Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



И вот, через сотни лет,
Обуреваемый страстями,
Измученный от потери крови,
От утраты
Собственно совести и чести,
Порой бессердечный,
Порой безнравственный,
Но технически гениальный,
Похожий на черную ночь,
В темных очках,
В облике гордого мужчины
Навстречу нам
Уверенно шагает
Всесильный и всемогущий
ХХI век.
О боже,
Что стало с ним?
Как будто глаз его
На месте нет.
Говорят, они опустились
У него ниже пояса,
А возможно,
И в тугой карман.
Поэт из далекого столетия,
Чтобы осознать
И оценить любовь,
Предлагает смотреть
Его глазами
И в глаза человеку.
Как теперь быть?
И куда нам смотреть ?..
Не знаю,
И это — страшно.
Повернуть нельзя,
Но хочетьея назад.
Жалко дочку мою,
Если не вернет ХХI век
На место
Свои глаза.

Айтматов. Ооба, ХХ кылым адамзатты эки чоң дүйнөлүк согуш менен удаа-удаа кан төгүүлөргө, ядролук жарылуулар менен жер силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий-техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок, ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген руханий байлыктын эң башкысы адамгерчилик касиеттердин бөксөрүшүнө, тиричиликти азып-тозуп жакырдануусунан аман сактап келаткан улуу махабат сезиминин тайыздалышына бүлүндүргүч, адепсиз кылыктардын мазактоосуна айланып алсызданышына жол берди. Менимче бул — адамзат коомуна ядролук согуштан кийинки өтө кооптуу жагдайы ушул.

Анда эмесе «Бешинчи эркек» аттуу ырыңды окуганың оң болор. Сенин бул чыгармаң учурунда мага айрыкча таасир берген. Ошону менен бүгүнкү маегибиздин соңуна да чыгарбыз.

Шаханов.

Намыс туусу желбиреген өрүндө,
Эли дагы эрдик ишке каныктыр.
Отырарда,
Менин туулган жеримде
Момундай бир уламыш кеп калыптыр.

Жалынынан кетүүчүдөй таш жибип,
Өнөрүнөн башка эрмеги болбоптур.
Адил, ачык жаш жигит,
Эл ырысын талап аткан,
Баскан жоодон, алааматтан,
Тууган жерин жанын таштап коргоптур.
Мен сыйлаган уул болсоң сен эгер, —
деп кубанып сөз айтыптыр Жер-Эне.
— Мындан бийик болуш үчүн мөөрөйүң,
Уулум, сага үч байлыкты тартуу кылып көрөйүн.
Нысап керек дөөлөткө да, бакка да,
Бирин танда тек гана:
Ар бир сөзү салмактуу,
Оюу канча тармактуу,
Керемети,
Азабы да арашан,
Журттан өткөн
АКЫЛ берем кааласаң?
Кызыккандар көп болушуп чачындан,
Көргөн адам кете албаган кашындан,
Кызганышар келбетиңди, ана шам,
Элден өткөн КӨРК берейин кааласаң?
Унуттуруп дүнүйөнүн тардыгын,
Бүтүн ийги жакшылардын бардыгын,
Бекем байлап ынтымактын боосуна,
Касың дагы айланмакчы досуңа,
Күнү-түнү токтобогон тамашаң
ЖООМАРТ мүнөз берейин, же кааласаң?

Анда жигит мындай дептир:
— О, сыймыктуу Мекеним,
Бул алаамат сыйлыгынды кандай өтөөр экемин?!
Өз нугунан ашып чыгып, куюулуучу сайларга,
Ээн-эркин агып барып, алыс-алыс жайларга,
Жайыктарды жайпап чайып, ой-чуңкурун ээлеген
Азоо, тентек жаздагы өзөн сыяктуумун кээде мен.
Шашкалак доор ийиниме оор жүгүн артабы,
Кең пейилим,
Бейгамдыгым,
Осолдугум бар дагы.
Өзүмө-өзүм табышмакмын,
Бир күн сөзсүз от басам,
Мага ишенип
кечиримдүү кароочу көз таппасам.
Кайда ал көз?
Канча үмүттүн жалын куру кармадым,
Акыл-оюм,
Таним,
Каным,
Чыгымдалсын бар малым.
Өзүң айткан үч байлыкты көөдөнүнө жыйнаган,
Бир асыл жар жолуктурсаң болбос эле арманым.
Кана, кимдин бак жылдызы жанар экен оңунан?
Ал эр жигит арман кылган айдай жардын соңунан.
Сан миң эркек кууп келет али да,
Колу жетпей ак үмүттүн жалына.
БИРИНЧИНИН мүмкүндүгү алда канча көп эле,
Жоомарт, адил жигит болчу,
бардык жактан төп эле.
Бирок аны жигерсиздик бөгөдү.
ЭКИНЧИНИ чыдамсыздык адаштырды жолунан,
Анан кантсин, башка аялдын кармай салды колунан.
ҮЧҮНЧҮ эркек кайраттуу да, өктөм эле жоболоң,
Кара күчкө көп ишенип, назиктиги жоголгон.
Назиктигин жоготкон жан
Кыштагы
Терекке окшош жалбырагы тонолгон.
ТӨРТҮНЧҮ эркек керек кезде тобокелге барбады,
Андыктан да ат башындай арманы.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>