Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Ар барган сайын ага да жолугуп, көңүлүн көтөрүп, ал жайын сурап турдум. Жүдөп, азып калыптыр. Көп узабай түбөлүк жайга кетти.

Бара-бара Бүбүсара да ал-күчтөн тая берди. Ордунан турууга да алы келбейт. Акырында абалы бир топ оордоп калган соң, Бүбүсараны Бишкектин ооруканасына которду. Иште да чыдап олтура албай, сар-санаа болуп, утур-утуру оорукананы айланчыктайм. Тагдырдын катаал өкүмүнө аргасыздан моюн сунуп жатса да, мен кирип келгенде, Бүбүсаранын нуру өчкөн жамалына билинээр билинбес жылмаюу пайда боло калаар эле. Балким, жанын кемирип мүлжүгөн мындай оор дартты мага сездиргиси келбегени, дегеле ушул кейибесинчи деп, мени аяганы болсо керек…

Акыры 1973-жылы бугу (май) айынын 11де Бүбүсара түбөлүк көз жумду.

Шаханов. Опера жана балет театрындагы азалуу жыйындагы маркум менен коштошуу учурунда, Сизди кунунан-куну чыгып, өзүн-өзү кармай албай, таза бир ботодой боздоп ыйлады дейт көргөндөр. Такыр эле чыдамы түгөнгөн ошол кездеги республиканын жетекчилеринин бири:

«Ой, тигиге бирөөң барып, бир кой деп койсоңорчу!» — деп айланасындагыларды жекирген экен. Деги кырк жыл бою бирге турмуш курган аялы өлсө да, көзүнөн бир бүдүр таруудай тамчы жаш чыгарбаган кээ бирөөлөргө, балким, сиздин мындай жоругуңуз такыр эле ыксыз, өөн көрүнгөн чыгар. Тоталитардык түзүлүштүн учурунда атак-даңкыңыз, кызматыңыз, үй-бүлөңүз, парт билетиңиздин бар экенине карабай, бир гана жан дүйнөңүздөгү болгон кайгыны сыртка чыгарып, эт-бетиңизден кетип, булардын баарын эч кимден жаап жашырбагандыгыңызга караганда, оңой сезим эмес экени сезилип турат.

Өз ара сырдаша калганыбызда кыргыздын залкар акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сүйүнбай Эралиевдин ушул азалуу жыйын жөнүндө минтип айтканы эсимде калыптыр.

«Бүбүсара — көркүнө акыл-эси, дүйнө таанымы шай, кыргыз кызына таандык асыл мүнөздөр тал чыбыктай буралган келбетине бүткөн, маңдайы жарык өзгөчө бир алпейим жан эле. Учурунда башка акындардай мен да ага ыр арнап жазгам. Анын каза болушу мүлдө кыргыз журтунун кабыргасын кайыштырды. Адабият менен искусство ишмерлеринин арасында дүрт этип алоолоп жанган от көңүлдөн сырткары калмак беле? Чыңгыз экөөнүн ортосунда узак жылдар бою үзүлбөй келаткан улуу махабат, мөлтүр сезим бар экенин алдыртан сезип жүргөнбүз. Бүбүсараны акыркы сапарга узатаар азалуу жыйынга Чыңгыздын эки көзү көнөктөй болуп шишип, башынан аягына дейре кара кийимчен келди. Айрымдар анын мындай мамилесин такыр эле ыксыз көрүп, «аялы, бала-чакасы туруп, мунусу эмнеси» дешип, күбүр-шыбыр ушактын кызыл жалынын соймоңдотуп жатышты. А мен өзүм болсо: «Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү» деп, төбөм көккө жетип турду».

Айтматов. Сүкөңдүн көңүлүнө ырахмат. Ооба, Бүбүсарадан айрылуу — мен үчүн жарым өмүрүмдү жоготуу менен барабар экенин өзгөлөр кайдан билсин.

Шаханов. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгынын алдында кыргыз искусствосундагы бедиз (скульптура) жанрынын кайталангыс чебери Тургунбай Садыковдун Бишкек шаарынын көрктүү бир аянтына орноткон «Эл куту» аттуу алп монументи зор салтанат менен ачылды. Бул атпай кыргыз калкынын турмушуна, искусствосу менен адабиятына, илимине орошон эмгеги сиңген азаттыкка жан аянбастан күчүн үрөгөн залкарларды кыраандын кош канатына кондуруп элестерин чегерген, көргөндүн көңүлүнөн түнөк табаар ажайып бир эстелик.

Ошол кыраандын оң канатында терең ойго чөмүлүп Сиз турасыз да, ал эми сол канатында искусство асманында Айчүрөктөй ак куу болуп учуп өткөн Бүбүсара Бейшеналиеванын сулуу келбети…

Кокустукпу же бедизчинин (скульптордун) табылгасыбы, айтор бул тирүүлүктө тагдырларынын боосун бири-бирине ыроолой албаган махабаттын мажнундары мында да жанаша тура албай, өздөрү чексиз суктанган кыргыздын улуу тоолоруна, учу-кыйырсыз талааларына, мөлтүрөгөн көлүнө күңгөй-тескейинен серепчилей көз салышат…

Республиканын маданий турмушунда зор окуя болгон эстеликтин ачылыш салтанатында жаныңызда турдум. Баамдаганым жезден бүткөн бедизди (скульптураны) үңүлө аяр тигилип, үнсүз толкундана узакка тунжурап туруп калдыңыз…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>