Ал жөнүндө ойлобогон жазыгың.
Татыктуурак тандабаган ортогун
Башыңа бак конбойбу деп коркомун.
Башыңа бак конбосо,
Атасынын эсеби дал, төп чыгып,
Кыздын жолу болбоптур дейт көпчүлүк…
Ойлон, жоош жан издеген, жар издеген жаш талап,
Турмуш сенин күткөнүңдөн алда канча башкараак.
Эркек сулуу көрүнбөйбү эркинен,
Эркиндиктин нуру ойногон көркүнөн,
Жалгандыкка күрөш ачкан ишинен,
Сүйгөнүнө берген бекем шертинен,
Ошол шертти коргой билген күчүнөн?
Ойлуу ааламдын аялдарсыз күнү барбы көктөгөн,
Антсе да мен аялга окшош эркектерди жек көрөм.
Эркектерге ээликкен аялдын да аз табары,
Анык чындык элине
Ар бир жыныс өз мүнөзүн сактоо менен жагары.
Жигит, жигит саналабы бугуп жүрсө ал дайым,
Өз пикири жок эркектен коркуу керек ар дайым.
Канаттууну артка тартып учурбай,
Өзү учалбайт көктүн жалтак кушундай —
Өз пикири жок эркектер ушундай.
О, токтолбойт эркектердин,
телпектердин жарышы,
Ойлон, эркем, эркекти эркек көрсөткөн ал — намысы.
Ооба, ар-намыстын курмандыгы
Аз болбоптур, кайралуу али адилеттин балтасы.
Жердин аман тургандыгы —
Ал намыскөй эркектердин аркасы.
Дайым нурлуу үмүт сээп алдыбыздан таң атсын.
Кайгы келсе жеңилбеген,
Бакты келсе семирбеген,
Эрдик кылып чегинбеген
Эркектердин даңкы артсын!
Сенин болсо, карагым, турбайт эч ким жолуңда,
Өз тагдырың, албетте, өз колуңда.
Баканын да үнүнө бап багы бар,
Издегениң чобур болсо, табылаар.
Анык бакыт туягы менен тулпардын,
Кыялы менен шумкардын
Өлчөнүүчү ушул учкул заманда
Бара-бара бааң кемийт, абайла.
Мен ишенем, чын эркектин алдында,
Кызаруучу күндөр келет саган да.
Ал күндөрдүн кеч келгени жаман да…
* Которгон — Өмурбек Тиллебаев.
Айтматов. Ооба, кандай коомдо өмүр сүрбөсүн, аял менен эркектин үй-тиричилик, дүйнөлүк турмуштагы табигый ордун алмаштыруу тапкычтыкка жатпаса керек. Сулуулукка — кыянатчылык назиктикти уйпалаган чабуул аялдардын физиономиясын бузуп гана тим болгон жок, алардын жароокер мүнөзүнө, жүрүш-турушуна, кылык-жоругуна, сөздөрүнө оңбогондой залалын тийгизди. Тоталитардык эреже аял менен эркек тең укуктуу деген аксиоманы карманып, кыз-келиндерди техниканы өздөштүрүүгө, алп заводдор менен фабрикаларда станок башына, тайганын ак кар, көк муз жамынган аймактарына майышпас эркин сынап, комсомолдук жолдомо аркылуу эмгектенүүгө чакырды. Жардай трактордун рулунда эбелектей болуп олтурган аялдардын сүрөттөрү мезгилдүү басма сөз бетин бербей басыла турган.
Ооба, эркек менен аялга бирдей мамиле жасап, бирдей карагандык ошол учурдун мыйзамдаштырылган жаңылыштыгы эле.
Шаханов. 1960-жылдардын башталышында Казакстанда Семей областындагы Чубар-Тоо районунун комсомол жаштары демилге көтөрүп, республикадагы мектептердин жалпы бүтүрүүчүлөрүн жабыла мал чарбасында калып эмгектенүүгө чакырып, үндөө кабыл алышты. Чымкент областтык газетинде корректор болуп иштеп жүргөн кезим. Үндөөнү колдоп, мал чарбачылыгына барабыз дешкен бир мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ой-максаттарын чагылдырып макала да жазгамын.
Областтык чыгармачылык жаштар клубун ачууга демилгечи да болгон жайым бар. Ушул кезде шаарыбызга Габит Мүсүрепов келе калды. Комсомолдун областтык комитетинин катчысы экөөбүз классик жазуучуга барып саламдаштык. Ал жайды сурашкан соң:
— Кош, эмне жаңылык бар? — деп Габең сурап калбаспы. Обком катчысы тың жигит эле:
— Областта чубар-тоолуктардын үндөөсүн колдоп, мектептин бүтүрүүчүлөрү комсомолдук жолдомо аркылуу түз эле мал чарбачылыгында калып эмгектенүүгө камданып жатышат. Мунун теңинен көбү кыздар, — деди. Ошол кезде Габең (кексе адам эле го) кабагын чытып:
— Мүйүзүңөр чыкса, эмдигиче чыгат эле го, ата-бабаңардан бери кой багып келатасыңар. Ал эми кыздарга эркектин оор түйшүгүн арта салуу биздин коомдун барып турган арсыздыгы, — деп жактырбай карады.