Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Кечир, балам, саган ачтым сырымды,
Жакын көрүп айттым асыл чынымды.
Сен өзгөчө сыйлуу жансың кызыма,
Сыйлаганы —жатка билет ырынды.
Сага тааныш кыз көңүлү гүлназик,
Жеңе албаспыз ачуу менен: «Ур да жык!»
Суранамын,
Ал бактысыз шордууга,
Берсең боло ойго салар ыр жазып».
Айтты да анан чыгып кетти коштошуп,
Кагып койгон ок казыкка окшошуп,
Каттым,
Калдым эс ачыл.
Көз алдыман кетпей койду мундуу эне,
Көз алдыман кетпей койду эки ашык.
Басылбаган ый-зарлар көп көңүлдө,
Жазылбаган мыйзамдар көп өмүрдө.
Ашык жүрөк өз тагдырын өзү туура чечээри,
Буга далил кудуреттүү «Корлан» ыры кечээги.
Кесепеттүү саат жетип, кыйнаганда кесели,
Кайран Эстай, кыйбас досун чакырып,
Мындай дептир, эсеби:
— «Эй, Нурлыбек, береним!
Жетимиш эки жашымда,
Тузагына илиндирди мени өлүм,
Тагдыр ушу, жазганына көнөмүн.
Тирүүлүктө көп көрсөттүң жардамды,
Өлгөн соң да керек болор көмөгүң.
Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл,
Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл.
Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр,
А калганы жай күндөр.
Кайгым менин арбыныраак көп эсе,
Бактым менен азабымды теңесе.
Элүү бир жыл ашык болдум Корланга.
Элүү бир жыл өмүр сүрдүм эмесе.
Корлан үчүн бак жылдызым жанганбы?
Корланды ойлоп тостум канча тандарды.
Кана, мендей, ашыктыктан бакыт таап,
Кана, мендей, азап тарткан жан барбы?
Аттиң, тагдыр кошо албадым,
Шорум да!
Заман жылан,
Жатып алды жолумда.
Корлан берген алтын шакек жаркырап,
Элүү бир жыл жарык чачты колумда.
Толкундарга каршы жүрүп, төрт бөлүп,
Сүзгөн кеме мен болупмун көрк берип.
Бул шакекке элүү бир жыл аялым,
Кызганычтуу карап келди өрттөнүп.
Айт, чалдарга
Акылдашып көрүшсүн.
Каршылашпай көнүшсүн!
Корланымдын көзү болгон шакекти,
Өтүнөмүн,
Өзүм менен көмүшсүн.
Жаштык кана?
Жашыл майсаң өр кана?
Ашык болуп өлсөм айып көрбө да.
Тирүү кезде кубат берген бул шакек,
Жарык чачып жатсын мага көрдө да!»
Эл арасын кайрап ар кыл сөз жүрдү.
Мына ошентип кайран акын көз жумду.
Бул аңыз кеп Корланды да ойлонтту:
«Көк жалымдын орду кайра толмокбу!
Эгер андай кылбаса,
Эстай Эстай болмокбу?!
Эстай Эстай болмокбу?!
Ажал — улук, кандай айла кылайын,
Өз абийири жолдош болсун ылайым.
Дини мыкты, дили сулуу балаңа,
Сулуу өлүм тартуулапсың Кудайым!» —
Деп ыйлаптыр кемпир байкуш кемшендеп,
Ак жоолугу Ай нуруна желпилдеп.
Ашык жүрөк картайганга көнөрбү?
Корлан өзү кийинирээк кыл тамактан өлөрдө,
Жанары жашка чыланып, тирелип,
Күйөөсүн сыртка чыгарып жиберип,
Өткөнүн зерттеп эсине,
Бой жеткен небересине,
Эстайдын ырын ырдатып,
Жараткан өзүн жар кылып,
Жанарын чоктой жандырып,
«Бактылуумун, бактылуумун», — дептир да,
Көз жумуптур маңгилик.
Махабаттын жолу даван, а чокусу
арча бак.
Эл чарчаса ашыктыктын жоктугунан чарчамак.
Ашык ыры — тирүүлүктүн көкөй кести өлөңү,
Эч бир геометрия менен
Өлчөнбөгөн көлөмү.
Махабаттын адамзатка чексиз-кунсуз берери,
Сүйө билүү — эрдикке тең себеби.
Эссиз сезим жылкы сымал кишенеп,
Тирүүлүктүн чидерине түшө элек.
Ашык болуу келсе кимдин колунан,
Аалам ага ишенет.
Энекем ай,
Анда неге ашыктарды түрткүлөйбүз капканга,
Жүрөгүндө Күнү жоктордон,
Намысында бүрү жоктордон,
Эл ансыз да азап чегип жатканда.
Энекем ай,
Жанарыңды көз жашыңа булгаба,
Жабыр тартып жаздыгыңдан кулаба.
Мүмкүн, жолу саатсыз чыгаар…
Бирок сүйүү бакыты
Туш келгенге тартылбаган шыбага.
Энекем ай,
Мээр чөбүн ыроологон кийикке,
Зам-зам суусун канышынча жуткуруп.
Нагыз бакыт жапызда эмес — бийикте,
Бийиктикти багындыруу мыктылык.
Кел, эмесе, ошол эки ашыкка,
Тост айталык ордубуздан тик туруп.
Асманы ачык болсун деп,
Шооласын алыска чачып калсын деп,
Өлүм да бөлө албас ашык болсун деп.
Адамдар аларды соттоого
Ашыкпасын деп!*
* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>