Өмүрүбүздө өчпөс элес калтырган аялдар, же эки калемгердин делбиримдери жөнүндөгү поэзия кечеси.



Шаханов. Кыргызстанга элчи болуп келген жылы Эл аралык «Руханият» борбору Токтогул атындагы мамлекеттик филармониянын чоң залында менин автордук кечемди өткөрдү. Кеченин соңунда толугунан келген орто жаштагы бир аял жылуу жүз менен амандашып:

— Мухтар тирегим, мени тааныбаган чыгарсың, Керез жеңең болом. Өзүңдүн Чыңгыз агаңдын…деп мукактанып калды.

Бул кишини мурда көрүп жүрбөгөн соң, алгач бир аз ыңгайсыздана түштүм.

— Кыргыз менен казактын арасын жакындаштырууга агаң көп эмгек сиңирген. Ошол салтты эми өзүң улантып жатканыңа ичибизден ыраазы болуп олтурабыз… Ал эми Чыңгыз агаңа келе турган болсок, ал кылымда бир гана жарала турган алп талант го. Аны менен бирге өткөргөн күндөрүм өмүрүмдүн эң бир бактылуу жылдары экен, — деди көңүлү эргип…

Айтматов. Ырахмат! Эч кимге айтыла элек ушул ички сырыбыздын уюткусу ирээтинде маанисиз үч миң жыл өмүр сүрүүдөн үч жыл махабат менен өмүр кечирүү алда канча артык экенин сүрөттөгөн балладаңды окучу?

Шаханов. Түшүнгөн адамды бул ыр терең ойго салат.

ӨМҮР

Өмүр кыска деп кейийсин, досум ай!
Мындан миллион кылым мурун,
Күн да жерге тең чачып кызыл нурун,
Бейпил, тыптынч тиричиликтин кучагында күлүптүр,
Анда адамдар үч миң жылга чейин өмүр сүрүптүр.
Сан кылымдар өңүрүнө ой кеткен,
Узак өмүр,
Узак өмүр ой неткен!
Жашы качан жети жүзгө жеткенде
Ууз наристе саналыптыр, бой жеткен.
Ал ортодо бойго жеткен күдүккө,
Сөз айтууга уруксат жок үмүткө.
Жети жүзгө жашы жетпей
(Шарт ошол)
Үйлөнүүгө уруксат жок жигитке.
Бир окуя болду бир күн күтпөгөн…
Бир кыз-жигит ашыктыктан түтпөгөн,
Кошуп жүрөк илебин,
Кошуп арзуу тилегин,
Тил бүтүрөр сезим менен ташка да,
От сезимди теңеп бийик аскага,
Жашы жүзгө жетпей жатып,
Бир-бирине ашык болду
Маскара!
Күндөн-күнгө күүгө келип арманы,
Бул не балээ салт-санааны чанганы?!
Туулбай жатып туйлаганы кандай деп,
Журт жакасын кармады.
Ал жигиттин атасы айтты:
— Ит болдуң го жакшы атакка туубаган,
Элден кайда качмаксың сен чуу балам.
Дитиң барып кантип салтты бузасың,
Деп кайгырып чыгарды бар ызасын —
Жетер кайгы сыйга бердиң өлгөнчө,
Өлгөн жакшы бул кордукту көргөнчө.
Акылга кел,
Үйлөнбөстөн коё тур,
Эч болбосо алты жүзгө келгенче.
Эл талабын аяк асты төшөнбө,
Той көп болор али сенин көчөңдө,
Беш жүз жыл күт,
Андан кийин уруксат
Он беш кызды кабат алам десең да!
Жигит өксүй муңун төктү:
— Болбойт эч,
Бул айтканың акылыма конбойт эч.
Ташка урсаң да мына бейбак маңдайды,
Аруу сүйүүм — асыл арман, ал —кайгы.
Туюкталса перзентиндин арманы,
Сага түшөр кайгы-муңдун салмагы.
Андан көрө колунду сун, куда түш,
Кыз үйүнө бар дагы.
Бирок ата үн катпады,
Ичтен бирөө шыбырады: баштап ал!
Түгөндү эми башка амал.
Жаңылыкка көздөр көп го октолор,
Бой көрсөттү тушоо менен ноктолор,
Коргоо, колдоо көрбөгөн соң эч кимден
Кол кармашып тоого качып кетти алар.
Бул окуя чар тарапка жайылды,
Динчил колдор катаалдыкка байырбы?
Эки ашыкты издеп таап алды да,
Бир-биринен айырды.
Бир заматта байтак асман тар болуп,
Көңүлүнө ызгаар конуп, кар конуп
Күнү-түнү эңгиреди экөө тең,
Каш-кагымга көрүшүүгө зар болуп.
Эки ашыктын алоолонуп илеби,
Тагдырынан мындай тилек тиледи:
— «Качан болсо арка белең,
О, Жер-Энем, даркан энем,
Уул керекпи саган мыкты?
Өзгөрт анда чабалдыкты.
Сен үчүн бул кыйын эмес анчалык,
Ымтырлыкта кырсык жатат канчалык.
Биз бул узак мааниси жок өмүрдүн,
Ич бышырган мүнөзүнөн чарчадык.
Кантип тирлик кечирет журт шанданбай,
Толкунданбай,
Ташкындабай,
Таңданбай.
Махабатсыз өткөн күндүн баары изсиз,
Сууга жазган тамгадай.
Жүрсөк мейли кай белесте,
Айдөштө,
Сагынычта аткан тандын баары эсте.
Мааниси жок үч миң жылдан
Маңыз менен,
Жандуу өткөн,


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Кийинки >>