Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



«Менин жарым неге ушундай эмес?» деген собол ар кимисинин көкүрөгүндө турду. Экөөнүн тең эки-үчтөн балдары бар. «Кудай ай, мен бойдок кезде кайда элең!» деп ичтеринен сызып, бармактарын тиштейт. Ушул экөөсүнүн бир-бирине болгон арзуу, ашыктык сезимин күнөөлөй алабызбы?

Айтматов. Сенин бул сурооңо мен учурунда Жамийланын образы аркылуу жооп берүүгө аракеттендим эле. Ооба, руханий теңсиздиктен, тагдыр кошкон адамыңдан өз оюң менен сезимиңдин жалбырттаган от болуп жанышын сезе албагандан өткөн азап жоктур.

Шаханов. Жаш кезимде бир кыздын күндөлүгүнөн мындай саптарды окуганым бар. «Эгер өзүңдү кадырлаган эркек бара-бара сага болгон мамилесин суутса, күнөөнүн бир чети өзүңдө экенин унутпа!»

Толук кандуу чыныгы аял болуу — чоң өнөр. Өнөр гана эмес, жөн эле бир караганга баш аягы көрүнө бербес илим. Өзүң ашык болгон, ишеним арткан эркектин кайгы-кубанычын, жеңилишин, жеңишин, маңдайындагы багы менен шорун бөлүшүүдөн бөлөк ар аялдын жеке-жетинчи түйшүгү менен сезе турган милдеттери бар. Ал кайсы милдет? Сүйө билүү бар да, сүйдүрө билүү бар. Сыйлай билүү бар да, сыйлата билүү бар. Кээде аялдар тарабынан мындай таарыныч утуру-утуру айтылат: «Мен аны жанымдай сүйөм. Эмнеге ал мага ошол сезимдин деңгээлинде жооп кайтарбайт?»

Аял болуп жаралган экенсиң — тагдырыңа алкыш айт. Арийне сен эркектен назиктигиң, жумшактыгын, мээримдүүлүгүң, сезимталдыгын, кечиримдүүлүгүң дагы ага караганда, алда канча алсыздыгың менен өзгөчөлөнөсүң. Ары бул кемчилигиң эмес, жетишкендигиң болуп эсептелет. Эркектердин коому дайыма алгачкы жолду аялга берет, аялды колдоп, коргоону өзүнө жазылбаган, бирок аткарууга тийиштүү мыйзам иретинде кабыл алат. Ошондуктан да аял болуп сулуу болбоого, адамзат коомунун элегинен өткөн руханий байлыкты, өзүң туулган калктын салт-санаасын, үрп-адатын, акылмандыгын бойго сиңирбөөгө акың жок. Сенин жүрүш-турушуң, күлгөнүң, тамашалаганын, ойлонгонуң, кубанганың, муңайганың, кайгырганың, кийингениң, жакындарың менен, эл менен карым-катнашың — баары-баарысында, ал турмак чектен чыга ачууланганыңдын өзүндө улуттук аялдын маданиятына таандык сулуулук, назиктик жатышы шарт. Өзүңө ашык адамдын ыкыласын, сый-урматын, сагынычын басаңдатпай кармай билиш үчүн тынымсыз изденүү үстүндө жүрүшүң зарыл. Арийне, чыныгы типтеги аял деңгээлине жетүү айтууга гана оңой, болбосо, анын азаптуу түйшүгү бар. Бирок ошол азаптуу изденүүдөн гана бакытка баштаар жол табылышы мүмкүн. Анткени, ар бир иш-аракетиңдин издери бар. Мына чыныгы аял болуунун кыйындыгы. Антпесе кыздын кийимин кийип, сөйкөсүн, түрдүү чачбактарын тагынып, миң сырдуу тиричиликтин маани-мазмунуна, эң бери дегенде карапайым аял табийгатынын кээ бир көзгө көрүнүп турган өзгөчөлүктөрүнө баш ооруткусу келбегендер азбы? Чынында бала-чакалуу болуш үчүн көп деле акыл керек эмес. Өзүнө караганда өзгөгө күнөөнү арта салгандар, адатта ошол ачык этектүүлөрдүн арасынан чыгат.

Бирок кудайга шүгүр, улуу аялдар бар. Алардын көпчүлүгү өкүнүчкө жараша, алтын менен жезди ажырата албагандарга туш болуп жатышат.

Бир жолу Евгений Евтушеңко экөөбүз сырдашып олтуруп: «Мухтар, менимче аялдар эркектерге караганда махабатка алда канча туруктуу. Алар чындап сүйбөсүн, сүйсө бүттү, дүйнө астын-үстүн болуп төңкөрүлүп кетсе да, эч нерсеге карабайт. Ал эми биз — эркектер өмүрүбүздү өткөргөн айлана-чөйрөбүздүн көз карашына көбүрөөк ыктайбыз, ойлонобуз, коомдук пикирдин жагдайын аңдайбыз. Кантсе да чоң махабатка деген адалдык, арийне пайыздык жагынан алаар болсок, аялзатында басымдуу», — деп сырын айтканы бар эле.

Айтматов. Анын бул пикирине мен да кошуламын.

Шаханов. Эмесе, мен да жогоруда айткан оюмду ыр менен бекемдөөгө тырышайын.

ЭВЕРЕСТКЕ ЧЫГУУ
Аска-мизи илбесин,
Асманга тең, чамалуу.
Эверестке чыккандардын тизмеси
Манжа менен саналуу.
Махабат да зоо сыяктуу,
Күн жакындап кашына,
Булут конгон ташына
Жалаң кыраан эрлер гана чыга алмакчы башына.
Баары бүттү,
Кыйрайт үмүт добул урган кайыңча,
Эл күлбөйбү артты көздөй коркуп качып бой урса?!
Өзүн-өзү өлтүрүүгө тийиштүү эле Транзей,


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>