жатты шарпылдап.
Толгонбосо деңиз — деңиз, адам — адам болобу,
Биз бөлүнүп сыртка чыктык, үнсүз турдук оболу.
Үнсүз турдук.
— Ага, — дедиң бир аздан соң сен маган, —
Ага,дедиң мен бир жанмын бак жылдызы
жанбаган.
Сырымды айтсам ишенгеним, санабаңыз айыпка,
Кээде өзүмдү окшотомун калагы жок кайыкка.
Кандай кордук, чынында эле калагы жок калдым да,
Ушул узак сапар жолго жөнөр кездин алдында,
Чарт үзүлүп үмүтүм,
Ойдо жокто таштап кетти мени сүйгөн жигитим.
Сүйгөнүнө кыянаттык жасаганды кесир дейм,
Бул кылыгын качан көзүм жумулганча кечирбейм.
— Жок, сен аны сүйбөйсүң, башка анын өнөгү,
Чын махабат каралдым, кара күчкө көнөбү?
Сүйгөмүн деп жандалбастап, болбо бекер убара,
Чын махабат касиеттен курулуучу мунара.
Махабаттын жолу татаал, аска тоодо турагы,
Касиетке доо кеткенде, мунара аман турабы?
Ашык адам сүйгөнүнө өзүнүн,
Караган го карегиндей көзүнүн.
Жүрөк өртүн салар жерде, кээ бир кызыл жоолукчан,
Билек күчүн көрсөтөм деп опурулуп оолуккан,
Туура сага окшошкон бир сулуу кыз,
Бир кез мага жолуккан, —
Дедим эле капысынан жөнөй бердиң бурулуп,
Бара жаттың сен шамалга, шамал сага урунуп.
Бара жаттың көөдөнүңдү бир кара күч желкелеп,
«Токто, токто, кара күчтүн кадамы ар кез келет» деп,
Таманыңндан деңиз суусу сылап жатты эркелеп.
Кайрылбадың, сен жообумду оор алдың көңүлгө,
Ак чындыкты моюнга алуу турбас калкам, жеңилге,
Табышуудан, жоготуудан, издөөдөн,
Турган ушул катаал, кыска өмүрдө.*
* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.
Айтматов. Өтө дурус баамдагансың. Карапайым ырымжырымга таянсак, адам өзүнүн чындап сүйгөнүнө эч убакта жамандык ойлобоосу тийиш. Махабаттан тез эле көңүлү калган жөн-жай сезимдердин айырмасы да ушунда. Сүйгөн жүрөк түгөйүнө «Өзүм эмне болсом ошол болоюн, сен аман бол!» деп, турмуштун тар жол, тайгак кечүүсүнөн мүдүрүлбөй өтүүсүнө ак тилегин билдирчү эмес беле? Сенин кейипкериң — өзүн өзгөчө сүйгөн өзүмчүлдөрдөн тура. Ушундай көрүнүш, ушундай көйгөй кечээги күнү биздин турмушубузга да өз залакасын тийгизбедиби? Ошол кездеги саясатты бетке кармаган кээ бир ойсеке аяштарыбыз чөнтөгүндө кызыл белети бар өмүрлүк жары кылт этсе, партиянын күчү менен жаңсап жайгарып турду. Оту күйүшпөй ажырашкысы келгендерди бүгүн парткомдун талкуусу, эртең партиянын райондук бюросу күтүп турган. Ооба, ушундан улам өмүр бою ит менен мышыктай болуп, бир чамгарактын астында ыркырашып жүрүп өтөсүң. Болбосо кызыл белетиңди столго коюп, кызматыңды бошот. Үй-жайыңды таштап, алимент төлө. Ушундай башка түшкөн оор жагдайдан улам (күнөөнүн баары аялда болсо да) эл журтка да селсаяк көрүнүп, өз кайгың менен өзүң алек болуп кетесиң.
Бул эң «адилеттүү» деген коомдун адам укугуна партия аркылуу өтө маданияттуу кийлигишүүсү эле. Ушул жагынан алганда, биздин көптөгөн келинчектерибиз өзү менен бир чамгарактын астында күйөөлөрүн былк эттирбей кармап келгени үчүн кечээги парткомдорго милдеттүү.
Шаханов. Коомдогу оргу-баргы эр мүнөздүү аялдар менен майдачыл келген аял мүнөздүү эркектердин проблемасы болочок келинчектердин тарбиясында да зор таасирин тийгизип жатты.
Мен мектепте окуп жүргөн кезде эркек мугалимдер басымдуу эле. Ошолордун айрымдарынын кылык жоруктарын туурадык, баскан-турганына суктанып, жакшы жактарын үйрөндүк. Ошолордой болууга да аракеттендик. Кыскасы, кээ бирөөнү өзүбүзгө идеал тутуп өстүк.
Айтматов. Совет доорунун соңку он беш, жыйырма жылдай аралыгында, мектептерде, жогорку окуу жайларында мугалимдер окутуучулар арасында кыз-келиндердин саны айрыкча өстү. Азыркы муундар балдар-бакчасында, мектептерде, жогорку окуу жайларында да кыз-келиндердин тарбиясында өсүп эр жетип келет. Эркектин тарбиясын тыңгылыктуу албаган өспүрүм устаттарына ыктап, аялга окшош болуп чыкпаганда кантет.